Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасына жакын Карамык айылы
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн мамлекеттик комиссиясынын жетекчилери катары 5-июнда биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Алардын билдирүүсүнүн тексти өкмөттүн сайтында жарыяланды.
“2021-жылдын 5-июнунда мамлекеттик чек аранын “Карамык” тилкесинин 12/9 чекитинде тараптардын Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек арасынын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияларынын жумушчу жолугушуусу өттү. Тараптар аталган чекитте жаралган кырдаал тынчтык жолу менен чечилгенин кабарлашат”, - деп айтылат анда.
Ташиев менен Ятимов соңунда төмөнкүдөй мазмундагы протоколго кол коюшту.
- Чек ара постторун ар бир тарап өзүнүн аймагына карай 3 километрге жылдыруу;
- Аскерлерди, аскердик жабдууларды өздөрүнүн ар дайым жайгашкан жерине кайтаруу, чек ара топторунун штаттык бөлүмүн гана калтыруу;
- Ушул тилкедеги жайыттарды пайдалануу боюнча чечим кабыл алынды;
- Мамлекеттик чек арадагы бардык аракеттер эки тараптын төрагаларынын алдын ала макулдашуусу менен жасалышы керек;
- Тараптардын чек ара кызматкерлери жүрүм-турум линиясын сакташы керек;
- Массалык маалымдоо каражаттарына мурда кол коюлган протоколдордун алкагында, эки тараптан макулдашылган маалыматтарды гана берүү;
- Топографиялык жумушчу топтордун жетекчилерине Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы №12\2 чекитинен №12\9 чейинки аралыкты кыска мөөнөттө тактоону аяктоо тапшырмасы берилди;
- Тараптар чек ара аймактарындагы калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- Тараптар ушул протоколдун пункттарын катуу сактоону макулдашты;
Протоколго Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кол койгон. Алар 5-июнда кыргыз-тажик чек арасынын нейтралдуу аймагында кездешти.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 5-июнда жергиликтүү тургундар менен жолугушуп жатып Бишкектен Чоң-Алайга учуп баратып кырсыкка кабылган экинчи тик учактын жагдайы тууралуу маалымат берди.
Ал борбордон эки тик учак менен чыгышканын, экинчиси тоолордун ортосунда катуу шамалга кабылып, көтөрүлө албай, авариялык конуу жасаганын маалымдады. Ташиев муну “кокустук” деп атады.
4-июнда Коргоо министрлигине караштуу "МИ-8 МТ" тик учагы Ош облусуна караштуу Ноокат районунда авариялык конуу жасаган. Тик учакта 15 адам болгон. Алардын үчөө ар кандай деңгээлде жараат алган. Жабыркагандар "Тез жардам" менен Ош облустук бириктирилген ооруканасына жөнөтүлгөн.
Коргоо министрлигинин маалымат кызматы бул факт боюнча кызматтык иликтөө башталганын маалымдаган.
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы азыркы учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирет. Органдын билдирмеси президенттин сайтында жазылды.
Маалыматта айтылгандай, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул багытта тартылган күч органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялап жатат.
“Чек арадагы кырдаал көзөмөлдө, тартылган мамлекеттик органдар абалды күнү-түнү байкап турат. Чек арадагы кырдаал боюнча жарандардан келип жаткан көптөгөн кайрылууларга байланыштуу, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы учурда тынчсызданууга негиз жок экенин баса белгилейт. Түзүлгөн кырдаалды бир гана тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечүү боюнча иш-аракеттер улантылууда”, - деп айтылат билдирмеде.
Президент Садыр Жапаров быйыл 8-майда кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын жетекчилигине Марат Иманкулов дайындалган.
Мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы 5-июнь таңкыга карата Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагында абал салыштырмалуу туруктуу экенин маалымдаган.