Баткенде кыргыз-тажик чек арасында болгон соңку каргашада талкаланган үйлөр жана имараттар, үй-жайын таштап чыгууга мажбур болуп, азыр ар кайсы жактарда убактылуу жашап жаткандар маселеси 12-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү.
Депутат Камила Талиева социалдык объектилерди калыбына келтирүү иши солгун жүрүп жатканын белгилеп, буга тендер өткөрүү талабы себеп экенин айтты:
“Иш солгун жүрүп жатат. Үйлөрдү куруу иши башталды. Ал эми социалдык объект болгон мектеп, бала бакча, айыл өкмөт имараты боюнча тендер баштала элек али. Кылычын кармап кыш келатат, 1,5 ай убакыт калды. Ушуну эртелетсеңиздер”.
Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. 10-15-октябрь аралыгындагы жолугушууда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын тактала элек тилкелери боюнча пикир алмашты.
Маалыматта айтылгандай, тараптар кийинки жолугушууну Кыргызстанда өткөрүүнү макулдашты.
Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланып, жашоого жараксыз болуп калган 422 үй урандыдан тазаланды. Бир үй чек ара тилкесинде болгон үчүн тазалоо иштери жүргөн жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бузулган үйлөрдүн басымдуу бөлүгү Баткен районунда (322). Лейлек району боюнча жараксыз болгон 101 турак үй тазаланды.
Министрлик жаңжал учурунда коопсуз аймактарга эвакуация болгондордун 4 миңдейи туруктуу жашап жаткан жайларына келе электигин билдирди.
Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын тактап алыш үчүн Орусияга ортомчулук сурап кайрылганын, орус тарап Советтер Союзунан бери сакталып турган архивдик документтерди изилдеп чыкмай болгонун жана орус президенти Владимир Путин сунушту кабыл алганын 17-октябрда “Биринчи радионун” эфиринде Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров мындай өтүнүч менен орус президенти Владимир Путинге Астанада тажик президенти Эмомали Рахмон үчөө өткөргөн жолугушууда айтты.