Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы айрым чек ара бекеттерин алуу боюнча эки тараптын макулдашуусу тууралуу түшүндүрмө таратты.
25-сентябрда "Кызыл-Бел-автожол" чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК төрагалары жана бир катар тиешелүү мекеме жетекчилери, Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун башчыларынын жолугушуусу өткөн.
"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын УКМК төрагасы генерал-лейтенант К. Ташиев жана Тажикстандын УКМК төрагасы С.Ятимов кыргыз-тажик чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын делегацияларынын жолугушуусунун протоколуна кол коюшту",-деп айтылат расмий маалыматта.
Протоколго ылайык, Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы сегиз чек ара постун алып сала турган болду. Кыргызстан "Тамдык" бекетин алса, Тажикстан тараптан "Бедак" чек ара бекети, кыргыз тараптан "Булак-Башы" жана тажик тараптан "Кех" постторун, кыргыз тараптан "Катта-Туз" жана тажик тараптан "Каракчикум" посттору, Чайхана жерлигиндеги кыргыз тараптын "Ак-Сай" жана Кожалыдагы (Хожаи Аъло) тажик тараптын "Шаршара" бекетин алып салууну жана чек араны коргоо бөлүктөрүнүн эч кандай түрүн койбоону макулдашкан.
УКМК кабарлагандай, кыргыз-тажик чек арасын кайтаруу кыймылдуу чек ара кезметтери менен жүргүзүлөт. Алар чек араны бойлой көрсөтүлгөн жана макулдашылган маршруттар боюнча так жүрөт.
Ал эми эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтерине "Тамдык" - "Бедак", "Булак-Башы" - "Кех" чек ара бекеттери турган жерлерде айдоо иштерин жүргүзүү тапшырылган.
Ошондой эле тараптар жаңжал көп чыккан тилкелерге видеокөзөмөл камераларын орнотууну паритеттик негизде макулдашты.
УКМК кыргыз-тажик чек арасындагы жогоруда аталган бекеттер жайгашкан тилкелерде эл жашабайт деп белгилөөдө.
Чек ара кызматы маалымдагандай, протоколго ылайык биргелешкен жумушчу топтун чек ара аймактарынан кошумча күчтөрдү чыгарып кетүү иши уланат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктарга борбор калаа тургундары тарабынан 26-сентябрга карата жалпы 552 563 сом чогултулуп, жиберилди. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта акчалай каражаттан сырткары 12 357 кг ун, 49 311 кг шекер, 3095 литр өсүмдүк майы жана башка азык-түлүк, гигиеналык жана медициналык каражаттар, дары-дармек, кийим-кече жөнөтүлгөнү айтылды.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 250 млн. сомго чукул каражат чогулган.
Куралдуу жаңжалда чек ара аймагындагы 613 үй, административдик-стратегиялык маанидеги тогуз, социалдык маанидеги 15 объект, 323 сарай, 171 чарбалык курулуштар, бир автоунаа өтчү көпүрө жана 26 автоунаа зыянга учураган. Жарандык коргонуунун жергиликтүү комиссиялары чек арадагы кол салуудан улам Баткен облусуна келтирилген чыгымды эсептөөнү улантууда.
Соцтармактарда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды чечүү тууралуу эки тараптуу протокол тууралуу жалган маалымат тараткандар чек арага мобилизацияланат. Мындай көрсөтмөнү Садыр Жапаров коргоо министрине бергенин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Президент “Кыргызстан чек ара бекеттерин алып салды, жерлерибизди берип салды” деп соцтармактарда жалган, так эмес маалымат тараткан жарандардын баарын “резервдик ротага” мобилизация кылып, Баткенге алып барып курал-жарак берип, аскерлер менен заставаларда делимитация, демаркация иштери бүткөнгө чейин кызмат кылдыргыла” деп тапшырганын жазды Султанбаев.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланган жана зыян тарткан турак жайлардын короолорун тазалап, жаңы имараттарды салуу аракети башталды. Бул тууралуу 26-сентябрда "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы Асан Сулайманов билдирип, Баткен районунун Ак-Сай, Капчыгай айылдарына, Лейлек районун Борбордук жана Максат айылдарына министрликтен төрт тайпа адистер тийиштүү техника менен жөнөтүлгөнүн айтты.