Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 9:00го карата берген маалыматта чек арадагы куралдуу кагылышта 103 адам жараат алган. Алардын ичинен бешөө үйүнөн дарыланууга жиберилген.
Жараат алгандардын басымдуусуна ок жана снаряддын чачырандысы тийгени айтылууда.
Ушул тапта алардын ичинен Баткен облустук аймактык ооруканасында 41 адам, Лейлек райондук ооруканасында 21, Кулунду айыл аймагынын ооруканасында үч, Сүлүктү шаардык ооруканасында алты, Улуттук госпиталда 20, Улуттук хирургия борборунда бир адам, Балдардын республикалык ооруканасында алты бала дарыланууда.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан эвакуацияланган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн Жалал-Абад облусунун аймактарында 13 штаб иш алып барууда.
16-сентябрда Жалал-Абад облусундагы өкүлдүн резервдик фондунан 5 тонна ун, 5 тонна күн карама майы, 3 тонна күрүч, 3 тонна кумшекер Баткенге жиберилди. Мындан сырткары шаар мэриясы жана ыктыярдуу демөөрчүлөр тарабынан да азык-түлүк жыйналууда.
Учурда облустун райондорунда да гуманитардык жардам жыйноочу түйүндөр иштеп жатат. Жалпы чогулган жардам 17-сентябрда түштөн кийин Баткенге жөнөтүлөт.
Баткенге жиберилүүчү жардамга Сузактын Калмак-Кырчын айылындагы Курманбек баатырга арналган Республикалык айтыштын 1 млн. сом байге акчасы да кошулду. 17-сентябрга белгиленген айтыш болбой калды. Чек арадагы жаңжалынан каза болгондорго жана Курманбек Баатырга багышталып куран окулгандан кийин байге фондго бөлүнгөн 1 млн. сомду жана иш-чарага даярдалган азык-түлүктүн баарын Баткенге жөнөтүү чечими кабыл алынды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга байланыштуу бүгүн, 17-сентябрда кайрылуу жасады.
Мамлекет башчы куралдуу чыр-чатакта Мекен чегинде курман болгон адамдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ал маркумдар бүткүл Кыргызстандын сыймыктуу уул-кыздарына айланганын белгилеген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы Тажикстан тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы чек арачылардын позициясын аткылаганын маалымдады.
Тажикстан тарап бул тууралуу расмий маалымат бере элек.
Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан тарап 17-сентябрда бир нече жолу Баткендеги Паскы-Арык жана Достук айылдарын аткылаганын, муну менен 16-сентябрдагы сүйлөшүүлөрдө ок атууну токтотуу тууралуу макулдашууларды бузганын маалымдады.