Кыргызстандын Чек ара кызматы 17 сентябрь, саат 8:00гө карата чек арадагы абал чыңалган бойдон экенин билдирди. Ага ылайык, түн тынч өтүп, эч кандай ок атышуулар болгон жок. Маалыматта Чек ара кызматынын өздүк курамы чек ара аймагында күчөтүлгөн режимде иш алып барууну улантары айтылат.
Улуттук коосуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы 17-сентябрь, жетишилген макулдашууларды бузуу менен тажик тарап 8:50дө Баткен районундагы Паскы-Арык айылы тарапка ок чыгарган. Минемот менен аткылоо беш мүнөттөй созулган.
Маалыматка ылайык, 9:00га карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курч бойдон калууда.
Чек ара кызматынын Баткен облусунун Баткендеги курамы аймактагы кырдаалды турукташтыруу чараларын көрүп жатканы кабарланды.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган Баткен облусуна жана кагылыштан улам аргасыз жер которгон адамдарга гуманитардык жардам чогултуу, жөнөтүү уланууда. Акчалай жардам бергиси келгендер үчүн атайын эсеп ачылган.
Кыргыз-тажик чек арасында өткөн түн тынч өттү. Бирок Улуттук коопсуздук комитети абалды курч катары сыпаттап жатат. Эки тарап сүйлөшүүлөрдү улантарын кабарлоодо. Чек арадагы соңку кырдаал жөнүндө Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Азаттыкка" учкай маек курду.