Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон чек арада ок атышууну токтотууну жана куралдуу күчтөрдү артка кайтарууну макулдашты. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматта ошондой эле эки өлкөнүн - Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Саймумин Ятимов чек арада иштээри, куралдуу жаңжалдын себептерин иликтөөчү комиссия түзүлөрү тууралуу да жазылган.
Лейлек районундагы Достук айылынын тургуну Малик Маннанов “Азаттык” радиосуна 14 жаштагы кызы чек арадагы куралдуу кагылышууда каза болгонун ырастады. Маалыматты расмий органдар тактай элек.
“Так билбейм, таңкы саат 8ден өткөндө качып бараткан маалда болду. Снаряддан болду. Оорукана, "Тез жардам" кайда экенин билбейбиз. Баары качып жүрөт. Маргунга келип жерге бердим кызымды”, - деди атасы.
Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) баш катчысы Багдад Амреев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышууларга кабатырлыгын билдирди.
Баш катчы билдирүүсүндө тараптарды ок атышууну токтотууга жана чатакты тынч сүйлөшүп, дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында абал саат 18:30га карата чыңалган бойдон турганын маалымдады. Мекеме Тажикстан ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууну бузуп Лейлектин Кулунду жана Жаңы Жердеги калктуу конуштарды кайрадан аткылап жатканын кабарлап “тажик тарап Баткен районунда ракеталык системаны колдонду” деп айыптады.
Азырынча Тажикстандын расмий органдары айыптоолорго жооп бере элек.
16-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон чек арада ок атышууну токтотууну жана куралдуу күчтөрдү артка кайтарууну макулдашкан. Эки өлкөнүн жетекчилери Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтында жолугушкан.
Ага чейин Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу жөнүндө Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен сүйлөшкөнүн кабарлаган. Ал атышуу 1-2 саатта толук бойдон токтотуларын айткан болчу.