Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы саат 14.00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалуу бойдон турганын кабарлады.
"Тажик аскерлери Баткен районуна караштуу Достук айылындагы мектептин имаратын ээлеп алды. Тажик тарап калк жашаган конуштарды аткылап жаткандыктан ага жооп кайтарылып жатат. Кагылыштын жүрүшүндө кыргыз чек арачылары Тажикстандын "Ляккан" жана "Богдари" чек ара бекеттерине сокку уруп, бир топ аскердик оор техникасын керектен чыгарды. Тажик тарап жайкын тургундарды "тирүү" калкан катары колдонуп жаткандыктап жарандар арасында жоготуулары көп", - деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.
Буга байланыштуу тажик тарап азырынча комментарий бере элек.
Оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймыл" (БДК) чек арадагы кырдаал курчуп турган учурда жарандык активист, саясатчы жана коомчулукту бийликти колдоого чакырган билдирүү таратты.
“Биз бул күндөрү бардык маселелер расмий бийлик жетекчилери аркылуу чечилиши керек деп эсептейбиз”, - деп айтылат билдирүүдө.
Оппозициялык кыймыл чек арадагы чатак сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек экенин белгиледи.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган күз түзүмдөрүнүн башчылары Тажикстандын расмий өкүлдөрү менен жолугушууда.
Президенттин Баткен облусунун өкүлчүлүгү жолугушуу Кыргызстан-Өзбекстан-Тажикстан аймагында өтүп жатканын кабарлады.
Республикалык кан борбору кыргызстандыктарды кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жараат алгандар үчүн кан берүүгө чакырды.
Ага ылайык, каалоочулар Бишкектеги жана башка бардык облустардагы кан борборлоруна барып, тапшыра алат. Жарандардын жанында паспортун же тек-жайын ырастаган башка документи болууга тийиш.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда саат 13.00гө карата жалпысынан бери дегенде 31 адам жараат алып ооруканага түшкөнүн, алардын саламаттыгы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин билдирди. Мекеме аймактагы медициналык жайлар, "Тез жардам" кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүн, ооруканаларда кандын запасы, дары-дармек жетиштүү экенин кабарлады.