Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышууда Кыргызстандын каза болгон 63 жаранынын 48и аскер кызматкерлери, 15и жергиликтүүлөр экенин айтты. Андан тышкары 206 киши ар кандай жаракат алды. Анын 145и жоокерлер, 60ы карапайым адамдар.
14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үйдү оңдош керек.
Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланып, жашоого жараксыз болуп калган 422 үй урандыдан тазаланды. Бир үй чек ара тилкесинде болгон үчүн тазалоо иштери жүргөн жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бузулган үйлөрдүн басымдуу бөлүгү Баткен районунда (322). Лейлек району боюнча жараксыз болгон 101 турак үй тазаланды. Министрлик жаңжал учурунда коопсуз аймактарга эвакуация болгондордун 4 миңдейи туруктуу жашап жаткан жайларына келе электигин билдирди.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай өрттөлүп, талкаланган. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек. "Озоди" радиосу тажик тарапта талкаланган үй-жайлар бар экенин жазды. Алардын санын тактоого мүмкүн боло элек.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун тургундарын колдоо максатында атайын эсепке чогулган акчадан 62 млн. 650 миң сом коротулду. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады. Бул куралдуу кагылышта үй-жайы жабыркагандарга бир жолу берилүүчү акчалай жардамдын суммасы. Маалыматка ылайык, мындай жардам 264 адамга берилди.
Финансы министрлиги куралдуу жаңжалда үй-жайынан ажырагандарга убактылуу батир ижарасы үчүн 200 миң сомдон берилерин мурдараак билдирген.
Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын тактап алыш үчүн Орусияга ортомчулук сурап кайрылганын, орус тарап Советтер Союзунан бери сакталып турган архивдик документтерди изилдеп чыкмай болгонун жана орус президенти Владимир Путин сунушту кабыл алганын 17-октябрда “Биринчи радионун” эфиринде Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров мындай өтүнүч менен орус президенти Владимир Путинге Астанада тажик президенти Эмомали Рахмон үчөө өткөргөн жолугушууда айтты.