Баткен облусунун Баткен районунда абал салыштырмалуу туруктуу экенин 23-сентябрда саат 15те район акими Учкунбек Жоробаев билдирди. Анын айтымында, 100 миң калкы бар райондун 60 миңге жакыны коопсуз райондорго эвакуация болгон.
Баткендеги соңку окуяларга байланыштуу Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт ордосунда ачылган “Баткенге жардам” республикалык штабы ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу 23-сентябрда “Азаттык” радиосуна маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, штабды уюштуруу тобунун мүчөсү Союзбек Надырбеков билдирди.
Анын айтымында, бул штабга Баткенден үй-жайын таштап чыгууга мажбур болгон алты миңдей адам кайрылды, алардын эки миңге жакыны атайын жайларга, калгандары жакындарыныкына жайгаштырылды, элден чогултулган гуманитардык жардам да бөлүштүрүлүп бүттү.
"Кыргызстандагы тажиктер" коомдук бирикмесинин биринчи вице-президенти тажик диаспорасынын башчысы Мавлянжан Абдураззаков Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин "Кыргызстанда этникалык тажиктер кысымга кабылууда" деген маалыматын төгүндөдү. Ал 23-сентябрда "Азаттык" радиосуна комментарий берип, Дүйшөмбү тараткан билдирүү чындыкка дал келбей турганын айтты.
Баткенде жараат алгандарга зарыл кан запасы толук чогулуп бүткөнүн 23-сентябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин Жарандык коргонуу секторунун башчысы Кубаныч Калмаматов билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан Баткендеги каргаша башталган күндөн тартып Кан борборуна ыктыярдуу түрдө 1200дөн ашык адам барып, кан тапшырды.