Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:38
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

16:39 18.9.2022

Президент Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 19-сентябры Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Улуттук аза күтүү күнүндө өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызтандын мамлекеттик туусу түшүрүлөт. Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталат.

Кыргызстандын расмий билдирүүсүндө, 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 36 адамга жетти, алардын бири 14 жаштагы окуучу кыз. 134 адам жаракат алды, арасында жаш балдар бар. Алардын саны такталууда.

Тажик бийлиги 14-сентябрдан бери 32 тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган.

16:28 18.9.2022

Энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев маалымат жыйында Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда электр жабдыктарын калыбына келтирүү иштеринен кийин, дагы 8 миң үй электр энергиясыз калганын айтты. Учурда оңдоо иштери уланып жатат.

16:24 18.9.2022
Баткендин Төрт-Көчө аймагы. 18-сентябрь, 2022-ж.
Баткендин Төрт-Көчө аймагы. 18-сентябрь, 2022-ж.

Баткен облусундагы бардык автоунаа жолдору ачык, аймакта учурда милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын Нурлан Исмаилов маалымдады. Ал жарандарды жолдордон кооптонбой өтө берүүгө чакырды.

"Баткен облсунун аймагындагы жалпы жолдордун баарын көзөмөлдөө жүрүп жатат. Жарандар кооптонбостон эле жүрө берсе болот. Төрт-Көчө аймагы толук ачык. Лейлек менен Баткендин ортосунда байланыш бар. Коркпой каттай берсе болот”, - деди Исмаилов.

Нурлан Исмаилов эки өлкөнүнүн милициясы биргеликте жол коопсуздугун сактоону сүйлөшкөнүн кошумчалады.

“Азаттыктын” ошол жакта жүргөн кабарчысы Лейлек-Баткен жолунда жол жүргөндөр көбөйгөнүн маалымдады. Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев “Азаттыкка" курган маегинде кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалып турганын, эки тараптын өкүлдөрү сүйлөшүүнү улантып жатканын билдирди.

15:26 18.9.2022

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон Эламан Ураимовдун сөөгү бүгүн, 18-сентябрда Кара-Суу районундагы өзү туулган Савай айылында жерге берилди.

28 жаштагы Эламан Ураимов Бишкектеги генерал-майор Дайыр Асанов атындагы аскер лицейин бүтүрүп, кийин Аскер институтун аяктаган. Эки жыл Жалал-Абад облусундагы "Скорпион" полкунда кызмат кылып, 2017-жылы Баткен облусундагы "Бужум" чек ара бекетине которулган. Батальондун командири болгон. Артында эки баласы калды.

Чек арада окко учкан Эламан Ураимов. Сүрөт соцтармактан алынды.
Чек арада окко учкан Эламан Ураимов. Сүрөт соцтармактан алынды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG