Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Чек ара жаңжалын эл аралык иликтөө талабы


Миң-Өрүк айылы, Баткен.
Миң-Өрүк айылы, Баткен.

Кыргыз өкмөтү Жамааттык коопсуздук келишими уюмун кыргыз-тажик жаңжалын жөнгө салууга активдүү катышууга чакырды. Ал эми жарандык активисттер эл аралык коомчулуктан кыргыз-тажик жаңжалын иликтөөгө көмөк көрсөтүп, калыс баа берүүнү өтүндү.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Баш катчысы Станислав Зась Бишкекке жасаган иш сапарында кыргыз бийлигинин башчылары менен жолугуп чыкты. Президент Садыр Жапаров менен жолугушууда Борбор Азиядагы коопсуздук маселеси талкууланды.

4-октябрдагы жолугушууда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулар уюмдун аброюна шек келтирип жатканын айткан.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

"Тажик тараптын кол салуусунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Баткен районунун чек арага жакын айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилер талкаланган. Тажик тараптын мындай мыйзамсыз жана деструктивдүү иш-аракеттери биздин жалпы уюмдун беделине шек келтирет. Мүчө мамлекеттер менен кагылышуу болуп жатат", - деген Министрлер кабинетинин төрагасы Уюмдун алкагында куралдуу кагылышуулар болгондо, кандай жамааттык коопсуздукту талкуулоого болот деген суроо негиздүү болуп жатканын кошумчалаган.

Зась муну менен катар Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен дагы жолугушкан. Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, Кулубаев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу үчүн Нью-Йоркто өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жумушчу жыйынында жетишилген макулдашууларды, уюмдун учурдагы механизмдерин мүмкүн болушунча тез арада ишке киргизүү зарылдыгын белгилеген.

Чек арадагы соңку куралдуу кагылышууну Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ушундай эле мазмунда кыргыз тарапты айыптаган билдирүү жарыялаган.

Чек ара маселеси Варшавада айтылды

Бул арада Кыргызстандын жарандык коому Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) 26-сентябрдан бери Варшавада өтүп жаткан жыйынында кыргыз-тажик куралдуу кагылышын эл аралык коомчулуктун калыс иликтешин демилгелеп жатат.

Эл аралык аянтчада кыргызстандык укук коргоочулар 2021-жылдын апрелиндеги жана 2022-жылдын 16-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн куралдуу кагылышууну "авторитардык Тажикстандын демократиялык Кыргызстанга жасаган куралдуу агрессиясы катары" сыпатташты. Алар Тажикстандын аскерлери чек ара бүтүндүгүн бузбоо жана тынч тургундарга карата зомбулук көрсөтпөө боюнча эл аралык өзөктүк принциптерди бузуп жатышканын билдиришти.

"Интербилим" эл аралык борборунун Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн директору Гүлгаакы Мамасалиева Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун кыргыз-тажик жаңжалын эл аралык иликтөөгө көмөк көрсөтүүгө жана чек араны тактоо иштерине ортомчу болууга чакырды.

Гүлгакы Мамасалиева
Гүлгакы Мамасалиева

“Биз Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунан Тажикстандын Кыргыз Республикасына агрессиясынын фактыларын эл аралык иликтөөнү демилгелөөсүн жана кыйноолор үчүн тажик тарапты жоопкерчиликке тартуу боюнча эл аралык механизмди ишке киргизүүнү өтүнөбүз. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунан өнүктүрүү долбоорлору аркылуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тез арада бүтүрүүгө көмөк көрсөтүүнү жана ортомчу болуп берүүнү сурайбыз. Кыргыз өкмөтү элди тынчтык жана ынтымак жөнүндө протоколдору менен сооротконду токтотушу керек. Тез арада Эл аралык кылмыш сотунун "Рим статутун" ратификациялоо жөнүндө мыйзам кабыл алып, Тажикстанды кылмыш жоопкерчилигине тарттырууну тездетиши, ошондой эле репарация жана реституция механизмин аракетке киргизиши зарыл".

Ал эми "Артикль 9" ассоциациясынын өкүлү Айдар Сыдыков Эл аралык кылмыш сотуна "Тажикстандын куралдуу кол салуусун" иликтөө өтүнүчү берилгенин билдирип, эл аралык уюмдарды бул демилгени колдоого үндөдү.

Айдар Сыдыков
Айдар Сыдыков

"Ушул жылдын сентябрында эгемен Кыргызстанга карата Тажикстандын агрессиялык актысы болду. Мында 63 киши курман болду, анын ичинде аялдар менен балдар да бар. Жарандык объектилер, үйлөр, мектептер жана башка инфратүзүмдөр өрттөлдү. Муну менен катар биз жапырт маалыматтык чабуулга кабылдык. Бул Тажикстандын биринчи агрессиясы эмес, былтыр апрелде 36 жараныбыз курман болгон. Туткундар кыйноолорго жана катаал мамилеге туш болушкан. Биз бул боюнча Эл аралык кылмыш сотуна "Рим статунун" 53-беренесинин негизинде иликтөө өтүнүчү менен кайрылдык. Ошондой эле өлкөбүздө бул документти ратификациялоону демилгеледик. Ушуга байланыштуу эл аралык уюмдардан жана өнөктөштөрүбүздөн бул жагдайга көз карандысыз мониторинг жүргүзүүнү, кеңири чагылдырууну жана Эл аралык кылмыш сотуна иликтөө процедурасын тездетүү өтүнмөсүн киргизүүгө колдоо көрсөтүүнү сурайбыз".

Жыйынга катышып жаткан Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын Европада бозгунда жүргөн лидери Мухиддин Кабири Тажикстанды авторитардык бийлик башкарып келатканы анык экенин, бирок өлкөнү бир тараптуу айыптоого болбой турганын, чек ара жаңжалын көз карандысыз иликтөө зарыл экенин билдирди.

Мухиддин Кабири
Мухиддин Кабири

"Биз "Тажикстанды диктатор башкарып жатат" деген сөздөргө толук макулбуз. Бизде репрессиялык режим өкүм сүрүп жатат. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму чек араны демаркациялоо жана зыянды калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүшү керек деген пикирге да толук кошулабыз. Бирок, Тажикстандын бир тараптуу эле агрессор деп жарыяланышына макул боло албайбыз. Анткени, эки тарапта тең курмандыктар бар жана ата мекенин коргоо милдетин аткарган тажик аскерлери менен офицерлерин агрессияга айыптоо туура эмес. Эл аралык коомчулукту болуп өткөн жаңжалды жана Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек арада ай сайын болуп келаткан окуяларды көз карандысыз иликтөөгө чакыруу туура болмок".

Путиндин сыйлыгы Бишкекке ишаратпы?

Ушул күндөрү, тажик президенти Эмомали Рахмондун 70 жылдык мааракесинин алдында Орусиянын президенти Владимир Путин аны "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы ордени менен сыйлады.

4-сентябда жарыяланган сыйлоо жарлыгында орден "Орусия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине жана шериктештикке кошкон чоң салымы жана аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн" берилгени жазылган.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустебаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу "сыйлык "күнөөлүүнү" тапты" деп жазды.

"Тажикстандын президенти буга чейин апрель айындагы Кыргызстанга куралдуу агрессиясынын кийин "эки мамлекет ортосундагы достукка, өз ара түшүнүшүүгө жана кызматташууга кошкон салымы үчүн" деп сыйланганы эсибизде. Азыр эми "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы ордени "аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн" деп берилип жатат. Кызык, Тажикстандын бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүндөгү элдердин тынчтыгын жана ымаласын ыдыратып жатканда аймактагы кайсы коопсуздук тууралуу сөз кылууга болот. Кыргыз жерине төгүлгөн күнөөсүз адамдардын каны муздай электе, балдарынан айрылган энелер күйүткө батып отурганда, жайкын тургундар кыйраган үйлөрүнө кайтып жаткан маалда мындай сыйлыктын берилиши негиздүү таң калууну жаратат. Бул кадам кыргыз-тажик чек арасында биз көрүп-билген нерселерге шайкеш келбейт", - деп жазды Кустебаев.

Эл аралык мамилелер боюнча талдоочу Чынара Эсенгул Путиндин сыйлыгын Орусия менен Тажикстандагы диктатордук режимдердин бири-бирин колдоосунун жана Ооганстандагы талиб бийлигинин коркунучунан коргонуудагы кызыкчылыктарынын бирдиктүү экендигинин белгиси катары көрөт. Муну менен катар эксперт барган сайын Орусиянын таасиринен чыгып бараткан Кыргызстанга берилген ишарат болушу мүмкүн экенин да белгилейт.

Чинара Эсенгул
Чинара Эсенгул

"Биз жактан кандайдыр бир реакция же кабыл алуу болору жөнүндө Орусия тарап ойлогон жок деп айта албайбыз. Албетте ал жагын да ойлоп атышат. Ошондуктан, бизге дагы бул кандайдыр бир мессеж. Ал жагынан Кыргызстандын кандай варианттары бар? Биринчиси -биз Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан же Тажикстан чыксын, же биз чыгабыз деп атабыз. Башкача айтканда, бизди ошол коопсуздукту камсыз кылган альянстан биз чыгабыз же Тажикстан чыксын дегенге алып барып атат. Ал позицияны күчөтүшү мүмкүн. Бул жагынан Орусия бизди кызганганынан Батыш жакка түртүп жатат деген белги катары кабыл алсак болот. Позицияңарды тактагыла же колдогула деп".

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 984 чакырымды түзөт. Анын 308 чакырымы (32%) тактала элек. Кыргыз-тажик чек ара тилкелеринде cоңку он жылда ар кандай мүнөздөгү 144 чыр-чатак катталып, эки тараптан 200дөн ашуун киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG