Чехия 2014-жылдан бери баскынчы путиндик режимдин аскерлерине каршы боштондук күрөшүн жүргүзүп жаткан украин элине ар кыл гуманитардык жана аскердик көмөк түрлөрүн көрсөтүп келет. Бул блогдо китепканаларга ж.б. байланыштуу көрсөтүлчү чехиялык көмөк түрү тууралуу баяндалат.
В.Путиндин режиминин эгемен Украинага каршы 2014-жылы февралдын соңунда башталып, 2022-жылдын 24-февралынан тартып кеңири өлчөмдөгү аскердик чабуул менен улантылган баскынчыл согушу маалында көптөгөн украиндик мектептер, китепканалар, театрлар, диний ыбаадатканалар жана башка маданий жайлар кыйроого учуратылып келди.
Миллиондогон карапайым украин үй-бүлөлөр гана эмес, алардын ата-бабаларынын заттык жана заттык эмес маданиятынын көөнөргүс мурастары да согуш азабын өлчөөсүз зор деңгээлде тартууда.
Мисалы, Украинанын Мариупол шаарында эле баскынчы орус аскерлери жергиликтүү музейге кирип, сейрек боёк сүрөттөрдү, айкелдерди, өтө баалуу жана сейрек кездешүүчү икона сыяктуу христиандык сыйынуу нерселерин ж.б. уурдап кетишкен.
Колдо болгон маалыматтарга караганда, орусиялык жоокерлер бери дегенде эки миңдей сейрек көркөм чыгарманы уурдап кетишкен. Алар башка да жүздөгөн көөнөргүс чыгармаларды орду толгустай ойрон кылышкан.
Акыры согуш адилеттик менен аяктаарына, эркин, демократиялуу, өз тагдырын өзү гана чечкен Украина кайрадан гүлдөгөн өлкөгө айланаарына ишенебиз.
Бүлгүнчүлүк маалындагы достук көмөгү
Бирок согуш бүлгүнчүлүгүн жоюунун өзү да оор жана узак мөөнөттүк түйшүк. Баскынчыл согуш Украинадагы көп сандаган көөнөргүс мурастарды биротоло ойрон кылып салып жаткандыгы да айдан ачык.
Дал ушундай жагдайда чехиялык бийликтердин жана коомчулуктун өкүлдөрү баскынчыл согуштун зардабын тартып жаткан украин элине оригиналдуу көмөк түрүн сунуштоодо.
Сөз “Украина үчүн кеме” (“Archa pro Ukrajinu” – “Арха про Украйину”) деген жаңы программа тууралуу кетип жатат.
Бул программанын ачылыш аземи 2023-жылы 21-ноябрда Чехиянын маданият министрлиги жана өлкөнүн Улуттук китепканасы тарабынан өткөрүлдү.
Программанын демөөрчүлөрүнүн арасында Чехиянын Маданият министрлиги, Музейлердин эл аралык кеңешинин (International Council of Museums; ICOM) Чехиядагы улуттук комитети, “Украина үчүн кор” фонду жана Чехиянын Улуттук китепканасы да бар.
Мындагы “кеме” сөзүнүн терең маңызын аңдоо үчүн тоораттык, инжилдик жана курандык уламыштагы Ной (мусулмандарда – Нух) пайгамбардын топон суу маалында адамзаттын өкүлдөрүн сактап калганы баяндалган уламыштык кемени элестетүү керек.
Эми топон суунун жаңы бир толкуну Украинага карасанатай баскынчыл согуш түрүндө каптап жаткан маалда, украин элинин кылымдар карытып сакталып келген руханий байлыгынын эстеликтерин сактап калуу көйгөйү да алдыңкы орунда турат.
“Украина үчүн кеме” программасы да сактап калуу ураанын өзүнө камтыйт. Ал – кишилердин кара башыл жанын эмес, жалпы элдин руханий жанынын бөлүктөрүн сактап калууну көздөгөн гуманитардык долбоор.
Тынч доордо түшкө да кирбеген өзгөчө опурталдуу кырдаалда – согуш бүлгүнчүлүгү маалында бабалардан калган көзгө басар кол жазмалар, сейрек китептер, жалпы эле өткөн муундар таберик кылып калтырган китептер түбөлүккө жок болуп кетишинин алдын алуунун санариптик ыкмасы – бул долбоордун өзөгүн түзөт.
Чехиядагы “Украинаны камтыйлык” (“Zapojme Ukrajnu”) деген гуманитардык демилге тарабынан интернеттеги X коомдук тармагында (мурдагы “Твиттерде”) 2023-жылы 21-ноябрда шардана кылынган маалыматта мындайча айтылган:
“Орустар согушта украин маданиятын максаттуу түрдө атайылап жок кылууда. Эски имараттар же көркөм өнөр чыгармалары дүйнө жүзүнөн жок болууда. (Чехиянын) Улуттук китепканасы менен биргелешип, биз Украинага жазма түрүндөгү сейрек мурастардын эбегейсиз зор бөлүгүн "архивдештирүү" жаатында жардам берүүнү каалайбыз. Эгерде алар жок кылынчу болсо, анда аларды кайра калыбына келтирүүгө мүмкүндүк жаралмакчы. Бул – “Кеме” (“Арха) долбоору”.
“Биринчи кеме”
Чехия Украинанын китепканачыларына эки көчмө автоунаа жөнөтмөкчү.
“№1 кеме” деп аталган унаа согуштан жабыр тарткан басма китептерин сактап калуу үчүн колдонулат. Көчмө жабдууда атайын тетиктер тийешелүү китептин же кагаз документтин нымдуулук даражасын өлчөйт, анын барактарын фото сүрөткө тартып алат. Жабдуудагы атайын тетик ным болуп калган кагазды кургатып, анда пайда боло баштаган зыяндуу көктү жоготот.
Эсиме Ош шаарындагы “көгөрүп кетиптир” деген шылтоо менен таштандыга ыргытылган миңдеген нуска китептер тууралуу чуулгандуу окуя эрксизден түштү.
Мындай жабдуу согуш жок тынч шартта деле коомго кызмат кыла алат. Маселен, китепканалардын сел, ташкын же башка табигый же техногендик кырдаалдарда ным болуп калган байлыктарын сактоо үчүн мындай жабдуу – табылгыс.
XXI кылымдын башында (2002-жылы) Чехиянын өзүндө нөшөрдөн улам Влтава дарыясы ташып, айрым китепканалардын китептери сууда калган окуялар катталган.
Эми ошондой окуялардын алдын алуу үчүн жаратылган технологиялык саамалык Украинанын согуштан жабыр тарткан китепканалары үчүн дагы огожо болмокчу.
Бул “гуманитардык кеме” жеке менчик демөөрчүлөрдүн Чехиянын Улуттук китепканасына каржылык колдоо көрсөтүүсүнүн аркасында Украинаны көздөй багыт алмакчы.
“№1 кеменин” наркы дээрлик 10 миллион чех крону (болжол менен 39,6 миллион сомдой) акчага турду. Бул гумантардык көчмө жабдууну сатып алууга Карел Комарек үй-бүлөлүк кайрымдуулук кору (the Karel Komárek Family Foundation), Моравия мунай кендери (MND a.s.) компаниясы, Либор Винклер мырза жана анын достору сыяктуу ар кыл коомдук жана жеке демөөрчүлөр каржылык салым кошкон.
Украинанын китепкана мекемелери аталган көчмө жабдуунун кандайча кезекте жана кайсы багытта колдонулушу керектигин өздөрү чех тарапка сунушташат.
Кейиштүүсү, согуштан жабыркаган китепканалардын саны абдан көп. Демек, өзгөчө артыкчылык берилчү китеп жайларды украин тарабы өзү аныктоого тийиш.
“Экинчи кеме”
Ал эми жакынкы болочокто Украинага жөнөтүлө турган “№2 кеме” аттуу жабдуу таптакыр ойрон болуудан сактап калуу үчүн тийешелүү китепти, кол жазманы же башка кагаз материалды санариптештирүү милдетин аткармакчы.
Бул “№2 кеме” деп аталган жабдуу дээрлик 12 миллион крон (болжол менен 47,5 миллион сомго тете) акчага турат.
Бул жабдуу олуттуу архивдик корлордун маалыматтарын дагы санарипке салуу аркылуу биротоло жок болуудан сактап калуу максатын көздөйт.
Санарипке салынган маалымат согуштан алыс болгон аймактарда бекем сакталат. Эгерде тийешелүү архив согуштук аракеттердин айынан жапа чекчү болсо, анын мазмунун санариптик көчүрмө аркылуу кайра калыбына келтирүү мүмкүн болот.
Баягы элдик ыңкылаптан соң Бишкектеги прокуратуранын өрттөлгөн имаратындагы ойрон болгон маалыматтар да аргасыздан эске түштү.
Тынч доордо деле архивдердин мазмунун санариптештирүү жана мындай санариптик булакты көз карегиндей сактоо маселелери – бийликтин гана эмес, жалпы эле элдин дагы руханий милдеттерине жатаары шексиз.
Башка тармактардагы гуманитардык кызматташтык
Бул эки “гуманитардык кеме” менен чектелбестен, Чехиянын коомчулугу башка тармактарда дагы Украинаны колдоосун улантууда.
Маселен, кино өнөр жайында чех жана украин кинематографтары өз ара байланышын чыңдоо үчүн Украинанын батышындагы Львов шаарында эл аралык кино фестивалын уюштурууга беленденишүүдө.
Ошондой эле чехтер Украинага айкелдерди жана архитектура эстеликтерин үч өлчөмдө сканерлөө үчүн атайын жабдуу алып келишмекчи.
Бул жабдуу бузулуп калышы ыктымал болгон көркөм өнөр эстеликтерин кайра калыбына келтирүү үчүн алардын үч өлчөмдөгү санариптик көчүрмөсүн жаратат.
Чехиядагы шериктер тарабынан Украинанын сыналгы каналдарынын маалыматты орток бөлүшүүчү атайын каналы кардарларга сунушталып келет.
Бул орток канал эң соңку жаңылыктарды, маданий берүүлөрдү жана Украинага эл аралык көмөк уюштурууга огожо болчу кайрымдуулук долбоорлору тууралуу маалыматтарды 24 саат бою украин тилинде сунуштоодо.
Чехиянын жогорку окуу жайларында Украин студенттерине гранттар жана стипендиялар мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир нече эсе көп жана ырааттуу сунушталып жаткандыгын да айта кетсек болот.
Сырткы баскынчылык деген кандай азап экендигин өз тарыхынан мыкты билген демократиялуу чех коомчулугу дал ушул оор кезеңде Украинанын элине көрсөтүп жаткан кайрымдуулук жардамы эл аралык коомчулук үчүн дагы өрнөктүү иш экенин баса белгилесек ашыкча болбос.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.