63 жаштагы жазуучу Нурулло Отаханов Ташкенттин аэропортунда, учактан чыгары менен кармалды. “Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчылары анын аялы Гүлнара Отаханова менен байланышканда ал милиция адегенде эмнеге кармап, кайда алып барышарын түшүндүрбөгөнүн айтып берди. Ошондой эле тосуп алмакка барган туугандарына да учураштырган эмес.
Ташкенттеги “Эзгулик” укук коргоо уюмунун өкүлү Абдурахман Ташанов жазуучуну ордо калаадагы Яшнобод районундагы Ички иштер башкармалыгына алып барышканын билдирди.
Бир нече сааттан соң Ички иштер министрлигинин өкүлү Отахановдун туугандарына адвокат жалдоого кеңеш берген. Ал ошондой эле жазуучу үйүнөн тыюу салынган диний адабияттар табылганы үчүн кармалганын билдирген.
Нурулло Отаханов эки жылдан бери Түркияда жашачу. Стамбулдан учакка отурар алдында “Азаттыктын” өзбек редакциясынын кабарчысына маек берген:
- Албетте, Аллага тобокел кылып баратам. Барып, түшүнбөөчүлүк болсо сурап-сүрүштүрүп, баары ордуна келет деп ойлойм. Анткени азыр өлкөбүздөгү саясат дагы мекенге кайтаруу болуп жатпайбы. Айрыкча билимдүү, оозунда сөзү бар инсандардын сыртта жүрүшү мамлекеттин чоң байлыгы сыртка чыгып кетти деген кеп да. Эми аларды кайтаруу аракети албетте жагымдуу көрүнүш.
Андан мурдараак БУУ трибунасынан Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев адам укуктарын жакшырта турган программалар иштелип чыгып, диний негизде “кара тизмеге” кирип калгандар чыгарылып жатканын айткан.
Отаханов мекенинде 14 жыл “Хидоят" аттуу диний журналды башкарган. «Жол башында», «Дүйнө кең», «Ушул жерлик киши» аттуу китептери менен өзбек окурмандарына кеңири белгилүү болгон.
Эки жыл мурда Ferfir басмаканасынын чакыруусу менен китебин чыгартмакка жана окурмандарына жолукмакка Түркияга барган. Бирок иш-чара белгисиз мөөнөткө жылып, жазуучу да Стамбулда кала берген.
Ал арада Отахановдун “Бу күндөр” аттуу, эгемен Өзбекстандын өнүгүүсүнө сын айткан китеби жарык көргөн. Өзүнүн айтымында, дал ушул китептен кийин өзбек бийлигинин каарына кабылган. Аталган китепти таратууга Өзбекстанда тыюу салынат. Өзү болсо атайын кызматтын “кара тизмесине” алынганы тууралуу кабар тарайт.
Жазуучу диний адабияттарды чыгарганы менен эч качан экстремисттик көз карашта болбогонун белгилейт. Өзбек бийлиги болгону бир китептин айынан гана өзүн “эл душманы” кылды деген ойдо жүргөн.
Кантсе да мунун баары өткөн жылдын сентябрь айынын башында Ислам Каримов дүйнөдөн өткөнгө чейинки окуялар болчу.
Андан кийин Өзбекстандын өзүндө саясий негизде узак жылдар абакта отургандар четинен бошотулуп, саясий келишпестиктен улам сыртка чыгып кеткендердин айрымдарынын бийликке карата пикири жумшара баштаган эле. Алардын арасынан алгач болуп Отаханов мекенине жөнөгөн:
- Бул Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин өзүн саясий бозгун, диссидент деп атагандардын арасынан биринчи болуп кайткан адам. Башкалар үчүн ал биринчи тажрыйба. Көпчүлүгү менен сүйлөшкөм. Алардын паспорттору чөнтөгүндө болчу. Билет алсамбы, барсамбы деген кептер пайда болгон эле. Эми Нурулло Отахановдон кийин ойлонуп көрүшсө керек, – дейт өзбек редакциябыздагы кесиптешим Сарвар Усмон.
Өзбекстандын эгемендик тарыхында ондогон белгилүү саясатчылар, акын-жазуучу, укук коргоочу жана башка интеллигенция өкүлдөрү өлкөдөн чыгып кетишкен. Ал эми чыга албай калгандары узак жылдар абакка салынган. Алар өздөрүн Каримов башындагы бийлик менен келише албай, же ал бийликтин каарына калып куугунтукталгандар деп эсептешет.