Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:15

Рогунду кургандар орозодон бошотулду


Рогун ГЭСи.
Рогун ГЭСи.

Тажикстандын диний кызматкерлери Рогун ГЭСинин куруучуларына орозо тутпоону сунуш кылды.

Тажикстандын муфтийи Саидмукаррам Абдукодирзода мындан эки жыл мурда Дүйшөмбүнүн мечитинде Рогун ГЭСин италиялык "Salini Impregilo S.p.A" компаниясы кура турганын айтып, ГЭС үчүн дуба кылууга чакырган.

Вахш суусундагы Рогун ГЭСинин курулушунда азыр 20 миңдей адам иштейт. Көбү вахталык ыкма менен эки нөөмөттө 15 күндөн эмгектенет.

Аалымдар кеңеши курулушчуларга орозону каалаган мезгилде кармоого убакыт берген. Ислам борборунун аалымдар кеңеши мындай чечимин Рогунга барып, жумушчулар менен жолуккандан кийин жарыялаган.

Усмонали Нуров.
Усмонали Нуров.

- Биз курулуш аянты менен туннелге барып көрдүк. Ал жакта орозо кармоо мүмкүн эмес. Күн ысык, түтүн, жумуш оор. Көбү 300 метр тереңдикте иштейт. Муфтий атайын чечим чыгарып, аны жумушчуларга маалымдады. Куруучулар орозону кийин кармаса болот, - деди Ислам борборунун аалымдар кеңешинин жетекчисинин орун басары Усмонали Нуров.

Тажикстанда 17-майда башталган Рамазан айы 16-июнда аяктайт.

Май айынын башында тажик президенти Эмомали Рахмон коомчулук өкүлдөрү менен жолугуп, «орозо тутуу иштен баш тартууну түшүндүрбөйт» деген.

Рахмон дыйкандарга да орозо тутпоого уруксат берип, күздөгү түшүмдүн камын көрүүгө чакырган.

Эмомали Рахмон.
Эмомали Рахмон.

- Кышка эмне даярдоо жөнүндө бирөөңөр ойлондуңарбы? Айдап-себүү иштери кызып турган айда иштебей койсок, түшүм ала албай калабыз. Кышында балдар ачка болот.

Тажик президенти ошол эле маалда Рогун ГЭСи өлкө үчүн өтө маанилүү экенин баса белгилеп өткөн.

- Эч ким тажиктер өздөрү Рогун ГЭСин кура алат деп ишенген эмес. Курулуш бир жылга созулуп кетпеши үчүн куруучулар орозо тутпай койсо болот, - деген Рахмон.

Тажикстан Рогун ГЭСин 1987-жылы кура баштаган. Советтер Союзу таркагандан кийин курулуш токтоп калып, 2007-жылы гана жанданган. Станциянын курулушу 4 миллиард долларга бааланып келет. Анын биринчи эки агрегатынын жыл аягына чейин ишке кириши пландалууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG