Ушул жумада тажик маалымат каражаттарына жарыяланган бул фатвада Сирия менен Ирактагы согушкерлерге кошулуп кеткен тажик жарандары салафизмге уукканы жана алардын мекенине кайтып келиши коркунучтуу экени белгиленет.
“Алар үчүн кимди өлтүрүшү маанилүү эмес – ал эне болобу, же жаңы туулган ымыркайбы баары бир. Кыска убакытта алар Тажикстанды Сирия, Ирак, Йемен жана Ооганстанга айлантат”, -деп айтылат бул фатвада.
Ислам борборунун уламалар кеңеши Тажикстанда фатва чыгарууга укуктуу жападан жалгыз орган. Имам-хатибдер менен теологдордон куралган кеңеш бул чечимин Куран менен хадистеги жана шариаттагы башка булактардагы далилдердин негизинде чыгарганын билдирген.
Уламалар кеңеши “Салафи” агымы шартка жараша жүзүн өзгөртүп, Тажикстанда бул агымдын ишмердигине тыюу салынганына карабай, анын жактоочулары өз идеяларынан баш тартпаганын жана кези келген учурда дароо активдешүүсү ыктымалдыгын эскертет. Мындан улам уламалар Тажикстандын жарандарын “Салафи” агымына жана анын идеяларына каршы турууга расмий түрдө чакырган.
“Сирия, Ирак, Ооганстан жана Пакистандагы киши өлтүрүү, талап-тоноо, адамдарды уурдап кетүү сыяктуу үрөй учурган көрүнүштөр “Салафиянын” ишмердигинин натыйжасы. Экстремисттик идеяларды жайылтуу менен дал ушул агым канчалаган стабилдүү өлкөлөрдү согушка, башаламандыкка алып келди. Алар мындай абалды Тажикстанда да кайталагысы келет”,- деп белгилейт уламалар кеңеши.
Кеңеш андан ары Париждеги соңку террордук чабуулдар да ушул агымдын ишмердигинин натыйжасы экенин эске салат.
“Жихад” чакырыгынын натыйжасында салафилер жүздөгөн бейкүнөө адамдарды бейажал өлүмгө кириптер кылды. Муну менен Батышта исламды жек көрүү да күчөдү. Ушундан улам салафизм чынында исламдын душманы, өзүнүн кырып-жойгуч аракеттери менен дүйнөдөгү эң калыс жана тынч динди жаманатты кылып жатат десе болот”, - деп айтылат билдирүүдө.
Тажикстанда салафи агымы 2000-жылдардын орто ченинде пайда болгон. Анын жактоочулары кийген кийими, анын ичинде чолок шымдары, намаз ортосунда “омийин” деп катуу үн чыгарышы жана мүрзөлөргө коюлган таш эстеликтерди кыйратуу чакырыктары менен айырмаланып турган.
Тажикстандын Жогорку Соту 2009-жылы бул агымды мыйзамсыз деп таап, өлкөдөгү ишмердигине тыюу салган. 2014-жылдын декабрында болсо ошол эле Жогорку Сот салафизмди экстремисттик деп жарыялаган.
Бул кошуна өлкөдө азырга чейин аталган агымдын ондогон жактоочулары кармалып соттолгон.
Салафизмге Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да тыюу салынган. Бирок ага карабастан аймактын өлкөлөрүндө, Орусияда, анын ичинде Кавказда салафилердин саны артып баратканы айтылып келет. Кошуналарынан айырмаланып Кыргызстанда бул агымга тыюу салынган эмес.
Бирок Бишкектин Биринчи май райондук соту салафи багытындагы “Такфир-жихад” идеологиясына таандык делген “Жайшул Махди”, “Жунд ал-Халифат”, “Ансарул Алла” жана “Ат-Такфир вал-Хижра” уюмдарын экстремисттик-террорчул деп таап, өлкө аймагында иш жүргүзүүсүнө тыюу салганы бар.
Кыргызстандын мурдагы муфтийи, белгилүү ислам аалымы Чубак ажы Жалилов буга чейин “Азаттыктагы” маегинде салафизм менен ваххабизм бир эле нерсе экенин айткан.
- Салафизм менен ваххабизм - экөө бир эле түшүнүк. Бир түшүнүк эки башка ат катары эсептелет.
Кээ бир диний эксперттер болсо салафизм айрым өлкөлөрдө мамлекет тарабынан расмий таанылганын, бул агым ченемдүүлүктөн радикалдуулукка чейинки түрдүү саясий агымдардын бирдиктүү түзүмү катары сыпатталарын айтып келишет.