Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Брекзит келишимин сактоо айласы


Брекзитке каршы нааразылык акциясында тартылган сүрөт, Лондон шаары, 11-сентябрь, 2017-жыл.
Брекзитке каршы нааразылык акциясында тартылган сүрөт, Лондон шаары, 11-сентябрь, 2017-жыл.

Британ парламентинде Брекзит келишимине добуш берүү токтотулгандан кийин өлкөнүн премьер-министри Евробиримдиктин айрым лидерлери менен жолугуп жатат. Бирок уюм британ өкмөтү менен бул келишим боюнча кайра сүйлөшүү болбой турганын ачык айтты.

Британ парламентиндеги бир күн мурдагы драмадан кийин премьер-министр Тереза Мэй шейшемби күнү таң эрте Нидерланддын Гаага шаарына келди. Ал голланд премьер-министри Марк Рютте менен жолуккандан кийин немис канцлери Ангела Меркел менен сүйлөшүү үчүн Берлинге сапар алат.

Бул жолугушуулардын күн тартибинде бир гана маселе бар. Ал – Британиянын Евробиримдиктен кандай шартта чыгарын аныктаган Брекзит келишиминин келечеги.

Бул документке британ парламенти 11-декабрда добуш бериши керек эле. Бирок парламенттеги либерал-демократтар, лейбористтер, керек болсо Мэйдин Консерваторлор партиясынын өкүлдөрү да ага каршы добуш берерин билдиришкен. Мындан улам премьер Тереза Мэй бир күн калганда добуш берүүнү убактылуу токтотууга аргасыз болду.

Британ премьер-министри Тереза Мэй.
Британ премьер-министри Тереза Мэй.

- Мен бул палатада жана анын сыртында айтылган сөздөрдү дыкат угуп чыктым. Ал пикирлерден кийин келишимдин башкы өнүттөрүнүн көбү кеңири колдоого ээ болсо да, бир маселе – Түндүк Ирландиянын маселеси тынчсыздануу жаратып жатканы анык көрүндү. Жыйынтыгында биз добуш берүүнү улантсак, ал олуттуу айырма менен четке кагылмак. Андыктан парламентти мындан ары бөлүп-жарбоо үчүн добуш берүүнү токтотобуз, - деп билдирди Тереза Мэй дүйшөмбү күнү Өкүлдөр палатасындагы чукул кайрылуусунда.

Жыйырма айдан бери уланып жаткан сүйлөшүүлөрдөн кийин Евробиримдик ноябрь айынын соңунда Британиянын уюмдан кандай шартта чыгарын көрсөткөн эки негизги документти жактырган. Алардын бири эки тараптын болочоктогу соода-экономикалык алакасын, миграция жана чек ара маселелерин аныктаган Брекзит келишими, экинчиси Лондон менен Брюсселдин келечектеги кызматташуусу тууралуу саясий декларация эле.

Оппозиция Мэйге нааразы

Келишим боюнча Британиянын курамына кирген Түндүк Ирландия менен Ирландиянын чек арасына өзгөчө макам берилгени британ саясатчыларынын көбүнүн нааразылыгын жаратты.

Эгер дал ушул Брекзит келишими парламентте четке кагылса, анда бул макулдашууну жан дили менен алга сүрөгөн премьер-министрге ишеним көрсөтпөө, жаңы референдум өткөрүү, Евробиримдиктен эч кандай келишимсиз чыгуу сыяктуу бир нече варианттарга жол ачылмак.

Парламенттеги оппозиция өкүлдөрү Тереза Мэйди акыркы мүнөттөрдө добуш берүүнү токтотуп койгонун сынга алышууда.

Лейбористтердин лидери Жереми Корбин.
Лейбористтердин лидери Жереми Корбин.

- Биз өтө олуттуу жана буга чейин болуп көрбөгөн абалдабыз. Өкмөт кырдаалды көзөмөлдөй албай калды. Ал башаламандык ичинде. Премьер-министрдин келишими парламентте колдоо таппай турганы бир нече апта мурда эле анык болгон. Бирок ал бул жападан жалгыз келишим деп айтууну уланта берди. Ал анык айта алабы, келишимди өзгөртүүнү көздөйбү же болгону жооткотуунубу?, - деп собол салды лейбористтердин лидери Жереми Корбин.

Кантсе да Тереза Мэйдин максаты Евробиримдиктин лидерлери менен жолугушуусунан кийин дагы анык көрүнмөкчү. Бирок Европа кеңешинин президенти Дональд Туск дароо эле Евробиримдиктин 27 өлкөсү Брекзит келишими боюнча кайра сүйлөшүү өткөрбөй турганын, бирок бул макулдашуунун Британияда ратификациядан өтүшүнүнө жардам берүү жолдорун талкуулоого даярдыгын билдирди.

2016-жылдын 23-июнундагы референдумда британ шайлоочуларынын жарымынан бир аз көбү Евробиримдиктен чыгууну жакташкан. Жол картасына ылайык, Британия 2019-жылдын 29-мартында уюмдагы мүчөлүгүн толук токтотушу зарыл.

Брекситке каршы Манчестер шаарында өткөн акция, 2018-жылдын апрель айы.
Брекситке каршы Манчестер шаарында өткөн акция, 2018-жылдын апрель айы.

Бул мөөнөт узартылбаса жана Брекзит келишими британ парламентинде колдоо таппаса анда расмий Лондон Брюссел менен эч макулдашуусу жок “ажырашууга" туура келет. Ага чейин Тереза Мэй Брекзит келишимин январь айында британ парламентинде кайра добушка коюп көрмөкчү.

Европа сотунун чечими

Ал тапта Европанын башкы соту Британиянын Евробиримдикке мүчө бойдон калышын жактаган саясатчылар менен катардагы жарандарды кубандырган чечим чыгарды. Европа соту 10-декабрдагы чечими менен "Британия уюмдун башка 27 мүчөсүнүн уруксаты жок эле Брекзиттен баш тартса болот" деген тыянакка келди.

Ага ылайык, расмий Лондон уюмдан чыккысы келбесе, Евробиримдиктин башка мүчөлөрүнүн уруксаты талап кылынбайт. Ал үчүн Британиянын уюмдагы мүчөлүгү боюнча кайсы бир эрежелерди өзгөртүүнүн да зарылчылыгы жок.

Буга чейин ар кыл партияга мүчө болгон британ саясатчыларынын тобу Улуу Британия Брекзит жараянын бир тараптуу токтотуп койсо болоорун билдиришкен. Бирок британ өкмөтү менен Евробиримдик мындай билдирүүлөргө каршы болуп келген.

Айрым британ саясатчылары Европа сотунун соңку чечиминен кийин Британия экинчи референдум өткөрүү жолу менен уюмдагы мүчөлүгүн сактап калса болоорун айтып жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG