29-мартта британ премьер-министри Тереза Мэй Лисабон келишиминин уюмдан чыгуу шарттары жазылган 50-беренесин ишке киргизди. Ал кол койгон атайын кат түш оой Брюсселге жетип, Еврокеңештин төрагасы Дональд Тусктун колуна тийди.
Туск Британиянын "ажырашуу жараянын" баштаганын жар салган алты беттен турган катты алгандан кийин Брекситтен эч бир тарап утушка ээ болбостугун эскертип, уюмдун калган 27 мүчөсү өнөктөштүктү ынтымактуу уланта берет деди:
- Бул күн Брюссель жана Лондон үчүн жагымдуу күн болду деп көңүл жубатууга себеп жок. Көпчүлүк европалыктар, алардын ичинде британ шайлоочуларынын жарымы чогуу болууну каалашкан. Мен бүгүн бактылуумун деп айта албайм.
Евробиримдиктин талаптарын анчейин жактырбаган британ өкмөтү 2016-жылдын февраль айында уюмга мүчөлүктүн келечеги тууралуу референдум өткөрөөрүн жарыялаган. Ал учурдагы премьер-министр Дэвид Кэмерон расмий Брюсселден Британияга ыңгайлуу жаңы убадаларды алгандан кийин референдумда уюмда калууну жактаган.
Бирок Лондондун мурдагы мэри Борис Жонсон баштаган айрым саясатчылар Евробиримдиктен чыгуу ураанын чакырышкан. 2016-жылдын 23-июнундагы тарыхый референдумда шайлоочулардын дээрлик 52 пайызы уюмдан бөлүнүүнү колдогон. Бул жагдай Дэвид Кэмерондун кызматтан кетишине жана жаңы өкмөттүн түзүлүшүнө алып келген.
Кэмерондун ордун баскан Тереза Мэй шаршемби күнү Брюсселге расмий билдирүү жөнөткөндөн кийин парламентке келип, кооптонуп турган жарандарды жоошутту:
- Бул тарыхый көз ирмем, артка жол жок. Британия Евробиримдиктен чыгып жатат. Эми биз өз чечимдерибизди жана өз мыйзамдарыбызды кабыл алабыз. Көпчүлүгүбүзгө тиешелүү болгон маселелерди өзүбүз көзөмөлдөйбүз.
Эми алдыңкы эки жылда Британия Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, уюмдан кандай шартта чыгаарын аныктайт. Бул өлкө уюмдун дээрлик жарым миллиард кардардан турган бирдиктүү рыногуна мүчө бойдон калгысы келген. Бирок бул мүдөөнүн ишке ашуусу кыйын болгондуктан Британия Евробиримдик менен жаңы бажы төлөмдөрү жана эркин соода келишимдери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү керек.
Мындан тышкары сүйлөшүүлөрдө Британияда жашаган Евробиримдик жарандарынын жана Европадагы британ атуулдарынын статусу каралат. Ошондой эле британ өкмөтү уюмдан чыкканы үчүн төлөй турган акчанын көлөмү аныкталат.
Эки жыл ичинде эки тарап кандайдыр бир келишимге жетишиши мүмкүн же эч бир макулдашуу болбой калышы ыктымал. Бирок Тереза Мэй "жаман келишимге жеткиче, эч келишими жок уюмдан чыккан жакшы" деп айтканы бар.
Сырткы сүйлөшүүлөр менен катар өкмөт өлкөнүн ичинде да маселелерге туш болууда. Түндүктөгү Шотландияда шайлоочулардын 62 пайызы былтыркы референдумда Евробиримдиктен бөлүнүүгө каршы болгон. Андыктан аймактын биринчи министри Никола Стержен Шотландияда кайрадан көз карандысыздык референдумун өткөрөөрүн жар салды. Анын демилгесин Шотландиянын парламенти 28-мартта колдоп берди.
- Шотландиянын келечеги Шотландиянын колунда болушу керек. Талкуу ушул жөнүндө, өлкөбүздүн келечеги жөнүндө, өлкөнүн потенциалын кандай өстүрүп, кыйынчылыктардан кандай өтүү жөнүндө болуп жатат, - деди Никола Стержен.
Шотландиянын өкмөтү Евробиримдиктин бирдиктүү рыногуна мүчө бойдон калгысы келет. Мындан улам биринчи министр Никола Стержен британ өкмөтү Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрдө Шотландиянын бул талабын аткарып беришин каалайт. Антпесе Британия уюмдан кандай шарт менен чыгаары белгилүү болуп калган учурга туштап референдум өткөрөөрүн билдирген.
Кезинде дүйнөдөгү регионалдык интеграциянын мыкты үлгүсү деп мүнөздөлгөн Евробиримдиктен буга чейин бир дагы өлкө чыгып көргөн эмес.
Тумандуу альбион менен Европанын сүйлөшүүлөрү май айында башталып, анын биринчи баскычы жылдын аягында жыйынтыкталат деп күтүлүүдө. Ортодо жетишилген келишимдер 2018-жылдын соңу жана 2019-жылдын башында британ парламенти менен Европарламенттин кароосуна коюлат.
Эгер сүйлөшүүлөр узартылбаса, 2019-жылдын 29-мартында "ажырашуу жараяны" аяктап, Британия толугу менен Евробиримдиктен бөлүнүп чыгат.