Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:20

Шотландия: жаңы референдумга даярдык


Шотландиянын көз карандысыздыгын жактагандар. Глазго, 14-сентябрь, 2014-жыл.
Шотландиянын көз карандысыздыгын жактагандар. Глазго, 14-сентябрь, 2014-жыл.

Британиянын курамындагы Шотландия көз карандысыздык боюнча жаңы референдумга даярдык көрө баштайт. Мындай жарыя расмий Лондон былтыркы референдум – Брекситтин жыйынтыгына ылайык, Евробиримдиктен чыгуу жараянына ушул күндөрү расмий киришет деп күтүлүп жаткан учурда жасалды. Британ премьери Тереза Мэй шотланд бийлигинин жаңы планын кескин сынга алууда.

Британия Евробиримдиктен чыгып жаткан учурда көз карандысыздык боюнча жаңы референдумду талап кыларын Шотландиянын биринчи министри Никола Стерджен дүйшөмбү күнү Эдинбургдагы атайын пресс-конференцияда жарыялады:

- Ушул айдын аягына чейин, балким эң тез дегенде эртең премьер-министр Лиссабон келишиминин 50-беренесин күчүнө киргизүү менен Британияны 2019-жылдын мартында Евробиримдиктен чыгаруу жолуна салганы жатат. Андыктан мен үчүн шотланд өкмөтүнүн британ өкмөтү менен мунаса табуу аракеттери жана Шотландиянын кызыкчылыктарын коргоо боюнча биздин планды мерчемдөө абдан маанилүү. Азыркы абалда калууну биз тандаган жокпуз, өлкөдөгү көп адамдардай эле биздин азыркы кырдаалга кириптер болгонубуз мен үчүн өкүнүчтүү. Брекситтин натыйжасында биз келечекте Евробиримдиктин эле сыртында калбастан, дүйнөдөгү эң ири орток базардын да тышында калабыз.

Брексит же Британиянын Евробиримдиктен кетишине алып бараткан былтыркы июндагы референдумда Түндүк Ирландия менен Шотландиянын калкынын көпчүлүгү өлкөнүн биримдикте калуусун жактап добуш берген.

Биримдиктен чыгуу шарттары али анык эместигине, бул жараянды расмий баштоо алдында Лондондогу өкмөт Шотландиянын кызыкчылыктарын жерип жатканына, ортодо өнөктөштүк жоголгонуна көңүл бурган биринчи министр Никола Стерджендин ишениминде, шотланддар да 2018-жылдын күзүндө же 2019-жылдын жаз айынан калбай өз тагдырын аныктоосу абзел:

Никола Стерджен
Никола Стерджен

​- Бул жалгыз саясатчынын, атүгүл биринчи министрдин чечими болбошу керек. Бүгүн мерчемделген кадамдарды жасоо аркылуу мен Шотландиянын келечеги өкмөт же Улуттук партия тарабынан эмес, шотланд эли тарабынан чечиле турганын кепилдейм. Бул Шотландиянын тандоосу болот, мен элдин тандоосуна ишенем, - деген Никола Стерджен келерки аптада референдумга даярдыкты баштоо үчүн аймактык парламенттен уруксат сурай турганын кошумчалады.

Шотландия буга чейин көз карандысыздык боюнча референдумду 2014-жылдын сентябрында өткөргөндө идеяны добуш бергендердин 45% гана жактап, колдоо тапкан эмес.

Бирок Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Евробиримдиктен чыгууда өлкө орток базардан эле эмес, балким Бажы союзунан да кетерин айткандан бери Шотландияда көз карандысыздыкты колдогондор саны көбөйө түшкөндөй.

Шотландиянын Улуу Британия курамында калышын жактагандар. Глазго, 17-сентябрь, 2014-жыл.
Шотландиянын Улуу Британия курамында калышын жактагандар. Глазго, 17-сентябрь, 2014-жыл.

Коомдук пикирди сурамжылоонун "Рейтер" агенттиги келтирген соңку көрсөткүчтөрүнүн бирине караганда, бул азыр 50-50% болуп турат.

Премьер-министр Тереза Мэй жакында Шотландиянын өкмөтүн жана бийликтеги Улуттук партияны көз карандысыздык менен “ооруп жатканы” үчүн айыптаган эле.

Евробиримдиктен чыгууда шотландиялыктардын да кызыкчылыгы эске алынат деп ырастаган Мэй расмий Эдинбургдун соңку жарыясын да кескин сынга алды:

- Шотландиянын Улуттук партиясы бүгүн шардана кылган көз караш абдан өкүнүчтүү. Ал Шотландияны дагы көбүрөөк белгисиздикке, терең ажырымга алып келет. Бул шотланд элинин көпчүлүгү көз карандысыздык боюнча экинчи референдумду каалабаганынын далилдери бар учурда жасалууда. Биздин өлкөнүн келечегин саясий оюнга салгандын ордуна, шотланд өкмөтү калкка мамлекеттик жана коомдук кызматтарды жакшылап көргөзүүгө көңүл буруусу керек. Саясат - бул оюн эмес.

Тарыхты караганда, Англияга саясий жактан тээ 1707-жылы кошулган Шотландиянын өкмөтү жана парламенти көз карандысыздык боюнча референдум өткөрүү маселесин британ өкмөтү менен макулдашып чечүүсү керек. Андай болбогон шартта Лондондогу өкмөт Шотландияны сотко бере алат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG