Окуудан чыгарылган баланын коомчулукта кызуу талкууланган окуясына байланыштуу Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын чечими менен №32 мектептин директору Асел Сыдыкова сөгүш алды.
Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова ага сөгүш берүү жетишсиз, бул окуя мектептерде окуучулардын укуктарынын тепселишине каршы сабак болушу керек деп эсептейт:
- Сөгүш берүү жетишсиз. Себеби мектеп директору төрт окуучуну педкеңешке салып туруп, чейректин ортосунда окуудан кетирген. Бул жерде директор мыйзамды орой бузган. Бир дагы директор мыйзам боюнча окуучуну мектептен чыгарып салууга акысы жок. Ал директордун кылганына укуктук баа берилиши керек эле. Сөгүш берүүдөн эч нерсе өзгөрбөйт.
Былтыр октябрда Булан институту Бишкек шаарындагы №32 мектепте мугалимдер кеңешинде төрт окуучу "начар окуйт" деген жүйө менен окуудан чыгарылганын, муну менен мыйзам бузулганын жарыялаган. Натыйжада окуучулардын бири, 9-класста окуган бала бир нече күн бою сабакка да, үйүнө да барбай жоголуп кеткени, ага чейин ал мектеп фонду талап кылган акчаны бере албаганы үчүн теңтуштарынын көзүнчө класс жетекчисинен жана мектеп директорунан тил угуп жүргөнү белгилүү болгон.
Окуя боюнча Булан институту Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине, Бишкек шаардык мэриясына жана шаардык билим берүү башкармалыгына кайрылган. Коомчулукта болсо жең ичинен акча жыйноо маселеси кызуу талкууга түшкөн.
Шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси Надира Саякбаева №32 мектептин директору менен мугалимдерине, ошондой эле билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултуу боюнча чара көрүлгөнүн билдирди:
- Бүгүнкү күндө Дыйканбаев ошол эле мектепте окуп жатат. Мектеп директоруна сөгүш берилген. Мындан сырткары эки мугалимге Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык эскертүү берилген. Билим берүү башкармалыгы жалпы билим берүүчү мекемелерде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салган буйрук чыгарып, аны менен бардык директорлор жана педагогикалык жамааттар таанышып чыгышкан.
Эмгек кодекси боюнча жооптуу кызматкер мыйзамсыз аракет кылган болсо, ага алгач эскертүү берилип, андан кийин сөгүш жарыяланып, андан соң аны жумуштан алуу боюнча чечим чыгарылат.
Саякбаева шаардык мектеп директорлорунун ишмердүүлүгүн башкармалык көзөмөлгө аларын, милдеттерин так аткарбагандарына Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык кызматтык чара көрүлөрүн кошумчалады.
Эмнеси болсо да сөз болуп жаткан окуя социалдык тармактарда "мектеп директорлору сөгүш менен эле кутулуп, жазасыз калаарын" айткан уу-дуу кептерди пайда кылды. "Мыйзамсыз иш-аракети үчүн ар бир директор тиешелүү жазасын алышы керек" деген пикирди мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова да колдойт. Бирок ал мындай окуялар бардык мектеп жана мугалимдерге көө сүйкөп жатканына каршы:
- Маселе объективдүү каралышы керек. Мектептерге жардам бергендин ордуна эмне болсо эле мектептин директорун же мугалимдерин күнөөлөп чыгышат. "Ата-энелер эч бир жоопкерчилик албайт, бизди эле урушат" деп ыйлаган мугалимдер канча болду? Шаардык кээ бир мектептердин директорлору көпкөн, алар менен убагында мен дагы далай күрөшкөм. "Конкреттүү түрдө мына ушул мектептин директору мыйзам бузду" деп чара көрүш керек. Жалпы эле айта берсек, мектептердин баары жаман деген пикирлер жаралат.
Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин директорлору башкармалыктын жетекчисинин буйругунун негизинде дайындалат. Мектеп директорлору менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык беш жылдык эмгек келишими түзүлөт.