Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

"Билим берүү тармагы демөөрчүлөргө муктаж"


Бийик Рыскулов.
Бийик Рыскулов.

Жогорку Кеңештин эки депутаты Аманкан Кенжебаев жана Мирлан Самыйкожо мугалимдерди мазактагандарды жазага тартуу камтылган мыйзам долбоорун сунуштады. Эгер мыйзам колдоо таап, кабыл алынса, мугалимге кол көтөргөн же тил тийгизген учурлар жазасыз калбайт.

Соңку кезде окуучу менен мугалим ортосундагы пикир келишпестик коомчулукта көп талкууланган маселелердин бири болууда.

"Азаттык" география мугалими Бийик Рыскулов менен мына ушул мугалимдин кадыр-баркы, билим берүү тармагынын оош-кыйышы тууралуу маектешти.

- Мугалимдик түйшүктүү кесиптердин бири эмеспи. Окутуучу болуу бала кездеги кыялыңыз беле же тагдыр бул жолго күтүүсүз алып келдиби?

- Көптөгөн окуучулар мектепти бүткөндөн кийин кесип тандоодо адашат экен. Ошолордун бири мен болгом. Мугалим болгонго чейин ортодо төрт жылымды текке кетирдим. Буйрук дейбизби же кокустук дейбизби билбейм, бирок ушул жолго келдим акыры. Жогоруда айткан төрт жыл ичинде башка тармактарда эмгектенип жүрдүм. Мисалы, жеке ишкерлердин жардамчысы болуп, көбүрөөк акча тапкан учурларым болду, бирок ошол учурда жан дүйнөм аткарган ишимден рахат ала албай койдум. Ошол учурларда мектепке келгим келди. Мугалимдердин маянасынын аздыгына карабастан, бүгүнкү күндө өз ордумду таптым десем болот.

Ата-энелерге, окуучуларга айтар кеңешим, жеткинчек 8-9-класстан баштап эле кайсы окуу жайга тапшырарын, кайсы кесиптин ээси болорун аныктап, чечим кабыл алышы керек экен. ЖРТнын жыйынтыгын күтөм деген чоң жаңылыштык болуп калат.

- Адам өз кесибинен рахат алышы тууралуу кеп болбодубу, демек, мугалимдик кесип менен келечегиңизди көрө алдыңызбы?

- Ооба, мен муну сыймыктануу менен айта алам. Азыр аткарган ишимден рахат алам. Мектепке барсам күтүп ала турган окуучуларым бар, кандай жакшы. Үйгө барсам ата-энем бар, көңүл ток. Албетте көйгөйлөр да болот, бирок айрым даанышмандар айткандай, эгер ал акча менен чечилчү иш болсо, демек ал көйгөй эмес, болгону чыгым экен. Эң негизгиси бүгүн адам тарбиялоо согушунда башка кесиптештерим сыяктуу мен да жоокер болуп жүрөм, үзүрүн келечекте көрөбүз деп үмүт кылам.

Бийик Рыскулов окуучулары менен сабак учурунда.
Бийик Рыскулов окуучулары менен сабак учурунда.

- Көйгөй деп калбадыңызбы, жашыруун болбосо кандай көйгөйлөрдү атай аласыз?

- Жеке өзүмдүкү тууралуу айтсам, азыр үй-бүлө күтүшүм керек. Үй маселесин болсо акырындап чечип келе жатам. Ал эми жалпы мугалимдердин көйгөйүн айта турган болсом, азыр көпчүлүк адистер каражаттан каржалат. Шаарда батирлеп жүргөн кесиптештер толтура. Алар эртеден кечке сабак берип, нерв клеткалары жабыркайт, ден соолугу кетет. Көптөгөн иш-чара, той-топурларга катыша албайт, анткени чөнтөк жука. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн мугалим изденүүнүн үстүндө болуп, көп китеп окушу керек экен. Кыскасын айтканда, азыркы заман талабына жараша, билимди да товар катары сата билүүнү үйрөнүшүбүз керек экен.

- Азыр коомчулуктун мугалимге болгон көз карашы, сый-урматы кандай? Соңку учурларда социалдык тармактарда мугалим менен окуучунун пикир келишпестиктери көп тарап, коомдо нааразылыктарды жаратууда. Кызыгы, айрымдар мугалимдин таламын талашса, кээ бирлери окуучуга жан тартканы байкалат.

- Мындай окуяларга менин да зээним кейийт. Бирок муну бир тараптуу карабашыбыз керек. Алгач мугалимдин ишмердүүлүгүнө баам салсак, баланы урганга болбойт. Кол көтөрүү – арга түгөнгөндөгү акыркы чек. Бардык мугалимде бала менен тил табышуу ыкмалары болушу маанилүү. Ал эми мугалимди сыйлабаган балдардын үй-бүлөсүндө маселе бар деп ойлойм. Өспүрүм бала үйүндө чыр-чатак, чыңалуу менен жашаса, бул анын мугалим менен болгон мамилесине сөзсүз таасир этет. Ал эле эмес андай окуучу жоро-жолдошторуна, классташтарына да терс мамиле кылат.

Өкүнүчтүүсү - бүгүнкү күндө мугалимдердин коом алдында баркы түшүп кетти. Көпчүлүк ата-энелер мугалимдин кадырын билбей жатат. Бул менимче тажрыйбасыз, жаш ата-энелерге көбүрөөк мүнөздүү. Азыр көпчүлүгү балдарын тарбиялап жатам деп ойлошот. Бирок баланы тарбиялоо менен багуунун айырмасы өтө чоң. Мисалы баласына кымбат кийим, кымбат телефон алып берүү бул – багуу, ал эми анын жүрүм-турумун көзөмөлдөп, жакшылыкка үйрөтүү бул – тарбия.

Бийик Рыскулов окуучулары менен экскурсиялык сабакта.
Бийик Рыскулов окуучулары менен экскурсиялык сабакта.

- Сиз мугалим менен окуучунун ортосундагы байланыштын мыкты үлгүсүн кандай сүрөттөйт элеңиз?

- Баары мамилеге көз каранды. Окуучуларды мээрим менен тарбиялаш керек. Анан айрым табиятынан чагымчыл жаралган окуучулар болот. "Мамлекеттик экзаменге барбайм, өзүмө кол салам" дегендерди да көргөнбүз. Ушундай жагдайларда баланын укугу деп эле, мугалимдин укугун көмүскөдө калтырып коёбуз. Ошондуктан айрым учурда окуучунун терс сапаттарын ачык айтып, туура эмес кадамын көзөмөлгө алуу кажет.

- Сиз география мугалимисиз. Кандай ыкмалар менен сабак өтсөңүз балдарга кызыктуу болот?

- Азыркы окуучуларды төрт дубал ичине камап окутуу өз натыйжасын бербейт. Биз окуучу кезде география илимин түшүнүү үчүн доска, карта, глобус жана китеп эле жетиштүү туюлчу. Азыр балдарды мындай ыкма менен сабакка кызыктыра албайсың. Азыр интернет өнүгүп, көп маалыматты окуучу мугалимсиз эле алып алат.

Мен сабагым кызыктуу болушу үчүн экскурсиялык, практикалык сабактарды өтөм. Атайын материалдардын жардамы менен Кыргызстандын макетин колго жасайм. Бул эле чек эмес, интерактивдүү доска да мыкты курал. Аны интернетке туташтырып, керектүү маалыматтарды коюп берүүгө мүмкүн. Көптөгөн мамлекеттик мектептерде мындай мүмкүнчүлүк болбогондуктан, сабакка кызыкпайт жана мындан улам айрым окуучулар мугалимге болгон жек көрүү сезими менен жашайт.

Бийик Рыскулов өзү жасаган Кыргызстандын картасы.
Бийик Рыскулов өзү жасаган Кыргызстандын картасы.

- Коронавирустан улам өлкөдөгү билим берүү мекемелери онлайн окутууга да өттү. Бул билим сапатына кандай таасир берди, өлкө үчүн тажрыйба боло алдыбы?

- Чынында, аралыктан окутуунун терс жагы көп болду окшойт. Анткени азыр сабак берип жатканда окуучунун билим деңгээли төмөндөп кеткенин байкоодобуз. Онлайн окутууда дагы дээринде бар, билимге умтулган окуучулар өздөрү эле сабакка кирип, окуп, изденишет. Ал эми ата-энеси көзөмөл жүргүзбөгөн, жалкоо балдар мындай чакта деле эски адатын карматышат.

Аралыктан окутуу негизи баары бир зарыл болот келечекте. Мисалы азыр радиодон атайын күндөрдү белгилеп, онлайн уктуруу сабактарды даярдап, керектүү темаларды бат-бат чыгарып турушубуз керек. Анткени интернет жок тоолуу аймактарда да билимди толук кандуу ала албай жаткан жеткинчектер көп.

Бийик Рыскулов 2020-жылы "Мугалим" журналы тарабынан "Жылдын мыкты мугалими" төш белгиси менен сыйланган.
Бийик Рыскулов 2020-жылы "Мугалим" журналы тарабынан "Жылдын мыкты мугалими" төш белгиси менен сыйланган.

- Өлкөнүн калааларында болсун, айылдарында болсун, айтор эркек мугалимдер, жаш адистер аз санда. Канткенде алардын катары калыңдайт?

- Мен бул соболго жооп берип жатып, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мекендештериме кайрылгым келет. Кадырлуу колунда бар мекендештер, билим берүү тармагына демөөрчүлүк кылып калыңыздар. Себеби азыр билим берүү демөөрчүлүккө муктаж. Өлкөбүз боюнча 80 миңдей мугалим бар. Эгерде алардын муктаждыктарын чечип берүүчү колдоочулар болсо, анда биз бул тармакта болуп көрбөгөндөй секирик жасамакпыз. Бир мисал айтайын, мен бүгүн жаш кесиптештериме жана алардын окуучуларына жолугуп, кеп-кеңештеримди айтканга бардым эле. Анан ошол жерден тарыхчы жаш мугалим менден "чет жакка мигрант болуп кетсемби" деп кеңеш сурады. Себебин сурасам мектептеги айлыгы 10 миң сом экен. Бул өзүнө жеткени менен үй-бүлөсүнө жетпеши белгилүү да. Мен "канча сом жетиштүү болор эле" десем "Болгону 20 миң болсо жетет эле" дейт. Ушинтип туңгуюкта жүргөн жаш кадрлар көп да, аларды колдоп калышыбыз керек. Анан да биз колдон келсе мыкты адистерди чет өлкөлөргө алып чыгып, тажрыйбасын арттырсак келечегибиз үчүн мыкты кадамдардан болмок.

Бийик Рыскулов 1992-жылы 2-июнда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Өрүктү айылында туулган. Борбордогу 1-гимназия интернатын аяктап, Ү. Асаналиев атындагы Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтун аяктаган. Учурда Бишкек мамлекеттик университетинде өз адистиги боюнча билимин улантып жатат.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG