Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:15

Нарындагы контейнер мектептин ордуна жаңы мектеп салынды


Кеңеш айылына курулган жаңы мектеп жана контейнерден курулган эски мектеп.
Кеңеш айылына курулган жаңы мектеп жана контейнерден курулган эски мектеп.

Нарын районунун Кеңеш айылында 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Мектептин курулушуна 57 млн. 937 миң сом бөлүнгөн. Анда 172 окуучу билим алып, 22 мугалим эмгектенет.

Кеңеш айылынын окуучулары 2019-2020-жылкы окуу жылын контейнер мектепте окуп баштаган. Бул көрүнүш коомчулуктун кескин сынына кабылып, окуучулар бир айдан кийин жергиликтүү клубдун имаратына көчүрүлгөн.

Турак жай - жарандык курулуш департаменти 2019-жылы атайын комиссия менен бирге өлкө боюнча авариялык абалдагы 245 мектепти аныктаган. Курулуш агенттиги тарабынан 237 мектептин курулушу башталып, ага 9,7 миллиард сом бөлүнгөн. Мунун ичинен быйыл жыл аягына чейин 85 мектеп бүткөрүлүп колдонулууга берилери маалымдалган. (МТа)

2019-жылы сентябрда тартылган видео.

XS
SM
MD
LG