Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Белгия малды мууздап союуга тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Белгиянын түндүгүндөгү Фландрия аймагында малды мууздап союуга тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, бодо мал болобу же үй канаттууларыбы, айтор, алар алгач эстен тандырылгандан кийин гана союлушу керек. Мындай эрежеге мусулмандар менен жөөттөрдүн диний уюмдары нааразы.

Малды биринчи эстен тандырып сойгон туурабы же дароо эле мууздаган оңбу? Кайсы ыкма жаныбардын жанын азыраак оорутат? Кайсынысы адамгерчиликтүү кадам? Дал ушул суроолор Белгияда кайрадан талкууга түштү.

Себеби 1-январдан тарта Батыш Европадагы бул өлкөнүн 44 пайыздан ашыгын түзгөн Фландрия регионунда жаныбарларды мууздап союуга тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Жаңы эреже боюнча, мал алгач эстен тандырылышы керек.

Адатта ал үчүн тапанча сымал атайын аспаптан жаныбардын чыкый тушуна учтуу шиш же бурама аттырышат. Канаттууларга электрошок жетиштүү болот. Малды атайын газ менен да эстен тандырган учурлар бар.

Мындай мыйзамды Белгиянын Фландрия аймагынын парламенти 2017-жылдын июнь айында эле кабыл алган. Мыйзамдын авторлору жаныбарларга ырайымдуураак жана адамгерчиликтүү мамиле кылуу зарыл дешет.

Негизги демилгечилердин бири, Фландриянын Коомдук иштер, туризм жана жаныбарлардын укугу боюнча министри, оңчул саясатчы Бен Уэйтс мыйзам парламентте талкууланып жатканда мындай чара башка өлкөлөргө да жайылышы керектигин айтканы бар:

- Биз фландриялыктар жаныбарлар үчүн бекем турду, аларга кам көрүү багытында Европада алдыга чыкты деп анык айта алабыз. Биз бүтүндөй Европага, бүтүндөй дүйнөгө үлгү болуп жатабыз, - деп билдирген министр Уэйтс.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ал январь айынын башында мыйзам күчүнө киргенин "Твиттер" аркылуу да жар салып, жаныбарларга кам көрүүнү уланта берерин ишара кылды. Бельгиядагы жаныбарлардын укугун коргогон уюмдар жана улутчул кыймылдар жаңы мыйзамды кубаттап жатышат.

"The New York Times" басылмасы "Жаныбарлардын кызыкчылыгы үчүн глобалдык аракет" аттуу уюмдун башчысы Анн Де Греефтин малды мууздап сойгондорду сындаган сөзүн келтирди.

"Алар мыйзам алдында жооп бербестен, орто кылымда жашай берүүнү жана эстен тандырбай, мууздоону уланта берүүнү каалайт. Бельгияда мыйзам динден өйдө турат", - деп айткан белгиялык активист.

Диний уюмдар жаңы чарага нааразы

Бирок 2017-жылы мыйзам кабыл алынып жатканда да, ал жакында күчүнө киргенден кийин да бул маселе Белгиядагы мусулмандардын жана жөөттөрдүн нааразылыгы менен коштолууда.

Бул өлкөнүн 11 миллиондон ашык калкынын 500 миңге чукулун мусулмандар, 30 миңдейин жөөттөр түзөт.

Мусулмандар мууздалып, каны сарыктырылып союлган малдын этин "адал" деп эсептешет. Жөөттөрдүн да диний ишенимдерине ылайык, тамак-ашта колдонулган эт мууздалып союлган малдыкы болушу кажет.

Бул эки диний топтун өкүлдөрү жаңы мыйзамга каршы Бельгиядагы Конституциялык сотко арыз жолдошкону белгилүү болду.

Алардын бул маселе боюнча позициясын Лондондогу "Ислам адам укуктары комиссиясынын" башчысы Массуд Шаджарех да колдойт:

- Далилдер көрсөткөндөй, малды эстен тандырып сойгондон же адал жол менен сойгондон жаныбар үчүн зыян азайып калбайт. Эстен тандыруу дегенде электрошок же чыкыйга металл бурама киргизүү жөнүндө сөз кылып жатабыз. Бул жол адамгерчиликтүү эмес.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кантсе да бул маселе "жаныбарларга жасалган ырайымдуу мамиле менен диний жөрөлгөнүн ортосундагы тең салмакты кантип табуу керек деген суроону кайрадан күн тартибине чыгарды.

Европанын бир катар өлкөлөрүндө Курман айт майрамы учурундагы мал союу ыкмасы маал-маалы менен талкууланып турат.

Ошентсе да бул чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөр диний жөрөлгөлөр үчүн малды мууздап союуга уруксат берген.

Маселен, Нидерландда өкмөт менен диний топтор мунаса табышкан. Ага ылайык, жаныбар мууздалгандан 40 секунд өткөндөн кийин жаны чыкпаса, атайын жабдык менен эстен тандырылышы керек.

Бельгия диний ритуалдар үчүн малды мууздаганга толугу менен тыюу салган Швеция, Норвегия, Исландия, Дания жана Словениянын катарына кошулду. Бул өлкөдө жаңы мыйзам азырынча Фландрия аймагында гана ишке киргенине карабастан, ушудай эле чара жыл соңун утурлай Бельгиянын түштүк бөлүгүндө да же Валлония аймагында иштеп баштамакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG