Тараптардын элчилер деңгээлиндеги дипломатиялык байланыштарын калыбына келтирүү боюнча чечими тууралуу 17-сентябрда АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Дэвид Хейлдин Беларус президенти Александр Лукашенко менен Минскиде жолугушуусунан кийин жарыяланды.
Президент Лукашенко ортодогу мамилелерди жөнгө салыш үчүн Беларусь Вашингтонго бир нече ирет ишарат кылганын айтты:
«Азыркы дүйнөдө бир кездери орток душманга каршы бир тарапта согушкан эки мамлекеттин ушундай чабал мамиледе болушу нормалдуу көрүнүш эмес. Алакаларыбыздын өнүгүүсү үчүн бар аракетибизди жумшайбыз».
Хейл болсо Вашингтон аймактагы коопсуздук кырдаалына олуттуу көңүл бурарын, Беларустун эгемендигин жана өз алдынчалыгын колдоорун белгиледи:
«Мамлекеттик катчы Майк Помпео эки тараптуу мамилелер үчүн ушундай маанилүү тарыхый окуяга катышуумду суранган. Кездешүүбүздөн кийин ушунча жылдан соң элчилерди кайра жөнөтүү тууралуу жарыя жасаганы турабыз. Мен сиздин сөзүңүзгө кошулам. Мындай көрүнүш жакшы эмес. Мамилелерибиздеги ал баракты жаап жатканыбыз кубанычтуу».
Вашинтондун өкүлү Беларус менен толук жарамдуу байланыштарды калыбына келтирүү менен кайсы бир өлкөгө атаандашууну көздөбөгөнүн, башкы максат эки тараптуу алакалардын потенциалын пайдалануу экенин кошумчалады.
Беларуста 2006-жылкы президенттик шайлоодон кийинки элдин нааразылык акциялары күч менен басылган. Анын артынан Кошмо Штаттар менен Европа Биримдиги Минскиге санкция салышкан. 2008-жылы Беларус Вашингтондогу элчиси Михаил Хвостовду кеңешүү үчүн чакыртып алып, көп узабай АКШнын Минскидеги элчиси Карен Стюарт да мекенине кайткан. Ошондон бери дипломатиялык миссияны убактылуу ыйгарымдуу өкүлдөр жетектеп келатат.
Тараптар ошондой эле элчиликтердеги кызматкерлердин санына чектөө киргизген. Муну менен Беларус жарандары виза алууда, консулдук маселелерди чечүүдө Комшо Штаттардын башка мамлекеттердеги элчиликтерине кайрылууга мажбур болуп, бир топ кыйынчылыктар жаралган. Быйыл январда Беларус өлкөдөгү америкалык дипломаттардын санына болгон чектөөнү алып салды.
Өткөн айда АКШнын ошол кездеги улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Минскиге барып кетти. 20 жылдан бери Ак Үйдүн бир да жогорку өкүлү Беларуска барган да, Европанын акыркы диктатору атыккан Лукашенко менен жолугушкан да эмес.
Эки өлкө салкындап кеткен өз ара мамилелерин Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алып, Беларустун аймактык бүтүндүгүнө коркунуч жаралышы мүмкүн деген кооптонгон пикирлер айтыла баштагандан кийин кайра карап чыгууну чечишкен.
Беларус Евразия Экономикалык Биримдигине жана Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна мүчө. Талдоочулардын баамында, Москва бул чөлкөмдүк уюмдарды мурдагы советтик республикаларга таасирин күчөтүү, Европа Биримдиги менен НАТОго туруштук бериш үчүн пайдаланат.
Кремль ошондой эле 20 жылдан бери дымып турган Беларус менен союздук мамлекет түзүү долбоорун улантууга дилгир экенин билдирүүдө.
НАТО Чыгыш Европага карай кеңейгени, Москва Беларус аймагына аба күчтөрүнүн базасын жайгаштыруу планын сунуштап келатат. Бирок Минск бул долбоорлорго анча кызыкпагандай.
Америкалык элчи Минскиге качан барып, орун-очок алары так белгисиз. Адегенде ал талапкер Сенаттын жактыруусунан өтүүгө тийиш.