29-августта Минскиден кайтардын алдында Жон Болтон «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун беларус кызматынын суроолоруна жооп берип жатып, президент Александр Лукашенко менен бир топ маселелерди талкуулаганын айтты:
«Президент Лукашенко менен жолугушуубуз күтүлбөстөн эки саат, 15 мүнөткө созулуптур. Биз абдан көп маселелерди кеп кылдык. Албетте, алардын бирин да чечкен жокпуз. Мен маселелерди дароо чече калабыз деп келген эмесмин. Бирок абдан жакшы кездешүү болду деп ойлойм».
Болтон беларус баш калаасына «Москванын салттуу таасир чөйрөсү» деп эсептелген аймакты кыдыруунун алкагында барып кетти.
Минскинин алдында президент Трамптын кеңешчиси Кишинёвдо, ага чейин бир нече күн Киевде болгон. Лукашенко Болтонду жылуу тосуп алып, эки өлкө ортосундагы алакалардын «жаңы барагын» ачууга даяр экенин айтты.
«АКШ менен мамилебиз начарлагандан бери биз дайыма бул «жагымсыз баракты» артта калтырууну сунуш кылып келатабыз», - деди беларус мамлекет башчысы.
Өлкөнү чейрек кылымдан бери башкарып келаткан, «Европанын акыркы диктатору» атыккан Лукашенко, Болтондун визити болочок алакаларга пайдубал түзүүгө жардам берерин, бардык маселелерди ачык-айкын талкуулай турганына ишенип турганын айткан.
Соңку 20 жылдан бери америкалык мындай жогорку даражалуу расмий адам Беларуска бара элек болчу. 2006-жылкы президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциялары күч менен басылган соң Кошмо Штаттар менен Европа Биримдиги Минскиге санкция салышкан. 2008-жылы Беларус Вашингтондогу элчисин чакыртып алып, көп узабай АКШнын Минскидеги элчиси ал өлкөдөн кеткен. Тараптар элчиликтердеги кызматкерлердин санына чектөө киргизген. Быйыл январда Беларус өлкөдөгү америкалык дипломаттардын санына чектөөнү алып салды.
«Адам укуктары, куралды жайылтпоо жана башка маселелерден улам Беларуска каршы киргизилген санкцияларды талкуулайбыз деп ойлойм. Ал маселелерди чече алабызбы, көрөбүз. Менимче, ал маанилүү, өтө татаал сүйлөшүүлөр болот. Бирок андай сүйлөшүү жүргүзүш керек», - деди Болтон.
Беларус Евразия Экономикалык Биримдигине жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө. Талдоочулардын баамында, Москва бул чөлкөмдүк уюмдарды мурдагы советтик республикаларга таасирин күчөтүү, Европа Биримдиги менен НАТОго туруштук бериш үчүн пайдаланат.
Кремль ошондой эле 20 жылдан бери дымып турган Беларус менен союздук мамлекет түзүү долбоорун улантууга дилгир экенин билдирүүдө.
Бул маселеге кайрылган Трамптын кеңешчиси «Орусия менен мамилелердин багытын беларус элинин мүдөөсү аныктоого тийиш» деди.