Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:10

Беларус соту Тихановскаянын күйөөсүн 18 жылга кести


Солдон оңго (камераны карап тургандар): Игорь Лосик, Сергей Тихановский, Гомель, 24-июнь 2021-жыл.
Солдон оңго (камераны карап тургандар): Игорь Лосик, Сергей Тихановский, Гомель, 24-июнь 2021-жыл.

Беларуста оппозиция лидери Светлана Тихановскаянын күйөөсү Сергей Тихановский баштаган алты активист-блогер 14 жылдан 18 жылга чейин абакка кесилди. Аларга "жапырт башаламандык уюштуруу" сыяктуу бир нече айып коюлган. Тихановская "Беларустун диктатору күчтүү оппоненттеринен өч алып жатканын" айтты.

Беларустун түштүк-чыгышындагы Гомель шаарында көпчүлүктүн көңүл борборунда турган сот иши боюнча өкүм 14-декабрда түштөн кийин чыкты. Ага ылайык, белгилүү блогер Сергей Тихановский 18 жылга, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун медиаконсультанты Игорь Лосик 15 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесилди.

Блогер Владимир Цыганович 15 жылга , YouTube каналындагы "Жашоо үчүн өлкө" баракчасынын оператору Артем Саков 16 жылга, модератор Дмитрий Попов да 16 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылды. Каттоого алынбаган Беларус социал-демократиялык партиясынын лидери, саясатчы Николай Статкевичке 14 жыл жаза мөөнөтү берилди.

Оппозициячыл активисттер менен блогерлерге "социалдык кастыкты козуткан", "жапырт башаламандык уюштурган" деген айыптардан тышкары "Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук жараткан", "коомдук тартипти бузган" деген сыяктуу бир нече негизделбеген кинелер коюлган. Укук коргоочулар айыптарды кескин түрдө четке каккан бул активисттерди "саясий туткун" деп тааныган.

Беларус оппозициясынын бозгундагы лидери Светлана Тихановская шейшембидеги сот өкүмү тууралуу "Твиттерге" пикирин жазып, оппозиция өкүлдөрү "эркин Беларуста жашагысы келгени үчүн куугунтукталып жатканын" белгиледи.

"Диктатор күчтүү оппоненттеринен элдин көзүнчө өч алып жатат. Ал саясий туткундардын маселесин жабык сот иштери аркылуу жаап-жашыруу жолу менен репрессияны угузбай улантууга үмүт артууда. Бирок бүтүндөй дүйнө көрүп турат. Биз токтобойбуз", - деп билдирди Тихановская.

Светлана Тихановская Европа парламентинде сүйлөп жаткан учур, Страсбург, 24-ноябрь 2021-жыл.
Светлана Тихановская Европа парламентинде сүйлөп жаткан учур, Страсбург, 24-ноябрь 2021-жыл.

Катаал жаза, узакка созулган соттук иш

"Тихановскийдин иши" деген атка конгон бул соттук териштирүү 24-июндан бери Гомель шаарындагы тергөө абагында жабык өтүп келди. 173 күндүк соттук териштирүү Беларустун тарыхындагы эң узакка созулган иш катары сыпатталган.

Соңку сот өкүмү Беларустагы 2020-жылдын августундагы президенттик шайлоо өнөктүгү жана ага каршы нааразылык акцияларынан берки эң жогорку жаза мөөнөтү болуп калды. Буга чейин президенттикке талапкер Виктор Бабарико 14 жылга, оппозициячыл активист Мария Колесникова 11 жылга эркинен ажыратылган.

Тихановский баштаган айыпталуучунун баары былтыркы талаштуу президенттик шайлоого чейин кармалган. Беларус бийлиги бул шайлоону өлкөнү 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаганы менен мындай жыйынтыкты оппозиция жана Батыш өлкөлөрү тааныган эмес.

Бул шайлоого популярдуу видео блогер Сергей Тихановский катышууга аракет кылган. Бирок беларус бийлиги анын бул аракетине бөгөт койгон. Блогер камакка алынгандан кийин жубайы Светлана Тихановская шайлоого аттанып, добуш берүүчүлөрдүн арасында чоң колдоого ээ болгон.

Беларус оппозициясы жана Батыш өлкөлөрү шайлоону Тихановская жеңгенин билдирип келет. Шайлоодон кийин оппозиция лидери эки баласы менен Литвага чыгып кеткен.

Солдон оңго: жогорку катар - Игорь Лосик, Сергей Тихановский, Николай Статкевич; төмөнкү катар – Владимир Цыганович, Артем Саков, Дмитрий Попов.
Солдон оңго: жогорку катар - Игорь Лосик, Сергей Тихановский, Николай Статкевич; төмөнкү катар – Владимир Цыганович, Артем Саков, Дмитрий Попов.

Журналисттерге каршы чабуул

Айыпталуучулардын бири, медиаконсультант Игорь Лосикти беларус милициясы 2020-жылдын 25-июнунда үйүнөн кармап кеткен.

Телеграмдагы популярдуу каналы бар журналистке "коомдук тартипке шек келтире турган аракеттерге даярданган" деген сыяктуу үч айып тагылууда. Тергөө абагында журналистти уруп-сабап, ага психологиялык басым жасашкан. Ал мындан улам эки ирет ачкачылык кармоого аргасыз болгон. Камалгандан бери аялы жана кызы менен бир гана жолу жолуккан.

Март айында үчүнчү айып тагылганда Лосик каршылык иретинде колун кесип жиберген. Ага акыркы ирет кандай айып коюлганын жакындары да алигиче так биле албай келишет.


Лосик өзүнө тагылган айыптардын баары ойдон чыгарылганын билдирген. Батыш мамлекеттеринин дипломаттары бир нече жолу беларус бийлигин аны бошотууга чакырышкан.

"Эркин Европа / Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай сот өкүмүнүн алдында билдирүү таратып, Лукашенконун режимин Лосикке жана башка журналисттерге карата кабыл алынгыс мамилени токтотууга чакырды.

"Ал жана аны менен кошо айыпталгандар беш айдан бери баштан кечирип келе жаткан жабык сот иши акыйкаттыктын чектен чыккан пародиясы. Биз кайрадан Лукашенконун режимин медиа уюмдарына, Игорь сыяктуу журналисттерге жана блогерлерге каршы чабуулун токтотууга, ага аялы менен кызына кайтып барышына уруксат берүүгө чакырабыз", - деп билдирди Жейми Флай.

Беларус бийлиги эмне үчүн алты адамдын иши сотто чогуу каралганын, соттук териштирүү эмне себептен жабык өтүп жатканын түшүндүргөн эмес.

Былтыркы талаштуу шайлоодон бери Беларуста бийликке каршы демонстрацияга чыккан он миңдеген адамдар кармалган. Укук коргоочулар камакка алынган 800дөй кишини саясий туткун деп тааныган.

Шайлоодон бери өлкөдө көз карандысыз медиага, социалдык тармактардагы сынчыл көз караштагы каналдарга, жарандык уюмдарга басым-кысым да күчөдү. Айрымдары жабылууга аргасыз болду. Учурда беларус оппозициясынын бир бөлүгү абакта жатат, же чет өлкөдө бозгунда жүрөт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG