Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

"Батукаев иши": Атамбаевдин адвокаттары Жогорку сотко кайрылды


Алмазбек Атамбаев сотто, 28-июнь, 2022-жыл.
Алмазбек Атамбаев сотто, 28-июнь, 2022-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары аны кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга айыптаган өкүмдү жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко арыз жазганын билдиришти.

Алар буга чейин Жогорку сотко кассациялык даттануу укугу четке кагылып келгенин, азыр бул укуктан пайдаланышканын белгилешти. Жогорку Соттун басма сөз кызматы даттануу түшкөнүн, катталганын ырастай элек.

Даттануу укугу: ишти кайра кароого табылган жол

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары аны кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мөөнөтүнөн мурун бошотууга айыптаган Биринчи май райондук сотунун өкүмүн жана аны күчүндө калтырган шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча Жогорку Сотко кассациялык арыз менен кайрылышты. Кылмыш-жазык-процессуалдык кодексинде биринчи инстанциянын күчүнө кире элек сот өкүмүнө аппеляциялык негизде, ал эми күчүнө кирген сот өкүмүнө Жогорку сотко кассациялык даттануу укугу бар.

Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев мурда четке кагылып келген кассациялык даттануу бул жолу кабыл алынганын билдирди:

Сергей Слесарев, Атамбаевдин адвокаты. 2019-жыл.
Сергей Слесарев, Атамбаевдин адвокаты. 2019-жыл.

"Алмаз Шаршенович кассациялык даттануу укугунан пайдаланган эмес. Биз райондук жана шаардык соттун эки өкүмүнө даттанган эмеспиз. Азыр эми анын кассациялык арызы берилди. Процессуалдык жактан жана иштин өзүндө эч кандай далилдер болгон эмес. Ал сот өкүмү негизсиз жана мыйзамсыз жазылган. Күнөөсүн далилдеп, айыптуу деп табуу жана анын мүлктөрүн камакка алган токтомдордун бардыгы мыйзамсыз кабыл алынган. Ага каршы бир дагы далил же көрсөтмө жок. Бирөө да аны бир нерсеге күнөөлөп, көрсөтмө берген эмес. Анан албетте, иште бир дагы далил заты келтирилген жок".

Кассациялык арыздын чоо-жайы

Адатта мыйзам боюнча мурда Жогорку соттун өкүмү чыккан кылмыш иштери кайра кароого же даттанууга жатпайт. Бирок иште кайра жаңы ачылган жагдайлар пайда болсо, адвокаттар кайрылып, прокуратура алардын мыйзамдуулугун тааныса, ишти сотто кайра кароо тажрыйбасы бар. Бирок Атамбаевдин ишинде жаңы ачылган жагдайлар эмес, анын кассациялык даттануу укугу колдонулбай, каралбай калганы жүйө келтирилген. Себеби, адвокаттын айтымында биринчи инстанциянын өкүмү прокурордун сунушу менен шаардык сотто каралган.

Жогорку Кеңештин депутаты, юрист Дастан Бекешев кассациялык даттануу мурда ылдыйкы сот инстанцияларында кетирилген мыйзам бузуулар менен катачылыктарды кароого байланыштуу экенин белгиледи:

Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутаты.
Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутаты.

"Кассациялык даттанууну кароо тартиби адатта ага чейинки соттук инстанциялардагы процессуалдык маселелерге байланыштуу болот. Негизинен анда ага чейинки соттук териштирүүлөрдө далилдерди, көрсөтмөлөрдү кароо же карабай коюуга байланыштуу кетирилген кемчиликтер, катачылыктар жана мыйзам бузуулар болгон деген нерсени карайт. Азыр эми бул иш Жогорку сотто толугу менен каралабы же каралбайбы, анысын билбейм. Анткени буга чейин чечим чыккан да. Менимче, адвокаттар мүмкүнчүлүк таап, мисалы, мурда бир протокол жок болуп калган же сот кайсы бир өтүнүчтү же арызды караган жок деген негиздеги процессуалдык маселелер болушу мүмкүн. Алар сот жараянындагы катачылыктарды таап, ошолорго таянып, ишти бузуу үчүн даттанып жатышса керек".

"Атамбаев чет элден дарылоого муктаж"

Атамбаевдин тарапташтары бир канча убакыттан бери аны ден соолугуна байланыштуу бошотууну талап кылып келе жатышат. Алар Орусиянын президентинин иш башкармалыгына караштуу клиниканын Атамбаевди дарыланууга чакыруу кагазы деген көчүрмөнү соцтармакка чыгарышкан.

Социал-демократтар партиясынын өкүлү Алга Кылычев мурдагы президент чет өлкөдө дарыланууга муктаж экенин айтты.

Алга Кылычев, Социал-демократтар партиясынын өкүлү. 16-май, 2019-жыл.
Алга Кылычев, Социал-демократтар партиясынын өкүлү. 16-май, 2019-жыл.

"Бул киши өзү ооруп жатканын айтпайт. Кичине көк бет да. Бирок Алмазбек Атамбаевдин оорусу аябай эле орчундуу болуп турат. Кээ бирөөлөр аны Кыргызстанда эле дарыласа болбойбу деп жазып жатышпайбы. Андай эмес. Ал кишиге биздин мамлекетте жок жабдуулар менен операция жасай турган жагдайлар түзүлүп калды. Азыр каралбай калып, тергөө абактарында адамдар өлүп калып жатат. Ошондуктан биздин тарапташтар Атамбаевдин саламаттыгына тынчсызданып жатабыз".

Кыргызстандын эки жолку премьер-министри, Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болгон жана 2011-2017-жылдары мамлекетти башкарган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча камалган.

"Батукаев ишине" байланыштуу айыпталгандар

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, «коррупцияны уюштурууга» айыптуу деп тапкан. Судья Эмилбек Каипов мурунку президентти 11 жыл эки айга кесип, аны мамлекеттик сыйлыктарынан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган.

"Эркин Эл" саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков Атамбаевдин тегерегиндеги иш-аракеттер, Жогорку сотко жазылган арыз тууралуу буларга токтолду:

Мавлян Аскарбеков, "Эркин-Эл" партиясынын лидери.
Мавлян Аскарбеков, "Эркин-Эл" партиясынын лидери.

"Орусиядан кайрылган кат келеби, АКШдан келеби же Түркиядан келеби? Биздин мамлекеттин ички иштерине кийлигишикенге алардын эч кандай акылары жок. Биз ички иштерге кийлигишүүгө жана басым жасоо аракеттерине караманча каршыбыз. Сот жараянын кароо үчүн басым жасап, ага кийлигишүүгө жол бербешибиз абзел. Анан дагы кандай гана сүйлөшүүлөр болбосун, Атамбаев мамлекетти башкарып турган учурдагы кетирген одоно катачылыктары, ошол эле - Батукаевди абактан бошотуп жиберген аракети үчүн жооп берүүгө тийиш. Ал эми анын саламаттыгына байланыштуу маселе биздин мыйзамдарда көрсөтүлгөн тартипте каралышы кажет".

"Батукаев иши" боюнча мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага 5 миллион сом айыппул салынса, Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановго дагы айып тагылып, жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, ага жаза чегерилген эмес. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев эки жылга соттолуп, бирок анын камакта отурган мөөнөтү эсептелип, жазасын өтөгөн деген негизде сот залынан бошотулган.

"Батукаев иши" боюнча айыптуу деп эсептелгендердин ичинен тергөө менен кызматташкандардын иши өзүнчө каралып, сот жообунан айып пул менен чыгышкан. Алардын катарында мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Шамил Атаханов, экс-башкы прокурор Аида Салянова, Жаза аткаруу кызматынын ошол кездеги башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, мурдагы судья Жапар Эрматов жана дарыгер-лаборант Ирина Цопова баш болгон 13 киши бар.

Кыргызстанда маңзат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты, ичер суусу аз калды» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан.

Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, атайын рейс менен Орусияга учуп кеткен.

XS
SM
MD
LG