Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

Атамбаев эки иш боюнча акталды


Биринчи май райондук соту 16-июндагы отурумунда үч жылдан бери абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди эки иш боюнча актады. Соңку күндөрү Бишкектеги Кардиология борборунда дарыланып жаткан Атамбаев өзү да жараянга катышты.

Ишти караган судья Мирлан Термечиков мурдагы президент Бишкектин жака белиндеги Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп курууда жана мурдагы “Себат” окуу жайынын түркиялык 10 демөөрчүсүнө кыргыз жарандыгын берүүдө мыйзам бузган эмес деп тапты.

Соттук жараяндын жүрүшүндө мамлекеттик айыптоо буга чейин айыптарды колдоодон баш тарткан.

"Атамбаевдин башка кызмат адамдары менен кылмыштуу аракети далилденген жок. Буга байланыштуу мектепти куруу боюнча айыптоо эпизоду боюнча мамлекеттик айыптоочулар жана жабыр тарткан тараптын өкүлдөрү: Министрлер кабинети жана Бишкек шаардык мэриясы сотто айыптоону колдоодон баш тартты. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө судья Атамбаевге актоо токтомун чыгаруу чечимине келди", - деп чечимди окуду судья Мирлан Термечиков.

Мындай жол менен соңку төрт жылда жети кылмыш иши козголгон Алмазбек Атамбаев эки иш боюнча акталды.

Анын адвокаты Замир Жоошев соттун соңку чечимин мыйзам ченемдүү көрүнүш катары сыпаттады. Адвокаттын жүйөсүндө Атамбаевдин бул иштерде мыйзам бузбаганы боюнча далилдер келтирилген.

Замир Жоошев
Замир Жоошев

"Ушундай эле аякташы керек болчу. Биз бул иш туура эмес козголгонун айтып келе жатабыз. Анткени, Баш мыйзам боюнча президенттин жарандарды кабыл алууга укугу бар. Түркиялыктар "Себат" мектебине өз каражатын жумшаган инвесторлор болгону үчүн билим берүү тармагына салым кошсун деген максатта кабыл алган. Мектеп боюнча деле Алмазбек Атамбаевдин аракетинде кылмыш курамы болгон эмес. Ал Баш мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын алкагында иш алып барган".

Атамбаев кайсы иштер боюнча акталды?

Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна тиешелүү иште Алмазбек Атамбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып тагылган.

2018-жылы козголгон бул кылмыш алкагында Бишкектин мурдагы мэрлери, Атамбаевдин жакын үзөңгүлөштөрү Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов баштаган 11 адам фигурант катары өткөн. Жыйынтыкта, Кубанычбек Кулматов баштаган 11 адам акчалай айыпка жыгылып, камактан бошотулган.

Ал эми Ибраимов мектеп курулушундагы коррупцияга жана "Дастан" ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген.

2020-жылдагы Октябрь окуялары учурунда абактан чыккан Албек Ибраимовдун андан бери кайда экени белгисиз. Ага издөө жарыяланган.

Ал эми бүгүн актоо чечими чыккан түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген деген кылмыш иши 2021-жылы жайында "Себат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды жоголгон соң козголгон эле.

Мындан соң атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Инанды кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартканы мыйзамдуу экенин билдирген.

Андан көп өтпөй Орхан Инандыга жана башка түрк жарандарына "мыйзамсыз жарандык берүү" боюнча өзүнчө иш козголгон. Бул иштин алкагында Алмазбек Атамбаев менен анын аппарат башчысы Фарид Ниязовго айып тагылган. Ниязовдун иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, учурда сотто жаңыдан гана карала баштады.

Атамбаевге тагылган бул иштер боюнча акталышы мүмкүн экени буга чейин болжолдонуп жаткан. Анткени, бийлик өкүлдөрү бул тууралуу айтканда ишара кылып жатышкан.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов Атамбаевге козголгон мектептин курулушу, паспорт иши, Батукаевдин бошотулушу боюнча кылмыш иштерин “күлкү келтирээрлик” деп атаганы айтылган. Мындай бааны Байсалов Социнтерндин төрагасы Луи Аяла менен жолугушуу учурунда бергенин Социал-демократтар партиясынынын лидери Темирлан Султанбеков коомчулукка жар салган. Кийинчерээк Эдил Байсалов жогорудагы маалыматты ырастап, Атамбаевге сөз болгон кылмыш иштерин Садыр Жапаров козгобогонун билдирген эле.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ушул аптада "Новые лица" басылмасына курган маегинде бул иштерди анча оор эмес деп мүнөздөгөн.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

"9-октябрдагы иш, мектеп, паспорт боюнча кылмыш иштери анча маанилүү эмес кылмыштардын категориясына кирет. Алар өлкөгө анча коркунуч туудурбайт. Бул иштер боюнча жакында чечим кабыл алабыз. Ошол эле учурда коркунучтуу кылмыштар да бар", - деген.

Камчыбек Ташиев коркунучтуу кылмышка кайсы иштер кирерин айткан эмес. Бирок Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге мындан сырткары беш кылмыш иши бар. Алар төмөнкүлөр:

“Батукаев иши”

2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин мамилеси бузулуп, 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу кылмыш иши тергеле баштайт. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы “коррупция” беренеси коюлат. 2020-жылы июнь айында Атамбаев 11 жылга соттолгон.

Ошол жылы Октябрь окуяларынан кийин мурдагы президенттин адвокаттарынын кайрылуусу менен Жогорку сот Батукаев ишин кайра кароого жөнөтөт. Бирок 2021-жылы 12-октябрда Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы президентке чыккан өкүмдү кайра күчүнө киргизген. Процесс дагы уланып, быйыл 15-мартта Жогорку сот буга чейинки инстанциялардын 11 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн күчүндө калтырып, Батукаевдин ишине чекит коюлду.

Кой-Таш окуясы

Алмазбек Атамбаевди “Батукаев иши” боюнча кармоо операциясы 2019-жылы август айында анын Кой-Таштагы үйүндө өткөрүлгөн. Күч органдарынын операциясы учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган.

13-августта ошол кездеги башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери боюнча маалымдама берилгенин билдирген. Жалпысынан бул үчүн Атамбаевдин тарапташтары экени айтылган 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

ЖЭБди модернизациялоо

2019-жылы июнь айында Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иши өзүнчө бөлүнүп, тергелип жатканы белгилүү болгон. Атамбаев кармалгандан кийин айыбы угузулган.

Аскер прокуратурасынын тергөө тобунун буга чейинки берген маалыматы боюнча Атамбаев Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөөдө коррупцияны уюштуруу - Жазык кодексинин 43-319-беренелеринин 2-бөлүгү («Кылмышка аралашуу» жана «Коррупция») менен шектүү катары өтүп жатат. ЖЭБ боюнча мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон бир нече жогорку кызмат адамдар соттолгон.

Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча

2019-жылы 16-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Атамбаев Жазык кодексинин “Кылмышка аралашуу” жана “Коррупция” беренелери боюнча айыпталып жатканын маалымдаган. Башкы көзөмөл органдын кабарлашынча, айрым мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкелеринин мыйзамга каршы аракеттеринин натыйжасында Атамбаев Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы “ТНК Дастандын” мыйзамсыз алган жерин дагы 2,7 гектарга кеңейткен. Андан тышкары стратегиялык объектиге кирген жерди алуу үчүн Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов жана башка жооптуу кызматкерлер менен туруктуу коррупциялык топ түзгөн.

Жогорудагы үч иш сотто бириктирилип каралууда

Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын августунан бери камакта. Мурдагы президент өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук деп атап келет. Соңку мезгилде мурдагы президенттин тарапкерлери саясатчынын ден соолугу начарлаганын айтып келишет.

Ушул апта башында Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү анын саламаттыгына байланыштуу кайрылуу таратты. Анда абакта жаткан учурда мурдагы президенттин саламаттыгы начарлап жатканын жана ага толук кандуу дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүү керектиги айтылат. Жакындары мурдагы президент чет өлкөдө дарыланышы керектигин айтышууда.

Бирок УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Атамбаевге керектүү медициналык жардам жана абакта тиешелүү шарт түзүлгөнүн билдирип келет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG