Максат: жаңы үйлөрдүн сапатына сын
Максат айылындагы кыргыз-тажик жаңжалы учурунда өрттөлгөн имараттардын курулушу аяктап, жеке турак жайлардын пайдубалы түптөлүп бүттү. Эми сип-панел менен аянты 123 чарчы метр болгон үйлөр тургузулат. Жарандардын бир бөлүгү жеңил конструкциядагы турак жайлардын сапатына ыраазы болбой жатышат.