Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:28

Анатолия: Түрк аялдарынын “Бажыйан-и Рум” аттуу кесиптик кошууну болду беле?


“Урум эже-сиңдилери”
“Урум эже-сиңдилери” – “Бажыйан-и Рум” кошууну. Көркөм сүрөт.

XI кылымда мусулман огуздардын Кичи Азиянын бир катар аймактарын каратып алган селжүк уруулары тууралуу ар кыл аңыз кептер бар. Алардын биринде селжүк аялдарынын “Бажыйан-и Рум” деп аталган кесиптик кошуун түзүп алышкандыгы жөнүндө айтылат. Деги, анатолиялык түрк аялдары ошончолук эркин болушканбы? Тарыхчынын блогу.

Оболу Кичи Азиянын саясий тарыхына чакан саякат жасайлы.

Анатолия бейликтери (бектиктери)

XI кылымдын экинчи жарымында Борбордук Азиядан Ортоңку Чыгышка жана Кичи Азиянын (Анатолиянын) айрым аймактарына ийгиликтүү аскердик жортуулдар аркылуу журт которуп келген селжүктөр (алар Борбордук Азиядагы огуз урууларынын бири болгон) Багдаддагы халифти да багындырып, ага диний башкарууну калтырып, өздөрү халифаттагы аскердик- саясий турмушту көзөмөлдөп калышкан.

Анан Анатолиядагы селжүк төбөлдөрү (бектери) бир катар чакан бектиктерди түзүшкөн. Бул “бек” титулу арап арибинде “бек”, “бег” деп жазылгандыгына карабастан, кийинчерээк анатолиялык түрктөр бул сөздү жумшартып “бей” деп айтып калышкан.

Натыйжада азыркы Түркиянын тарыхнаамасында бул чакан мамлекеттер өкүм сүргөн доор “Анатолия бейликтеринин доору” (“Anadolu Beylikleri dönemi”) деп аталып келет.

Бул мезгил эки баскычка бөлүнүп каралат: Биринчи Анатолия бейликтери доору 1081–1207-жылдарды камтыган. Бул өлкөлөрдүн ичинен узагыраак өкүм сүргөн чакан мамлекет – Ван көлүнүн атырабында 1100–1207-жылдары өкүм сүргөн Ахлатшахлар (же Сөкменлилер) бейлиги (Ahlatşahlar Beyliği, Sökmenliler Beyliği) болуп саналат.

Аны теги түрк болгон селжүк колбашчысы Сөкмен ал-Кутби негиздеген.

Бул чакан өлкө 1207-жылы суннийлердин Аййубий сулалесине биротоло каратылган.

Ал эми Экинчи Анатолия бейликтери доору болсо негизинен XIII–XV кылымдарды кучагына алган.

Бул доордогу Дулкадыр уулдары бейлиги гана узагыраак өкүм сүррүп, 1515-жылы кулаган (1522-жылга чейин ал Осмон султандыгына көз каранды бейлик болгон). Дулкадыр уулдары огуздардын бозок уруусунун ичиндеги Йылдыз уругуна таандык Авшар, Бейдили жана Каргын деген урукчалардан куралган.

Урумдагы уз жана жоокер эже-сиңдилер

Уламышка караганда, Анатолия бейликтери доорунун соңку мезгилинде Урум султандыгында аялдардан турган ыктыярдуу кесиптик кошуун түзүлгөн экен. Бул кошуун “Урум эже-сиңдилери” – “Бажыйан-и Рум” деп аталып калган имиш.

Парсыча “Бажыйан-и Рум” деген сөздү “Урум (б.а. Византия) жергесиндеги эже-сиңдилер” деп которсо болот.

Урум (Анатолия) эже-сиңдилери негизинен Кайсери шаарында кесиптик жана башка билим алышкан. Алар шаардагы Булгаарычылар (Debbağlar) базарынын жанындагы Токуу жана тикмечилик (Külahduzlar) базарында кесиптик кошуундарга баш кошуп, чөлкөмдүн чарбалык турмушуна жамаатташып катышкан.

Бул кесиптик кошуундарда токулган кездемелер жана килемдер менен селжүктөрдүн Урум султандыгындагы кардарлардын керектөөлөрү камсыздалып, андан тышкары алардын товарлары чет өлкөлөргө да сатыкка чыгарылган. Кайсери жергесинде оболу Фатма Бажы деген айым негиздеген уз аялдардын мындай кесиптик кошуундарынын тажрыйбасы Урум султандыгындагы башка коңшу аймактарга дагы таркалган.

Айтмакчы, Фатма Бажы дагы, анын энеси Амине Хатун дагы билимдүү жана уз аялдардан болушкан.

1243-жылы чыгыштан басып кирген моңгол аскерлери Кайсери шаарын камалоого алган чакта, Урум эже-сиңдилери да өз шаарын коргоого катышкан. Бул каарман аялдар эркектер сыяктуу эле куралданып алышып, өз өлкөсүнүн эгемендиги үчүн согушкан, деп тарыхый аңыз кепте айтылат.

Бул сопу тарыкатын жолдогон аялдардын Анатолиядагы кесиптик уюмдарын Азиядагы мусулман аялдардын тарыхта белгилүү алгачкы кесиптик кошуундары катары да даңазалап келишет.

Негизи, мусулман көчмөн түрк аялдары өз коомдорунда кыйла эркин абалда болушкандыгы орто кылымдардагы жана жаңы доордогу башка мисалдардан да айгинеленет.

Кыргыз элинин Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал тууралуу дастандары, каракалпак жана башка бир катар түрк элдеринин эр жүрөк кырк кыз тууралуу дастандары жана жомоктору буга көркөм далил болуп саналат.

Карахандар каганатынын жана Чагатай улусунун доорунда да көчмөн түрк аялдары жана түрктөшкөн моңгол аялдары отурукташкан арап жана башка элдердин аялдарына салыштырмалуу алда канча эркин болушкан.

Эмир Темирдин небереси, эмирзаада Шахрухтун уулу, өкүмдар жана окумуштуу Мухаммед Тарагай Улукбек Көрөгөн (1394–1449) Самаркан шаарындагы өзүнүн медресесинин каалгасына “ар бир мусулман эркек жана муусулман аял билим алууга милдеттүү” деп жазып койгондугу тууралуу аңыз кеп калган.

Селжүк бейликтеринде деле ушундай кырдаал болгон. Анын үстүнө Анатолияда кеңири кулач жайган сунний сопулардын (суфийлердин) диний-филоофиялык агымдары (тарыкаттары) дагы Борбордук Азиядагы Ахмет Йассавий жана башка сопулардын агымдарындай эле мусулман аялдар менен мусулман эркектердин тең укуктуулугун баса белгилешкен.

Тарыхый булак жана шектенүүлөр

Аялдардын бул аскер кошууну тууралуу маалыматты алгач Осмон султандыгынын XV кылымдагы тарыхчысы Дервиш Ахмет (1400–1484) маалым кылган. Бул тарыхчы Ашыкый (Âşıkī) деген адабий аты жана Ашыкпаша-заде деген тегаты менен да белгилүү.

Анын чоң атасынын атасы (бабасы) – даңазалуу ойчул, сопу Ашык Паша (1272–1333) эле.

Дервиш Ахмет Ашыкпаша-заде Анатолиянын Амасийа жергесинде туулуп-өскөн, Мысырда (Египет) болгон, 1448-жылдагы Косово салгылашуусуна да катышкан. Ал 1453-жылы Византиянын борбору Константинополдун (азыркы Стамбулдун) Осмон султандыгына каратылышына да күбө болгон.

Анын “Осмон уулдарынын тарыхтары” (Таварих-и Аал-и Осман” – “Tevārīḫ-i Āl-i ʿOsmān”) деген ири эмгеги осмон түркчө жазылган жана өз доору үчүн баалуу булак болуп саналат.

Бул чыгарма Осмон султандыгындагы ортоңку социалдык катмарлардын жана, өзгөчө алганда, аскер топторунун арасында жеңил окула тургандай элдик баяндоо ыкмасында жазылган. Демек, анда окурманды өзүнө тартуу үчүн окуяларга “суу кошулушу” деле ажеп эмес.

Мындан улам Франц Тэшнер (Franz Taeschner), Ахмет Заки Валиди Тоган (Zeki Velidi Togan) сыяктуу айрым иликтөөчүлөр Ашыкпаша-заденин чыгармасынын кийинки көчүрмөлөрүндө “хажыйан” (“ажылар”) же “бахшыйан” (“бакшылар”) сөзү бурмаланып, же жаңылыштык менен “бажыйан” (“эже-сиңдилер”) деп жазылып калса керек, деп жоромол кылышкан.

Ал эми түркиялык белгилүү окумуштуу жана коомдук ишмер Мехмет Фуат Көпрүлү (Mehmet Fuat Köprülü) болсо Анатолия бейликтеринде аскер кошуунун түзүп алган аялдар чын эле болгон деп санаарын айткан.

Ал буга далил катары Анатолиядагы селжүктөрдүн Урум султандыгында жашаган айтылуу сопу акыны жана ойчулу, өз алдынча “Бекташчылар” (“Бекташий”) тарыкатын негиздеген ажы Бекташ Велинин (1209–1271) сопулук жамаатынын аялзат өкүлдөрү бул тарыкат ичинде “бажы” (“bacı” –– “эже-сиңди”) деп аталгандыгын баса көрсөткөн.

Айтмакчы, айтылуу арап саякатчысы Ибн Баттута (1304–1368/69) дагы 1330-жылы Урум султанатын кезген жана мындагы сунний сопу тарыкаттарынын эркектери менен аялдарын меймандостугу, колунан көөрү төгүлгөн усталыгы жана мээнеткечтиги үчүн мактаган.

Түркиядагы секулярдык түзүлүштү сактоо үчүн күрөш

Урумдагы жоокер эже-сиңдилер (“Бажыйан-и Рум”) жөнүндөгү уламыш кеп кийинчерээк да анатолиялык мусулман аялдардын тең укуктуулугу үчүн кыймылдарга кызмат кылып келди.

Осмон султандыгынын соңку тарыхында чынында да түрк аялдарынын өз атажуртунун эгемендиги үчүн күрөшкө салым кошкон окуялары катталган.

Нэнэ Хатун (1857–1955) айкели.
Нэнэ Хатун (1857–1955) айымдын айкели. Ал 1877-жылы орус-түрк согушунун башталышында Азизиййа чебин падышалык баскынчылардан кайтарып алуу үчүн салгылашууда каармандык көрсөткөн. Эрзурум, Түркия. 26.8.2012.

Маселен, Түркиянын чыгышындагы тоолуу Эрзурум шаарын (бул аталыш арапча “Арду Рум” – “Урум жергеси” деген сөздөн келип чыккан) 1877-жылы ноябрда түндүк тараптан басып кирген падышалык Орусиянын баскынчы жоокерлеринен коргоо үчүн салгылашууларга Нэнэ Хатун (Nene Hatun; 1858–1955) сыяктуу түрк аялдары дагы каармандарча катышкан.

Алар шаардын тоолуу дөбөсүндөгү Азизиййа чебин баскынчы жоокерлерден бошотуп алышкан.

Түркиялык сүрөтчү Вахит Туна айым. 2018-жыл.
Түркиялык сүрөтчү Вахит Туна айым 2018-жылдагы үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын эскерүү үчүн дубалга 440 жуп бут кийимди тизип койду.

Азыркы тапта болсо түркиялык аялдар Ататүрк доорунан бери өкүм сүрүп келе жаткан айдыңдык (түркчө “layık”, б.а. секулярдык) мамлекеттиктүзүлүштү сактап калуу үчүн жүргүзүлүп жаткан күрөшкө жигердүү катышып келишет.

Алар – Түркияда паранжа тагынууга жана көп аялдуулукка каршы. Алар аялдардын жогорку билим алуусун, жумурияттагы парламентке жана мамлекет башчылыкка шайлануусун, көп тарамдуу коомдук турмушка жигердүү катышуусун талап кылышат.

Алар – заманбап түркиялык коомдун айдыңдык жана демократиялуу маңызын сактоо жана андан ары тереңдетүү үчүн жарандык күрөшкө салым кошуп жаткан азыркы каарман эже-сиңдилер.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG