Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

"Азыркы гезиттерде тарыхтын аскерлери иштеп жатат"


Асанбек Каракозуев "Ысык-Көл кабарлары" гезитинин редакторуна "Ош жаңырыгы" гезитинин 85 жылдык тарыхы жазылган китепти тапшырууда.
Асанбек Каракозуев "Ысык-Көл кабарлары" гезитинин редакторуна "Ош жаңырыгы" гезитинин 85 жылдык тарыхы жазылган китепти тапшырууда.

Министрлер кабинетинин токтому менен 2024-жылдын башынан облустук гезиттерди бюджеттен каржылоо токтотулуп, жеке чарбалык эсепке өттү. Каржылык жагдайдан улам үч басылма жабылды.

Медиа интернет айдыңына көчүп, санарип технология өнүгүп, маалыматтар көбүнчө социалдык желе аркылуу элге жетип жаткан шартта облустук басылмалар кандай күн кечирүүдө?

“Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редактору Асанбек Каракозуев “Азаттыкка” маек курду.

- Облустук гезиттердин финансылык чамасы чак экенин билебиз. Мурдагыдай реклама менен жан сактаганга да мүмкүн эмес. Мындай шартта жергиликтүү гезиттерди жоюп салууну сунуштагандар бар, бирок сиз “гезиттер жашашы керек” деген турумда экениңизди Фейсбукка жаздыңыз эле. Азыркы доордо гезиттер кандай болушу керек?

- Мен азыр журналистиканын эң оор абалга кептелген гезит тармагында иштеп жатам. Өлкөдө эркин гезиттер эмес, мамлекеттен камсыздалган өкмөттүк гезиттердин деле абалы оор болуп турган чакта, облустук басылмада иштештин өзү эле айтып бүткүс дастан. Анан калса, азыр облустук гезиттерди жеке каржылык эсепке өткөрүп, “өзүңдү өзүң бак” деп бөлүп койгон өткөөл мезгилде иштөө – кыжаалатчылык менен бүдөмүктүктүн айкашкан жери болот экен. Анткени азыркы интернет заманында гезитке болгон талап жоголуп, анын актуалдуулугу түшүп турган чакта колдоо болбосо, кыйын. Азыр чындап эле гезит окуган адам жок. Ушундай гезитке болгон “кокуй мамиле” заманда жылаңач баатырлар эле иштейт экен деп калдым.

Мен мамлекеттикпи, жеке менчикпи, дегеле гезиттерди жоюп салууга каршы пикиримди айтып, алар жашаш керек дегендердин биримин. Азыр менин оюм көпчүлүккө актуалдуу болбогон менен, убагы келгенде, гезиттер зор милдетти аткара турганы ырасталат. Мисалы, былтыр, 2023-жылы “Ош жаңырыгы” гезитинин 85 жылдык мааракесин белгиледик. Биздин гезит 1938-жылы негизделген. Анын 1940-50-жылдардагы архивин таап чыктык. Ал кезде латын ариби менен басылган экен. Бул эмне? Бул өткөн замандын жазма маданияты! Бул тарых! Бул маданий баалуулук! 100, 150 же 300 жылдан кийин бизди урпактар кантип тааныйт? Жазма булактардан, анын ичинен ушул гезиттер аркылуу көрөт. Бул жерде гезиттин орду чоң экени талашсыз го. Ошондуктан азыр гезиттерде тарыхтын аскерлери иштеп жатат. Кандай болгон күндө да, гезиттер келечек үчүн ишмердигин улантышы керек.

"Ош жаңырыгынын" жамааты.
"Ош жаңырыгынын" жамааты.

- Кыргыз өкмөтү жергиликтүү мамлекеттик маалымат каражаттарын реформалоо алкагында облустук ТВ, гезиттерди бириктирген тажрыйбаны да сынабадыбы. Азыр облустук басылмаларда иштеген адистер заманбап медиадагы атаандаштыкка даярбы?

- Облустук гезиттерди облустук телеканалдарга кошкон ишти мен жакшы билем. Ал реформанын идеясы өтө жакшы болгон. Анткени гезиттер учурдун талабы менен басма боюнча эле калып калбасын, алар дагы мультимедианы колдонсун деген талап болгон. Бирок ушундай жакшы идеяны жакшы ишке ашыра албай калышты. Ал жерде материалдык же техникалык себеп жок болчу, бир гана адамдык фактор, кадрдык алешемдик күчтүүлүк кылып койду. Азыр биз сайт ачып, макала-баяндарыбызды социалдык түйүндөрдөгү баракчаларыбызга жарыялап, ага атайын кызматкерди иштетип жатабыз. Видео контент даярдайлы деп жүрөбүз. Cиз айткан реформанын алкагында гезиттердин колунда баары бар болчу. Облустук телеканалдардын техникалык базасын колдонуп, сонун иштешсе болмок. Бирок гезиттер да, телеканалдар да муну каалабады же бул мүмкүнчүлүктү пайдалануу колдорунан келген жок.

Облусук маалымат каражаттары канчалык зарыл деген суроо жаралып атпайбы. Эгер телеканалдар тууралуу сурап жатсаңыз, менимче, зарыл, анткени борбордук медиалардын колу жетпеген темаларды ушулар чагылдырат. Алар көтөрүп чыккан темаларды борбордук маалымат каражаттары улап кеткен учурлар бар.

Бир түйшүк бар, заманбап медиада иштеген жаш кадрлардын айрымдарынын жеткиликтүү билими менен тажрыйбасы болбойт, улуу муундагылардын жаңы медианы, айкалышууну талаптагыдай алып кете албайт. Бул көйгөй бардык жерде болсо керек деп ойлойт.

- Асанбек мырза, сиз башкарып жаткан гезиттин Фейсбукта, Х платформасында баракчаларын ачып макала-баяныңарды ал жактан да таратып жатасыздар. Сайт да бар экен. SMM же социалдык медиа маркетинг дегени өзүнчө бир тармак болуп калбадыбы. Кадр маселесин кантип атасыздар?

- Жогоруда айткандай, облустук гезиттер телеканалдарга бириктирилип, бирок 2023-жылдын башында кайра ажыратылды. Ошондо ар бир облустук гезитке тиешелүү штаттар берилип, эми жаңыча иштейли деп мурдагы башкы редакторлорун кызматтан алышкан. Келерибиз менен гезиттерди жоёбуз деп, токтом токуп, коомдук талкууга чыгарышты. Бирок анда жоюлбасын деген пикир дээрлик көпчүлүк болгондуктан, гезиттер такыр жоюлуудан калган. Анткен менен бул идеяны жактагандар облустук гезиттерди жеке каржылык эсепке которуп тынышты. Эми өзүбүздүн жаныбызды өзүбүз бага турган болуп калдык. Айрым облустук гезиттер такыр жоюлуп калды. Сиздин сурооңузга жообум мындай болмокчу, кадрларды өткөөл замандагы өп-чап акча менен эптеп чыдап кармап турабыз. Башка айла жок. Бирок биз бул сыноодон өтөбүз деп турабыз.

- Азыркы шартта аймактык журналистиканын ролу, милдети кандай болушу керек?

- Менин оюмча, интернет өнүгүп жаткан шартта маалымат каражаттарын аймактык же борбордук деп бөлгөн туура эмес. Алардын материалдык-техникалык базасына карап бөлүү керек деп ойлойм. Мисалы, дүйнөдөгү окуяларды аймактык медиалар борбордук маалымат каражаттарына караганда сонун чагылдырып жаткан мисалдар көп. Эгер аймактык гана окуяларды чагылдыруу керек деген эреже болсо, кичинекей чуңкурдан чыкпай эле өзүнүн сөзүн өзүнө кайталай берген айрым борбордук маалымат каражаттарына окшошуп калат.

- Сиз Ош облустук гезитине башчы болуп келгенден кийин "Ош жаңырыгы" басылмасы социалдык медиада жанданганы чын. Кыргызстандын жети дубанында жети облустук гезит, ТВ бар. Алардын дээрлик көпчүлүгүнүн ишмердиги бир калыпта, мелүүн жүрүп жаткандай. Таза атаандаштыкты калыптандыруу үчүн эмне кылуу керек?

- Ооба, биз интернетте сайт ачып, иштетип жатабыз. Социалдык тармактарда активдүү болгонго аракет кылуудабыз. Облустардагы башка гезиттер деле ушундай аракет көрүп жатат. Бирок азырынча атаандашууга эч кандай негиз жок. Менин оюмча, таза атаандаштыкты жандандыруу дегендин түпкү маңызы – мыкты контент жаратуу. Антейин десең, азыр өткөөл заманда ал эмес, редакциянын жашап кетиши тууралуу ойлордун үстүнөн жасалган аракеттер биринчи орунга чыгып калат экен. Келечекте мыкты контент жаратуучулар менен таза атаандаштыкка чыксак керек деп жүрөм.

- Кыргыз журналистикасында акыркы жылдары иликтөө жанры өнүгүп жатат. Облустук басылмаларда жергиликтүү деңгээлдеги мыйзам бузуулар, коррупциялык иштерди ашкерелеген иликтөөлөрдү жасоо азыркы шартта мүмкүнбү?

- Чынын айтыш керек, гезиттерде “Журналистикалык иликтөө” жанры солгун, дээрлик жокко эсе. Аны моюнга алышыбыз керек. Гезитте эң оор эки иш бар экен, биринчиси мыкты контент даярдоо болсо, экинчиси реализация же чыккан гезитиңди окурманга жеткирүү. Жазылууң аз болсо, жакшы материалыңды жан үрөсөң да аз адам окуп калат да. Булар менен талбай күрөшүп, өзүңдүн үстүңдөн тынымсыз иштеп турбасаң, гезитке эл окубай турган материалдар басыла башташы мүмкүн экен. Каржылык жана техникалык мүмкүнчүлүгү бар редакциялар журналисттик иликтөө жасап, фактчек материалдарды жарыялап жатышат. Ал жакшы, биз аны азырынча кыла албасак, салмактуу ойлор камтылган макала-баяндарды, маанилүү маектерди, реалдуу илимий изилдөөлөрдү, тарыхый маалыматтарды, адамдарды альтернативдүү ой жүгүртүүгө түрткөн памфлеттерди, шакабаларды басып туралы деп. Муну менен гезит коомду агартуу милдетин аткарат.

- Облустук гезиттин негизги милдеттеринин бири – облустук админстрациянын, же азыркыча айтканда, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ишмердигин чагылдыруу деп түшүнөт эмеспизби. Облустук бийлик такай текшерип турабы макала-баяныңарды же чыгармачылык эркиндик барбы? Кандай учурларда кыйынчылык жаралат?

- Облустук гезиттер президенттин өкүлчүлүгүнө эмес, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине карайт. Анан башка маалымат каражаттары сыяктуу эле гезиттер дагы облустагы аткарылып жаткан айрым иштерди чагылдырат, бирок баарын эмес. Облус бийлиги кайсы бир иш-чараны чагылдыруу үчүн буйрук эмес, сунуш беришет. Бул гезитке 2023-жылы жетекчи болуп келгенге чейин мен дагы “басылма обладминистрациялардын түздөн түз буйругу менен иштейт” деп ойлогон элем. Бирок андай эмес экен. Мен келгенден бери облустук бийликтен же министрликтен эч кандай саясий буйрук түшкөн жок. Келечекте деле түшпөсө керек деп ойлойм. Биз даярдаган материалдардын маңызына да эч кимиси кийлигише элек. Биз сын материалдарды көп эле чыгардык. Эгер кийлигишип, “күн чыгыштан чыгып, батыштан батат, бирок бул киши акмак деп жаз”, - деген күнү мен жумушумду тапшырып берем.

Оштогу медиа каражаттарынын өкүлдөү облустук гезиттин ишмердигин жана басылмалар аралык кызматташуу маселесин талкуулап отурушат.
Оштогу медиа каражаттарынын өкүлдөү облустук гезиттин ишмердигин жана басылмалар аралык кызматташуу маселесин талкуулап отурушат.

"Азаттыктан" кошумча маалымат

  • "Ош жаңырыгы" гезитинин эң алгачкы саны "Кыргызстан большевиги" деген ат менен 1938-жылы 14-октябрда латын арибинде жарык көргөн. Кийин "Ленин жолу" деген ат менен чыгып, Кыргызстан эгемендик алгандан соң "Ош жаңырыгы" деп өзгөргөн. Гезиттин биринчи редактору Төлөгөн Жумабеков болгон. Андан бери 21 адам басылманы башкарды. Асанбек Каракозуев 22-жетекчи.

Облустук гезиттердин айрымдары совет мезгилинде, кээ бирлери өлкө эгемендик алганда түптөлгөн. Алар:

  • Ошто үч редакция - “Ош жаңырыгы”, “Уш садоси” (өзбекче), “Эхо Оша” (орусча);
  • Чүйдө эки редакция - “Чүй баяны”, “Чуйские известие” (орусча);
  • Жалал-Абадда эки редакция – “Акыйкат”, “Жалал-Абад тонги” (өзбекче);
  • Ысык-Көлдө эки редакция - “Ысык-Көл кабарлары”, “Вести Ысык-Куля”;
  • Таласта “Талас байрагы”;
  • Баткенде “Баткен таңы”;
  • Нарында “Теңир Тоо” редакциялары.

Бюджеттен каржылоо токтотулгандан кийин “Теңир Too”, “Вести Иссык-Куля” жана “Эхо Оша” гезиттери жабылып, ишмердигин токтотту.

Өкмөт бюджеттик чыгашаларды оптималдаштыруу максатында мамлекеттин карамагындагы жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоонун алгачкы этабын 2019-жылы баштаган. Министрлик гезиттер интернет форматына өтөрүн билдирген.

Облустук маалымат мекемелерине бөлүнүүчү мамлекеттик каражаттын өздөштүрүлүшүн оптималдаштыруу максатында медиа-борборлор ачылган.

Ал эми бюджеттен акча бөлүнүп келген 34 райондук гезитти каржылоо 2018-жылы токтотулган.

XS
SM
MD
LG