Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

ЖМК абалын талкуулаган жыйын өттү


Талкуу КУУда өттү.
Талкуу КУУда өттү.

2-ноябрда Бишкекте «Басылма жалпыга маалымдоо каражаттары жана жаңы медиалар: көйгөйлөр жана келечек» деген аталышта талкуу өттү. Аны Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Журналистика жана коммуникация институту уюштурду.

Талкууга бир катар алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилери, коомдук ишмерлер, мамлекеттик органдардын басма сөз катчылары катышты.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын учурдагы абалын жана келечегин, маалымат жайылтуунун жаңы ыкмаларын, интернеттеги социалдык түйүндөрдүн ролун, журналисттердин өз ара кызматташуусун талкуулаган жыйын 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата уюштурулду.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин соңку маалыматына караганда, Кыргызстанда 206 гезит, TV, радио жана 22 белгилүү интернет басылма бар. Аларда эмгектенген журналисттердин саны 1875тин тегерегинде.

Кыргызстанда бийлик сөз эркиндиги камсыздалганын белгилеп келет.

Бирок соңку айрым окуялардан кийин бир катар эл аралык уюмдар сөз эркиндигинин абалына кабатырлыгын билдиришкен. Коррупцияны ашкерелеген иликтөөчү журналист Болот Темиров былтыр өлкөдөн күч менен чыгарылды, Next TV телекомпаниясынын жетекчиси шарттуу түрдө үч жылга соттолду, "ПолитКлиника" басылмасына каршы сотко арыз берилди, “Азаттыктын” сайты тогуз айча бөгөттөлүп турду. "Азаттыктын" жана Kaktus.media басылмасынын жабылышын талап кылып социалдык түйүндөргө пикир жазгандардын көбү фейк аккаунттар экенин Bulak.kg сайты аныктап чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG