Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:22

Азербайжанда кырдаал курчуду


Нааразылык акциясынан бир көрүнүш
Нааразылык акциясынан бир көрүнүш

Физули, Аксу, Агджабеди, Сиязан жана Ленкоран аймактарында башталган нааразылык акциялары 15-январда Губа шаарына өттү.

13-январда Физули, Аксу, Агджабеди, Сиязан жана Ленкоран аймактарында башталган нааразылык акциялары 15-январда Губа шаарына өттү.

Азербайжандын тартип коргоо органдары нааразылык акциясына чогулган элди көздөн жаш агызуучу газ жана суу менен таркатууга аракеттенүүдө. Баалардын өсүшү менен жумушсуздукка нааразы болуп көчөгө чыккандар полициянын күч колдонушуна ачуусу келгенин айтышты.

Губада эл менен аскерлер бет келишти

Азербайжандын түндүк-чыгышындагы Губа шаарында 15-январда башталган каршылык акциясына катышкандарды жергиликтүү бийлик тез арада таркап кетүүгө чакырды. Бирок алар бийликтин талабын аткаруудан баш тартып, шаардын борбордук аянтын бошотушкан жок. Ал тургай каршылык акциясынын катышуучулары Куба-Баку жолун бөгөгөнгө аракет кылышты.

Андан соң бийлик демонстранттарга каршы күч колдонууга өттү. Губа шаарында жайгашкан аскер күчтөрү элге каршы көздөн жаш агызуучу газ жана суу менен аткылады. Шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, блок-посттор орнотулду. Каршылык акциясынын аскерлерден качкан катышуучулары аскерлер менен полицияга карата таш аткан учурлары катталганы кабарланууда.

Ошентип Азербайжандын бир катар аймактарында 13-январда башталган нааразылык акциялары күч түзүмдөрүнө каршылык көрсөткөн жагдайга чейин өсүп жетти. Жергиликтүү калк нааразылык акцияга чыгууга күнүмдүккө керектүү товарлардын баасы кескин өсүп кеткени себеп болгонун айтышты. Буга кошумча акциянын катышуучулары Азербайжандын улуттук валютасы манат кунун жоготуп, карапайым элдин турмушу кескин начарлаганы да көчөгө чыгууга түрткү болгонун белгилешти.

15-январда буга чейин айыл аймактарында болуп жаткан нааразылык акциялары Губа сыяктуу шаарга жайылды. Мына ушуга байланыштуу Азербайжандын полициясы менен күч түзүмдөрү 15-январдан тарта күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришти.

Буга чейин 13-январда Азербайжандын Физули, Аксу, Агджабеди, Сиязан жана Ленкоран аймактарында жергиликтүү калк нааразылык акциясына чыгып, бийликти алардын алдына чыгып, түзүлгөн кырдаал тууралуу тез арада жооп берүүнү талап кылды. Буга кошумча акциянын катышуучулары Азербайжандын улуттук валютасы манат кунун жоготуп, карапайым элдин турмушу кескин начарлаганы аларды көчөгө чыгууга түркү бергенин белгилешкен.

13-январда Сиязан аймагында административдик борборго бараткан демонстранттардын жолун полиция күчтөрү бөгөгөн. Азербайжандын күч түзүмдөрү бул мыйзамсыз нааразылык акциясына чыккандардын арасынан жалпысынан 55 адам кармалганы туурасында билдирүү тараткан болчу.

XS
SM
MD
LG