Алар маалымат каражаттарында орун дээрлик берилбегенине, тынч жыйын өткөрүү укугу чектелгенине нааразы болуп жатышты. Борбордук шайлоо комиссиясы участоктордун жабылышына 2 саат калганда элдин катышуусу 44,84% түзгөнүн билдирген. Буга чейин бир эле адамдын бир нече добуш бергени, шайлоо участокторундагы видео чагылдыруунун үзгүлтүккө учурашы, эркин байкоочуларга тоскоолдук кылуу өңдүү мыйзам бузуу фактылары тууралуу кабарланган. Парламенттеги 125 мандат үчүн 19 партиядан 272 талапкер ат салышты. Баштапкы санактар 10-февралда белгилүү болмокчу.
Парламенттик шайлоо быйыл ноябрда өтмөк. Бирок жыл этегинде президент Илхом Алиев Улуттук Мажлисти таркатуучу буйрукка кол коюп, шайлоону февралга дайындаган.
Президенттин «Жаңы Азербайжан» партиясы буга чейинки парламентте 125 орундун 65ин ээлечү. Партия Алиевдин «реформа» программасын ишке ашырыш үчүн мыйзам чыгаруучу органдын курамын алмаштырыш керек экенин билдирип келди. Дал ошол кезде, былтыр декабрда мамлекет башчы бир катар кадрларды алмаштырып, өкмөттүн башына 62 жаштагы экономист Али Асадов келген.
«Начарлап бараткан социалдык жана экономикалык кырдаал жана нааразылыктын күчөшү аткаруу бийлигин парламенттик шайлоону эрте өткөрүүгө мажбур кылды. Башкача айтканда ал мөөнөтсүз шайлоону коом жакшы даярдана электе өткөрүп алгысы келди», - дейт шайлоого мониторинг жүргүзгөн Бакудагы өкмөттүк эмес уюмдун жетекчиси Анар Маммадли.
Сын көз караштагылар бийликтеги партия конституциялык көпчүлүктү же мандаттардын үчтөн эки бөлүгүн алууну көздөйт, муну менен Алиевдин жубайы, вице-президент Мехрибан Алиеванын кийин мамлекет башчылыкка келишине кам көрүлүп жатат деп боолголошот.
Азыркы президент жогорку кызматка дээрлик 20 жыл мурун атасы, кезинде Азербайжандын Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы, советтик КГБни башкарган жана СССР Коммунисттик партиясынын Саясий бюросунун мүчөсү болгон Гейдар Алиев өлөр алдында анын ордуна келген.
Иш жүзүндө Азербайжанда парламенттин ыйгарым укуктары чектелүү. Саясий бийлик президенттин колунда топтолгон.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жекшемби күнү 5,3 миллиондой шайлоочу добушканаларга барып, өз эркин билдирип кетти.
Айрым эркин байкоочулар кээ бир жерлерде «карусел» ыкмасы колдонулганын - бир эле киши бир нече жолу добуш бергенин айтып беришти.
Дагы бирөөлөр добушканаларга кире албай калганына нааразы болушууда. Демократиялык демилгелер институту мыйзам бузуу фактылары тартылган видеолорду жайгаштырды.
Миңдей участокто шайлоо процессин түз көргөзүп жаткан камералардын ишине тоскооолдук болгону айтылууда.
Саясат таануучу Хикмет Хажизаде шайлоо демократиянын нормаларына төп келбегенин айтты:
«Шайлоо демократиялык стандарттарга жооп берген жок. Эң биринчиден өтө аз убакыт берилди. Шайлоочулар "талапкерлерди дээрлик билбейбиз" дешет. Жаш, жаңы талапкерлерге өздөрүн таанытууга бир-бир жарым ай жетишсиз».
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (УКМК) байкоочулары 125 округдун дээрлик жарымында добуш берүүчүлөрдүн саны Шайлоо кодексинде каралган нормадан ашканын белгилешти.
Парламент мандаттары үчүн 19 партиядан 272 талапкер ат салышты. Башкаруудагы «Жаңы Азербайжан» партиясынан 123 киши, оппозициядагы «Мусават» партиясынан 25 жана оппозициядагы «Үмүт» партиясынан 21 киши катышты. Азыркы 81 мыйзам чыгаруучу кайрадан шайланууну көздөп жатат.
Оппозициялык айрым партиялар кезексиз өткөрүлгөн шайлоого бойкот жарыялашты. Алар маалымат каражаттарында орун дээрлик берилбегенине, тынч чогулуш өткөрүү укугу чектелгенине нааразылыгын билдиришти.
Азербайжан 1991-жылы эгемендик алгандан бери ЕККУ жана Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясы шайлоодо демократиялык стандарттар сакталбаганын белгилеп келатышат.
ЕККУнун байкоочулары өнөктүктөр жарандардын негизги укуктары жана эркиндиги чектелген мыйзамдардын шартында өткөрүлөрүн айтышат.
Эркин басма сөз экономикалык кысмакка алынган же «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун азери кызматындай болуп күчтөп жабылган.