"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Бишкектин Ленин райондук сотунун "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу тууралуу "чектен чыккан" чечимине каршы даттанат. Бул тууралуу эл аралык медиа корпорациянын президенти Жейми Флай билдирди.
"Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат", - деди Флай.
27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева "Азаттык Медиа" мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыгарды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.
"Азаттыктын" адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко арызданганы жатат.
Министрликтин "Азаттык Медианын" үстүнөн жазган доо арызында эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.
Ушул тапта “Азаттыктын” сайты жана банктагы эсеби боюнча да сот иштери уланып жатат. Банк эсептин жана сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, кыргыз бийлигин "Азаттыктын" ишмердигин чектөөнү токтотууга үндөшкөн.
Мурдагы премьер-министр, коомдук ишмер Феликс Кулов "Азаттыкты" жабуу тууралуу Бишкектеги Ленин райондук сотунун чечими тууралуу пикирин билдирди. Саясатчы "Азаттыкты" жабуу тууралуу чечимди негизсиз деп эсептейт:
"Мен лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгын угуп, бир да көзгө басарлык аргумент таба албадым. Мындан улам "Азаттыкка" эскертүү берилип же башка материалдык санкциялар менен иш жабылат деп ойлогом. ЖМКны жабуу - бул аша чапкандык. Юрист катары "бул чечим - бийликтин буйругу" деп далилсиз божомолдорду айтып, жоопкерчиликти башкаларга жүктөгүм келбейт. Анткени биз аткаруучуларды айыптаганды үйрөнүшүбүз керек. Мисалы, сот туура эмес чечим чыгардыбы, аны коомчулук катуу сындап, уяткарып, ал эртеби-кечпи жоопкерчиликке тартылса, башкаларга сабак болмок. "Азаттыкты" жабуу боюнча чечимдин саясий жагын алганда да, эл аралык коомчулуктун алдындагы абройду эске алганда да - бул бийлик үчүн чоң минус. Мамлекетте ар тараптуулук болушу керек, ошондо каталар азыраак болуп, өнүгүү орун алат".
Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медиа" мекемесине каршы арызын канааттандырды. 27-апрелдеги акыркы сот процессинде аталган медианын адвокаттары жарыш сөз сүйлөп, министрликтин арызын канааттандырбоого чакырышкан.
Бул соттук отурумга Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова, жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү, укук коргоочулар жана журналисттер катышты.
"Азаттыктын" адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко арызданганы жатат.
- автор Бакыт Төрөгелди
Бишкектин Ленин райондук соту “Азаттык Медиа” мекемесин жабуу чечимин кабыл алды. "Азаттыктын" адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко арызданганы жатат.
Сотко саясатчылар, жарандык коомдун өкүлдөрү менен укук коргоочулар катышып, чечимди сынга алышты. “Азаттык” буга чейинки ар бир бийликтин тушунда ар кандай басым-кысымдарга кабылып келген. Бирок тарыхында биринчи жолу соттун чечими менен ишине токоолдук жаралып жатат.
Сот чечими
27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесине каршы арызын канааттандырды:
“Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин“Азаттык Медиа” мекемесин жалпыга маалымдоо каражаты катары ишин токтотуу боюнча арызы канааттандырылсын. “Азаттык Медиа” мекемесинин ишмердүүлүгү токтотулсун. “Азаттык Медиа” мекемесинин жалпыга маалымдоо каражаты катары 2005-жылдын 11-июлундагы 1706 каттоосу жокко чыгарылсын”.
Судья Чолпон Каримбаеванын чечими адвокаттарга беш күндүн ичинде берилиши керек. 30 күндүн ичинде кийинки инстанцияга арызданууга убакыт бар.
“Азаттык” соттун чечимине арызданат
“Азаттык” медиа мекемесинин адвокаттарынын бири Тимур Султанов Ленин райондук сотунун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз берилерин билдирип, соңку жараянда судья алар келтирген жүйөлөрдү, негиздерди эске албаганын айтты.
“Жарыш сөздө биз мыйзамдарда жана Конституцияда көрсөтүлгөн укуктарды көрсөтүп бердик. Тилекке каршы, сот аны уккан да жок. Жарандар маалымат алганга жана ал маалыматты таратууга укуктары бар. Ал жөн эле жазылганбы же укукпу? Соттун бүгүнкү чечими абалды көрсөтүп берди”.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосу да Бишкектин Ленин райондук сотунун “Азаттык Медианын” ишмердигин токтотуу тууралуу “чектен чыккан” чечимине каршы кийинки инстанцияга даттанарын билдирди. Бул тууралуу эл аралык медиа корпорациянын президенти Жейми Флай кабарлады.
“Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат”, - деди Флай.
“Азаттыктын” дагы бир адвокаты Акмат Алагушев жарыш сөздө Кыргызстанда мамлекеттик мекеме эркин медиа каражаты менен соттошкон биринчи учур экенин, маалымат каражатын бир видеоматериал үчүн жаап салуу мыйзамсыз экенин айтты.
“Сөз эркиндигине басым уланууда”
Сотко Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров, жарандык коомдун өкүлдөрү менен укук коргоочулар катышты.
“Судья эмнеге таянып чечим чыгарды? Ал Маданият министрлигинин арызы менен эле жаап койду. “Мен жабыркадым, мага мындай кылды” деген бир да арыз жок. Андан тышкары лингвистикалык экспертизанын да так жыйынтыгы жок. Экспретиза “Ооба, “Азаттык” жалган маалымат тараткан” деген жыйынтык чыгарган жок. Кыргыз соттору ансыз деле ишенимден кеткен. Азыр ошонун бир көрүнүшү болду”, - деди “МедиаХаб” коомдук фондунун жетекчиси, журналист Али Токтакунов.
26-апрелдеги отурумда “Азаттыкка” каршы соттук териштирүүнүн башталышына негиз болгон видеоматериал боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис анын алдына коюлган суроолорго так жооп бере албай турганын билдирген. Лингвист эксперт Жийде Семенова ал суроолорго лингвист эмес, юрист эксперттер гана так аныктама бере аларын айткан.
Ушул күндөрү Кыргызстанда ЭлТР мамлекеттик телеканалы көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасы менен, kaktus.media порталы “Вечерный Бишкек” басылмасы менен соттошуп жатат. “ПолитКлиниканын” директору Дилбар Алимова муну сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй басым деп баалады.
“Бийлик системалуу жол менен бир-бирден жапканга аракет кылып атышат. “Азаттыкты” ушундай жол менен жаап атат. Болот Темировду өлкөдөн чыгарышты. Кайсы бирөөлөрдү суракка чакырышууда. “ПолитКлиниканы” ЭлТР каналы сотко берди. Биз тескерисинче күчтүү болобуз”.
“Азаттык” кабылган дагы бир сыноо
Акыркы 20 жылдагы тарыхты алсак “Азаттыкка” мурдагы президенттер кастарын тигип, аны эфирден алып салууга, таптакыр жабууга бир канча жолу аракет жасаганы маалым. 2002-жылы Аксыда милициянын огунан адамдар каза болгон окуяны бийлик жаап-жашыра баштаганда “Азаттык” биринчи болуп аны дүйнөгө тараткан. Ал эми 2005-жылы жыл жаңыргандан тартып күчөгөн кысым 24-мартта Аскар Акаев бийликтен кеткенден кийин гана токтогон.
“Азаттыкка” кысым андан кийин Курманбек Бакиев президент болуп турганда 2009-жылдан тартып кайрадан күчөдү. Алгач КТРдин эфиринен алынып, андан кийин “Азаттык” менен кызматташып келаткан “Алмаз”, “ОК”, “Салам”, “Манас жаңырыгы” баштаган радиолорго талап коюлуп, аларды коркутуулар болгон. Ал эми Алмазбек Атамбаев президент болуп турган маалда мамлекет башчысы сотко кайрылып, көп суммада кенемте сураганы. 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин “Азаттыкка” президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 15-мартында атайын интервью берип, өлкөдө сөз эркиндиги сакталаарын билдирген.
Сотко жеткирген эфирдин чоо-жайы
2022-жылдын 16-сентябрында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалына кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы куралдуу кагылыш боюнча түз эфирде видео материал чыккан. Анда эки тарап бири-бирин кол салууга айыптап жатканы тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматынын жана “Настоящее времянын” журналисттери айтып берген. Видеого Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин эки тараптын сүйлөшүүлөрү тууралуу берген комментарийи да кошулган.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Канал Кыргызстан биринчи кол салды деп туура эмес маалымат берген” деген жүйө менен ал материалды алып салууну талап кылып, былтыр 26-октябрда “Азаттыктын” сайтын бөгөттөгөн.
Министрлик 23-январда, “Азаттыктын” маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу боюнча Ленин райондук сотуна кайрылган. Мекеме буга негиз катары “Азаттык” радиосу “Настоящее время” каналында чыккан материалды өчүрбөгөнүн жана ЖМК жөнүндө мыйзамдын 23-беренесиндеги “согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат” деген беренесин көрсөткөн.
Эл аралык Amnesty International (AI) уюму Кыргызстандын бийлигин “Азаттык Медиа” мекемесин соттун чечими менен жабуу аракетинен баш тартууга чакырды. Уюм журналисттерди жана бийликке сын айткандарды куугунтуктоону токтотууга үндөп, сөз эркиндиги сакталышы керектигин билдирди.
Amnesty International (AI) уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча башкы директору Мари Стразерс “Настоящее время” телеканалына кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш боюнча чыккан видео “Азаттыкты” жабууга шылтоо болгонун айтты.
“Азаттык” радиосунун жабылышы бир эле Жалпыга маалымдоо каражатына цензура эмес, бул өлкөдөгү сөз эркиндигине олуттуу сокку. Кыргыз бийлиги өлкөдө болуп жаткан окуяларды сын көз караш менен чагылдырууну чектеп, журналисттердин оозун жабуу үчүн дагы бир кадам жасады”.
27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыгарды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосу соттун “Азаттык Медианын” ишмердигин токтотуу тууралуу “чектен чыккан” чечимине каршы даттанарын бул эл аралык медиа корпорациянын президенти Жейми Флай билдирди.