Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

Канзаада Гарри жубайы Меган экөө Опра Уинфриге маек курду


Канзаада Гарри жана жубайы Меган маек учурунда.
Канзаада Гарри жана жубайы Меган маек учурунда.

Улуу Британиянын канзаадасы Гарри жана жубайы Меган Маркл америкалык сыналгы алып баруучу Опра Уинфри айым менен маек курду. CBS каналынан көрсөтүлгөн интервью Сассекс герцогу жана герцогинясы падышалык үй-бүлөгө таандык милдеттерди аткаруудан баш тарткан соң обого чыккан алгачкы маек болду.

Анда Меган падышалык чөйрөгө таандык жуптун чыныгы үйлөнүү тою расмий иш-чарага чейин үч күн мурда, 2018-жылдын 19-майында болгонун жана ага үй-бүлө мүчөлөрү катышпаганын айтып берген.

Герцогинянын айтымында, үйлөнүү тойдон соң падышалык үй-бүлө анын өз алдынча билдирүүлөрдү жасоодон карманышын талап кылган. Меган Букингем сарайы падышалык үй-бүлөнүн мүчөлөрүн коргош үчүн жалган маалыматтарды таратуудан кайра тартпаганын, бирок алар Гаррини жана жубайын коргоо үчүн эч нерсе кылбаганын айтып чыкты.

Маркл падышалык үй-бүлө жакшы кабыл алганын, каныша Элибет II өзүнө жакшы мамиле кылганын билдирди.

Бирок Меган падышалык үй-бүлө мүчөсүнө таандык милдеттерди аткаруудан баш тартканга чейин өз жанын кыюу тууралуу да ойлонгонун, бул тууралуу Гарриге айтуудан тартынса да, кийинчерээк ага маалымдаганын шардана кылды.

Ал ошондой эле кош бойлуу кезинде падышалык үй-бүлөнүн айрым мүчөлөрү ымыркайдын түсү канчалык кара болот болду экен деп кеп кылышканын да кошумчалады. Канзаада Гарри бул жөнүндө кенен маалымат берген жок, бирок мындай сөздөрдү укканда чындап нес болгонун жашырган жок.

Меган Марклдын айтымында, тун уулуна канзаада деген титул жана жекече коргоо шарты уюштурулуп берилбей турганын ага кабарлашканда, ал ымыркайдын коопсуздугу үчүн кыйла камтама болгон экен.

Канзаада Гарри жана жубайы Меган Маркл өткөн жылы расмий түрдө падышалык үй-бүлөнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, каржылык көз карандысыздык жарыялашкан жана АКШга көчүп кетишкен. Бирок алар Сассекс герцогу жана герцогинясы деген титулдарын сактап калышкан.

Канзаада Гарри менен таанымал америкалык актриса Меган Маркл 2018-жылы үйлөнгөн. Бир уулду тарбиялап жаткан үй-бүлө жакында наристе күтүп жатышканын, болочоктогу чүрпө кыз болоорун да жарыялашты.

XS
SM
MD
LG