Германияда бир топ жылдан бери эмгектенген саясат таануучу, юридикалык антропология илимдеринин доктору, лингвист Махабат Садырбек жакында эле "Кыргыз тилинин грамматикасы" деген китебин чыгарды.
Китеп кыргыз тилин үйрөнүүнү ниеттенген немис тилдүүлөргө арналган. Махабаттан бул китепти жазууга эмне түрткү болгонун сурадык.
- Махабат айым, жакында эле сиздин немис тилиндеги "Кыргыз тилинин грамматикасы" деген көлөмдүү китебиңиз жарык көрдү. Куттуктайбыз! Бул эмгекти баштоого эмне түрткү болду эле?
- Куттуктооңузга чоң рахмат. Өзүм да абдан кубанып турам. Мындан 10-12 жыл мурда кайсы бир себептерден улам, Германиянын Тышкы иштер министрлигинде кыргыз тилинен сабак берип калдым. Мекеменин бир кызматкери Германиянын Кыргызстандагы элчилигине иштегени барууга даярданып жаткан экен. Ага сабак бере баштаганда эле материал таппай кыйналдым.
Бизде "Кыргыз тилин үйрөнөбүз" деген Бакытбек Токубек уулунун англис тилинде жазылган китеби бар, ошону колдондум. Менин окуучум көп тил билген адам эле. "Мен бул китепти үйдөн окуп деле келе берем, мага адабий тилде сүйлөгөндү үйрөт" деди. Мындан улам өзүм методика түзүп, күн сайын бир-эки саат даярданууга туура келди. Ар кайсы булактарды, түрк грамматикасын карап, анча-мынча тапкан материалдарды салыштырып, айкалыштыра баштадым. Бул биринчи себеби.
Экинчиси, мен диссертациялык ишимди Гумбольдт университетинин Орто Азия институтунда жактагам. Ошол жактагы кесиптештерим - антропологдор, социологдор жана башка илим изилдөөчүлөр "Кыргызстанга барып изилдөө жүргүзөт элек, кыргыз тилин үйрөнөт элек" деп айтып калышчу. Атүгүл кыргыз тил курсун ачууга да аракеттендик. Германиядагы кыргыз элчилигинде иштеген Айнура Турсунбаева айым экөөбүз кафедра башчысына барып жолукканыбыз эсимде. Ошол жылы ал жерде казак кафедрасы, казак тилин үйрөтүү курсу ачылып, Казакстандын Маданият министрлиги тарабынан каржыланган. Бирок алар кыргыз тил курсун ачуудан баш тартышты. Мына ошондо кыргыз тилин окууну көздөгөндөрдүн баары казак тил курсуна кетишкен. Бул менин намысыма тийген.
Андан тышкары Германиядагы кыргызстандыктардын саны күн санап өсүп жатат. Аралаш үй-бүлөлөр, бул жакта төрөлгөн балдар көбөйдү. Чет жакта төрөлгөн балдарга кыргыз тилин мурастап өткөрүп берүү - чоң көйгөйлөрдүн бири. "Кыргыз тилин кантип жайылтабыз, балдарды кантип, кайсы китеп менен окутабыз?" деген суроолор кыргыздар чогулган жерде көп айтылат.
- Бул китепти жазууга баш-аягы канча жыл кетти? Көлөмү кандай болду? Каржылык жагы кандай чечилди?
- Жалпысынан 12 жыл кетти. 352 барак болгон эле, басмакананын талабы менен 300 бетке кыскарттык. Былтыр майдын аягында басмаканага кеткен, бирок улам кыскартканда китептин ичиндеги таблицалардын баары жылышып, ушундай майда-чүйдө иштерге эле бир жыл кетти.
Бардык чыгымды өзүм көтөрдүм. Он жыл бою бир эмгектин үстүнөн иштөө оор экен. Анткени мен муну хобби катары жазып жүрдүм. Ден соолугума байланыштуу бир нече ай бою иш токтоп калган учурлар да болду. Жардам алганга да туура келчү. Майда-чүйдө жумуш аябай көп болду. Аягында өзүм да чарчадым, каражатым да калбады. Кыргыз-немис маданий коому аудиону жаздырып, монтаждаганга акчалай жардам берди.
- Бул китепти такыр кыргызча билбеген немис улутундагы жаран алып, өз алдынча кыргыз тилин үйрөнө алабы? Же мугалимдин жардамы керекпи?
- Мугалимдин жардамынын деле кереги жок. Аябай аракет кылдым. Такыр тилден кабары жок адам бул китеп аркылуу биздин тилдин жалпы структурасын түшүнүп, нөлдөн баштап грамматикалык категориялар менен улам бир кадам алдыга жылып, аягында кыйла эле жакшы үйрөнүп кетет деген ойдомун. Анын үстүнө бул китептеги сүйлөмдөр, көнүгүүлөрдүн баары аудиого жазылып, диск түрүндө кошо тиркелди.
- Канча нуска менен чыкты? Азыртадан буйрутма бергендер барбы? Китеп дүкөндөрүнө сатыкка чыгабы же китепканаларга таратылабы?
- Мен бардык укуктарды басмаканага тапшырдым. Китеп чыкканы тууралуу жарыялагандан кийин эле заказ кылып, сатып ала башташты. Басмакананын Германиядагы бардык университеттердин китепканалары менен макулдашуусу бар. Ошол жактарга жиберилет. Андан тышкары китеп дүкөндөрдөн да сатып алса болот.
- Кыргызстандан кимдир бирөө менен иштештиңизби? Китебиңизди тууралап, кеп-кеңешин бергендер болдубу?
- Албетте, акыркы үч жылда мен Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде ага окутуучу болуп эмгектенген Рахат Аскарова менен тыгыз байланышта болдум. Абдан көп суроолорума жооп алдым. Борбор Азиядагы Америка университетинде иштеген мугалим Мукарам Токтогулова эжеден кеңеш сурап турдум. Ошондой эле журналист, филолог, өзүмдүн курбум Мээрим Бекешова менен көп нерселерди биргеликте талкуулап турдук. Кийин китепти өзүмдүн кесиптештерим окуп, толугу менен оңдоп-түздөп беришти. Алардын бири - швейцариялык кыз Надин Болер, дагы бири - Флориан Копенрад Кыргызстанда рэп өнөрү боюнча диссертациясын жазган, кыргызча жакшы билет.
- Германиядагы кыргызстандыктардын, ал жакта төрөлгөн балдардын саны өсүүдө деп айтып жатпайсызбы. Кыргызстандыктардын арасында китепке болгон кызыгуу кандай?
- Жакшы көңүл бурулганын көрүп жатам. “Аябай жакшы болуптур” деп атышат. Болгону бул кичине илимий тилде жазылган эмгек. Балдарга ылайыктап кайра жазып чыгыш керек. Бар китепти эми жөнөкөйлөштүрүү оңой болот. Буюрса, ушул иштерди уланта бермекчимин. Оюмда бар. Англис тилине которсомбу деп жатам. Эң негизгиси, ден соолук, анан күч-кубат керек. Англис тилине которулса, кыргыз тилинин мааниси дагы кеңеймек да. Кичине убакыт керек.
- Чоң эмгекти баштаптырсыз. Менин түшүнүшүмдө, бул башталышы эле экен. Дүйнөдө геосаясий абал курчуп, тил маселеси утур көтөрүлүп жаткан маалда ушундай китептин чыгышы канчалык маанилүү?
- Кыргыз тилин жайылтуу үчүн абдан маанилүү деп ойлойм. Немис тили - дүйнөдө орду бар, бай тил.
Немис тилинде кыргыз грамматикасынын абдан деталдуу түрдө жазылып чыгышы бир топ маанилүү иш болду деп ойлойм. Башка адамдар дагы жакшы окуу куралын алганда тил үйрөнгөнгө дилгир болот деген пикирдемин. Немистер кыргыз тилин үйрөнүп алса, бул бизди кубандырат. Тилибиз кубаттанат, жайылат, өнүгөт. Илимий чөйрөнү алсак, ар бир университетте түркология бөлүмү бар, ошол жакта кыргыз тили үйрөтүлсө сонун болмок. Долбоор дагы уланат.
Бул китеп басмаканага кетер замат экинчи эмгекти баштагам. Мунун эгизи деп койсок болот. Биринчи китепти бүтүрүп жатканда айрымдар “Эмне үчүн немис тилдүүлөргө кыргыз тилин жазып жатасың, тескерисинче немис тилин үйрөнүү керек го?” дешкен эле. Чындыгында, азыр немис тилин үйрөнөм дегендер көп. Чет тилдерди бизде негизинен орус тили аркылуу үйрөнөт. Бир чет тил аркылуу экинчи чет тилди үйрөнүү абдан кыйын. Ошондуктан немис тилин кыргызча, жалпак тилде түшүндүрүп бергим келет.