Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

"Оштон араң келдик". Автогаз таппай кыйналган айдоочулар


Газ куюучу бекеттердеги кезек.
Газ куюучу бекеттердеги кезек.

Кыргызстанда соңку эки аптадан бери автогаз тартыштыгы байкалууда. Мунай ташуучулар бул көйгөйдү ырастап, ташып келүү кыйын болуп жатканын билдирди.

Соңку жылдары газ менен жүрүүчү автоунаалардын саны көбөйгөн Кыргызстанда бул кырдаал бир катар айдоочуларды түйшүккө салууда.

"Автоунаамды сатат окшойм". Айласы кеткен айдоочулар

"Эки жумадан ашты. Бишкек боюнча газ издеп жатабыз. Кайсы жакта газ бар десе, ошол жакка чейин барып жатабыз", - деди май куюучу бекеттерди кыдырып, автогаз издеп жүргөн ондогон айдоочулардын бири Талгарбек.

Азыр Бишкектеги май куюучу бекеттерде дагы деле автогаз тартыш болуп, айдоочуларды түйшүккө салууда. Алар шаар ичиндеги май куюучу жайларды түрө кыдырып, газ бар делген бир-эки май куюучу бекеттерде узун кезекте турууга аргасыз.

Биз алардын айрымдарын кепке тарттык:

"Шаарды айланып, эптеп таап, куюп жатабыз".

"Кемин жакка чейин бардык. Ал жакта да жок. Биз эми эки-үч күндө бир куябыз, күндө куйган таксисттерге кыйын болду".

"Үч жерге барып, таппай келдим. Азыр эми ушу жерде кезекте турам. Кечээ узун кезектен улам куюп алууга мүмкүнчүлүк да болгон жок".

"Азыр Улан кичи районунан жана Айни көчөсүнөн гана куюп жатабыз. Калган жерлерде жок.

"Күндүн ысыгында узун кезекте турууга мажбурбуз. Мындай кылбай эле коюшса болмок".

"Бул көрүнүш улана берсе, автоунаамды сатам го. Ылдый, "Дордой" тарапка барып келдим, ал жакта да жок. Бирок газ келет деп үмүттөнөм, мен өкмөткө ишенем".

"Алыс жолго чыккандар, таксилер кыйналды"

“Азаттыкка” айрым облустардын тургундары да кайрылып, газ таңсыктыгы бир гана Бишкекте эмес, алыскы аймактарда да байкалып жатканын айтышты. Бул айрыкча шаар аралык каттамдарды аткарган такси айдоочулары үчүн ыңгайсыздык жаратууда.

Өлкө боюнча беш миңдей такси айдоочусу мүчө болгон “Кабылан” такси айдоочулар профсоюзунун төрагасы Токтобек Бапышов бир күн мурда эле Оштон кыйынчылык менен келгенин, жол бою газ издеп, жолдо калуудан кооптонгон айдоочуларды кезиктиргенин айтып берди.

“Баткен, Ош тарапта эки эле жерде бар экен. Оштон бир жерден таптык. Кара-Көлдөн, Токтогулдан аябай издедик. Бирок ал жерлерде жок экен. Газ жетпей, араң-араң келдик. Сосновкадан бери издеп, Кара-Балтадан да таппай, шаарга араң келдик. Биздин тайпаларда балдар көп. Бардыгы эле ушуну айтып жатат. Ысык-Көлгө, Чолпон-Ата, Бостериге баргандар да ушул маселени айтып атышат", - деди Бапышов.

25-июндан бери Бишкектеги ири май куюучу жайлардын айрымдарында газ тартыштыгы жаралган. Бекеттердин кээлеринде көгүлтүр отун таптакыр калбай калса, калгандарында автоунаалардын кезеги узарган.

Газ ташуучу вагондор жетишсиз

“Кыргызнефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти Канат Эшатов “Азаттыкка” автогаз тартыштыгы дагы деле бар экенин ырастап, мунун себебин чакан компанияларда автогаз жок болуп жатканы менен түшүндүрдү:

“Чакан компаниялардын чет жактагы чоң ишканалар менен түз келишими жок да. Алар башка компаниялардан автогаз алып кайра сатышат. Ал эми чоң-чоң ишканалар ушул тапта өздөрүнүн май куюучу бекеттерине автогаз ташуу менен алек болууда. Ушундан улам кээ бир кичинекей ишканаларда жок болууда”.

“Кыргызнефтетрейдерлер” ассоциациясы муну боло жүргөн сезондук көрүнүш катары сыпаттап, буга газ ташуучу вагондордун жетишсиздиги негиз болгонун билдирген. Уюм мындан сырткары Казакстан газ экспорттоого тыюу салгандан улам кыргызстандык компаниялар Орусиядан гана ташып келип жатканын айтты.

3-июлда "Кыргызнефтетрейдерлер" ассоциациясы Кыргызстандагы соңку автогаз тартыштыгынын фонунда Орусиядан аны жүктөп, жолго чыккан вагондордун алгачкы бөлүгү Бишкекке келип түшкөнүн билдирген.

Аталган ассоциациянын маалыматында, Кыргызстанда жалаң автогаз менен жүргөн машинелердин саны жалпы автоунаалардын 10% жетпейт.

Бишкек шаарында былтыр алынган миңден ашуун автобустун баары газ менен жүрөт.

Бишкек мэриясынын маалыматында, 1-июнга карата борбордо 416 миң 837 автоунаа катталган. Мындан тышкары шаарга кирип-чыккан унаалар менен кошо Бишкекте күнүнө 700 миңден ашык транспорт жүрөт.

XS
SM
MD
LG