“Искандер” ракеталык комплекси алгач сентябрь айында Армениянын эгемендигинин 25 жылдыгына арналган Еревандагы парадда көрсөтүлгөн. Армян президенти Серж Саргсян Орусия Армениянын өтүнүчүн аткарып, бул куралды бергенин “Спутник” агенттигине курган маегинде билдирди. Ал Армения менен Орусиянын ортосунда аймактагы балансты камсыз кылуу боюнча келишими бар экенин эске салып, куралдануу маселеси зарылчылыктан келип чыкканын айтты:
- Бул региондогу аскердик теңсалмакты сактоо үчүн керектүү чара болду. Азербайжан соңку бир нече жылда акыркы үлгүдөгү курал-жарактарды сатып алганы жашыруун эмес. Бизде Азербайжандыкындай каржылык мүмкүнчүлүк жок. Бирок маселеге даба табуу аркылуу абалды теңсалмактап келебиз. Мындай жагдайда “Искандер” бир чара болуп саналат.
Москва чатак аркылуу Азербайжанга да, Арменияга да таасир көргөзө алат. Орусия Арменияга базаларын жайгаштырып, эки тарапка тең курал сатып, акча таба алат.Стивен Бланк
“Искандер” – оперативдүү-тактикалык ракета комплекси болуп саналат. Ал көбүнесе каршы тараптын абадан жана ракетадан коргонуу системаларын жок кылуу үчүн колдонулат. Комплекстин орто аралыктагы ракеталары аэродромдорду же логистикалык борборлорду бутага алса, олуттуу зыян алып келет. Жакында Орусия “Искандер” системасын Калининградга жайгаштырганда Батыш өлкөлөрүнүн кооптонгону да бекеринен эмес.
Армения мындай куралды Орусиядан кандай шартта алганын маалымдаган жок. Ошентсе да коңшусу Азербайжандан калышпай куралданып жатканын ачык билдирди.
Мунайга бай Азербайжан соңку жылдары армияга көп акча жумшап келет. Стокгольмдогу эл аралык тынчтык изилдөөлөрү боюнча институтунун баяндамасына ылайык, Азербайжан 2015-жылы армиясына 3 миллиард доллар сарптаган.
Бул 2006-жылга салыштырмалуу 165 пайызга көптүк кылат. Арменияда болсо армияга бөлүнгөн акча 447 миллион долларды түзөт.
Түштүк Кавказдагы бул эки өлкөнүн Тоолуу Карабакты талашып, бири-бири менен тирешип, жарыша куралданышы Орусияга гана пайда алып келип жатат дегендер бар. Алардын бири АКШдагы Тышкы саясат боюнча кеңештин эксперти Стивен Бланк:
- Бул чатактын чечилбеген бойдон турушу же курчуп турушу бир гана тарапка пайдалуу болушу мүмкүн. Бул – Орусия. Москва чатак аркылуу Азербайжанга да, Арменияга да таасир көргөзө алат. Орусия Арменияга базаларын жайгаштырып, эки тарапка тең курал сатып, акча таба алат. Бул жол менен эки тарапты тең көз каранды абалда кармап турат.
Кантсе да Орусия Тоолуу Карабак боюнча ортомчулугун улантууга дилгир экенин билдирип келет.
Азербайжан менен Армения ортосундагы Тоолуу Карабак жаңжалы 1990-жылдардын башында чыгып, аймак Ереванга ыктаган жикчилдердин колуна өткөн. Согуш учурунда Азербайжан бир нече райондорун да тарттырып да жиберген. Андан бери эки өлкө бул аймакты талашып келет.
Быйыл апрель айында Карабакта жаңжал тутанып, төрт күнгө созулган урушта 30дай жоокер набыт болуп, бир канчасы дайынсыз жоголгон.
30 миңдей кишинин өмүрүн алган 90-жылдагы чатактан кийинки абалды жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден толук майнап чыкпай келет.