Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:31

"Апам менен жашагым келбейт". Балдар үйүндөгү тагдырлар


Коллаж. (Этикалык себептерден улам балдардын бети жабылды)
Коллаж. (Этикалык себептерден улам балдардын бети жабылды)

Адистер соңку жылдары баласын тууганына, коңшусуна же башка бейтааныш адамга таштап, миграцияга кеткен ата-энелер көбөйгөнүн айтышууда. Кыйын кырдаалга кабылып, балама нан таап бере албай калдым деген жүйө менен уул-кызын балдар үйүнө тапшыргандар да бар. Ата-эне камкордугунан ажыраган балдар арасында жаман жолго түшүп, зордук-зомбулукка кабылгандар да кездешет.

“Мен аны “апа” дей албайм...”

12 жаштагы Айжандын (аты өзгөртүлдү) Бишкектеги убактылуу балдар үйүндө жашап жатканына бир айдан ашты. Өспүрүмдү апасы көчөдө сабап жатканда бейтааныш адамдар ажыратып, милиция чакырган. Кыз кийин атайын комиссиянын чечими менен ушул жерге жеткирилген.

Айжан (аты өзгөртүлдү)
Айжан (аты өзгөртүлдү)

“Ал (апасы-ред.) кээде чалып, "эмне алып барып берейин?" деп калат. Эч нерсе сурабайм. "Дем алышта келем" деген, бирок келген жок, колу бошобой калыптыр. Баргым деле келбейт. Барсам, кайра эле урабы деп корком. Мен аны "эже" дейм, "апа" деп айткандан корком”.

Айжанды кичинесинен чоң энеси баккан экен. Алты жашында чоң энеси каза болуп, кыз таята-таенесинин үйүнө барган. Апасы иштеп жана жеке жашоосу менен алек болуп кызына мээрим бере алган эмес.

Бишкектеги "Балдарды коргоо борбору" коомдук уюмуна караштуу балдар үйүнүн координатору Элиза Акматалиева буларды айтып берди.

Элиза Акматалиева
Элиза Акматалиева

“Энеси менен жолукканда "мени "апа" дебейт" деп кыжырланды. Баланы алты жашка чейин башка адамдар бакса, кантип "апа" дейт? Чоң апасы каза болгондон кийин, Айжан тайларынын колуна барган экен. Ал жерден кагуу-силкүү жеп, көңүлү муздаган. Апасы башка күйөөгө тийип, балалуу болгондо Айжанды колуна алган. Кыз апасы жумушта жүргөндө инисин карап, бала багуучунун милдетин аткарган”.

Элиза Акматалиеванын айтымында, Айжандын ата-энеси кыз эки жашка чыкканда ажырашып кеткен. Атасы башка үй-бүлө күтүп, кызына каралашкан эмес. Эмоционалдык байланыш үзүлгөндүктөн, кыз апасына имерилбейт, апасы деле кызын бооруна тартып эркелетпей чоочун болуп калышкан. ​

“Апамдын ар кайсы күйөөсү менен жашай берип тажадым...”

Али (аты өзгөртүлдү)
Али (аты өзгөртүлдү)

Ата-энесинин камкордугунан, мээриминен эрте ажыраган 14 жаштагы Али (аты өзгөртүлгөн) дагы азыр убактылуу балдар үйүндө жашап атат. Алты жашынан баштап таякесинин колунда жүргөн баланы апасы 12ге чыкканда алып кеткен.

“Апам алты жашымда күйөөгө тийиптир. Мени таякеме калтырып, кичинекей инимди алып кетиптир. “Сени өгөй атадан таяк жеп, кордук көрбөсүн деп таштап кеттим” дейт. Андай болсо эмнеге инимди алып кетти? Таякем мени каалашынча сабап, кордоп жүрдү... Апамды 5-6 жыл такыр көргөн эмесмин. Сагынып, жолдон машине көрсөм, апам келип калабы деп тиктеп турчумун... Апам келбесин билгенден кийин, өзүмдү эч кимге кереги жок бала сезчүмүн... Апам кичинекей инимди жакшы көрдү. Күйөөлөрүн жакшы көрдү. Мен билгенден эле төрт күйөөгө тийген. Алардын биринен да мээрим көргөн жокмун. Азыр апам менен жашагым келбейт”.

Али апасы айтпагандыктан өз атасы тууралуу эч нерсе билбейт.

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова балдардын кароосуз калганына жалгыз гана аялды күнөөлөө туура эмес экенин белгиледи. Мыйзам боюнча баланын алдында эне менен атанын жоопкерчилиги бирдей экенине токтолду.

"Мыйзам боюнча да, адамгерчилик боюнча да балага эне менен атанын камкордугу бирдей болушу керек. Бирок бизде “эне гана жооптуу” деген пикир мээге кыт куйгандай куюлуп калган. Аталар бир үй-бүлөдөгү балдарын бага албай жатып, экинчи үй-бүлө куруп, балдарына алимент төлөбөй койгон учурлар толтура. Милдеттин баары аялга жүктөлүп калат. Ансыз да турмуштук оор кырдаалга кабылган эне тажайт, оор жүктү көтөрө албай калгандыктан ичип кетиши мүмкүн, башка күйөөгө тиет. Эки ортодо балдар эле кыйналып калат. Бул аябай чоң көйгөй. Нанга жетпей, көчөдө калган балдар көп. Ошондуктан мыйзамдын аткарылышын талап кылышыбыз керек", - деди Рыскулова.

"Балдар үйүндө жаңы тартипке көнүү оор"

Бишкектеги "Балдарды коргоо борбору" коомдук уюмуна караштуу балдар үйүндө азыр 6 жаштан 16 жашка чейинки 24 өспүрүм жашайт.

Алардын баарынын ата-энесинин көзү тирүү. Айрымдары жакыр үй-бүлөдө төрөлсө, кээ бирлеринин ата-энеси ичип кеткен. Мындан тышкары мигранттардын балдары да бар. Алар тууганынын, коңшусунун колунда калып, зомбулукка кабылып, кийин атайын комиссиянын чечими менен бул жерге жайгаштырылган.

Балдар үйүнүн психологу Ольга Биденконун айтымында, ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын көпчүлүгү кордук көрөт.

Ольга Биденко, психолог
Ольга Биденко, психолог

“Сексуалдык зомбулукка кабылган өспүрүмдөр аз эмес. Балдар ал жөнүндө дароо эле айтпайт. Убакыт өтүп, ишеним пайда болгондо гана башынан өткөн кордугун айтып беришет. Мындай фактылар болсо, биз ички иштер органдарына маалымат беребиз. Мисалы, бизге түшкөн бир бала сексуалдык зомбулукка кабылганын айтып берген. Окуя эки жыл мурда болгон экен. Милиция кылмышка шектүүнү аныктап, ал жоопко тартылган. Зөөкүрдүн жазалаганы биринчи кезекте бала үчүн маанилүү. Мындай жыйынтык биздин ишибизге да мотивация берет. Оор кырдаалга кабылган балдар биздеги төрт маал тамакка, жылуу-жумшак төшөккө, аң-сезимди өнүктүрүү боюнча ар кандай окуу программаларга көнө албай кыйналышат. Айрымдарын дасторкондон тамак ичүү, колун жууп же төшөккө чечинип жатуу өңдүү жөнөкөй жашоо тартиптерине үйрөтүү оор. Анткени алар үйүндө мындайга көнгөн эмес. Кээ бир балдар нандан башка эч нерсе жебейт. Биздеги ысык тамак, шорпо же салат алар үчүн өөн учурайт. Кээ бири дасторкондо калган нанды кымтып алып, төшөгүнө катып жейт”.


Адатта, тирүүлөй жетим балдар ата-эне мээриминен өксүгөнү аз келгенсип, догдурга көрүнүү, мектепте окуу өңдүү укуктардан да ажырайт. Камкорчу жок болгондон кийин алар мамлекет көрсөтчү кызматтардан куржалак калат.

Убактылуу балдар үйүндө өспүрүмдөр алты айга чейин жашайт. Ушул аралыкта бул жерде иштеген кызматкерлер балдарды ата-энеси же жакын тууганы менен жараштырууга, бириктирүүгө аракет кылат. Эгер андан майнап чыкпаса, мамлекет өз камкордугуна алып, эрезеге жеткенче балдар үйүнө жайгаштырат.

Ата-эне баласына билим жана тарбия берүүгө милдеттүү

Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган деп эсептелген Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматында, азыр Кыргызстанда балдар үчүн ачылган 137 мекеме бар. Алар мамлекеттик, менчик, муниципалдык жана диний деп бөлүнөт.

Бул мекемелерде учурда 10 800гө жакын бала жашайт. Алардын жарымы интернат-лицейлерде беш күн окуп-жашап, дем алыш-каникулда үйгө кетет. 4900 бала балдар үйүндө тарбияланат. Анын 500гө чукулу тоголок жетимдер. Алар мамлекеттин көзөмөлү астында асыроого берилет.

Министрликтин Балдарга жана үй-бүлөгө кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Тодогелдиев кыйын кырдаалга кабылган балдар үчүн акыркы 10 жылдан бери фостердик үй-бүлө программасы иштеп жатканын айтты.

Бакыт Тодогелдиев
Бакыт Тодогелдиев

“Жыл сайын биздин талаптарга жооп берген ондогон үй-бүлө атайын окуудан өтүп, оор кырдаалга кабылган балдарды убактылуу багышат. Бүгүн ушундай 74 үй-бүлөдө 150 бала багылууда. Аларга ай сайын 13 миң сомдой айлык төлөнөт. Андан тышкары ар бир балага дагы 11 миң сом бөлүнөт. Бир үй-бүлө беш балага чейин бакса болот. Үй-бүлө балдар үчүн берилген акчаны эмнеге жумшаганын тастыктаган документтер менен отчет берип турушу зарыл”.

Кыргызстандын Конституциясында ар бир ата-эне баласы 18 жашка толгонго чейин аны чоңойтуп, ага билим-тарбия берүүгө милдеттүү. Эгер бул талап аткарылбаса, Үй-бүлөлүк кодеске ылайык ата-энелик милдети чектелет же андан ажыратылат. Учурда өлкөдө ушул өңүттөгү 400гө чукул иш сотто каралууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG