96 жашында дүйнөдөн кайткан Елизавета такта 70 жыл отурду. Анын бийлиги тушунда 15 премьер-министр алмашты. Мурдагы колониялары эгемендикке жетишти. Елизавета II Британиянын тарыхында тактыда эң узак отурган ханыша болуп калды. Ал тактыга 1952-жылы 6-февралда атасы Георгий VI көз жумганда ээлеген.