Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Шинжаң: Алматыдагы акция, Эрдогандын чакырыгы


Кытайдагы мусулмандардын таламын талашкан митинг. Стамбул шаары, 1-апрель, 2021-жыл.
Кытайдагы мусулмандардын таламын талашкан митинг. Стамбул шаары, 1-апрель, 2021-жыл.

29-ноябрда Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына чыккан алты жаранды полиция күч менен кармап кеткени кабарланды. 24-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Түрк кеңешине мүчө өлкөлөрдү Шиңжаңдагы мусулмандардын абалына кайдыгер карабоого чакырды.

Шинжаңдагы саясатка каршы чыккандар кармалды

Дүйшөмбүдө Кытайдын Алматыдагы консулдугуна Шинжаңдагы туугандарын бошотуу талабы менен келген алты адамды Медеу райондук полициясы күч менен алып кетти.

Кармалгандардын бири Гүлпия Казыбек полиция алты кишини кармап кетүүгө алдын ала даярданганын "Азаттыктын" журналистине жазып жибергенге үлгүргөн. Андан соң аны менен байланыш үзүлгөн.

Акикат Калиолла Кытай консулдугунун алдында Шинжаңдагы туугандарын кайтарууну талап кылууда. Алматы, 14-октябрь, 2021-жыл.
Акикат Калиолла Кытай консулдугунун алдында Шинжаңдагы туугандарын кайтарууну талап кылууда. Алматы, 14-октябрь, 2021-жыл.

"Мени "Тез жардам" менен Калкаман кичи районундагы №7 ооруканага алып баратышат. Полиция биздин келерибизди билип, даярданып туруптур. Алар күч менен бизди машинеге түртүп киргизишти. Колум катуу ооруп жатат. Медеу райондук полициясынын имаратына дарыгер чакырылды", - деп жазган Гүлпия Казыбек.

Аны менен кошо Байболат Күнболатулы, Халида Акытхан, Жамиля Макен, Гаухар Курманалиева жана Нурзат Ермекбай кармалганы маалым болду.

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында нааразылык акциясын өткөрүп жаткан шиңжаңдыктарды өткөн жумада Медеу райондук полициясы кармап, кийин айыппул салып кое берген. Дээрлик 10 айдан бери жакындарынын таламын талашкандарды казак бийлиги административдик жазага тартып, төрт миллион теңге доого жыккан.

Бээжиндин Алматыдагы консулдугунун жана Нур-Султандагы элчилигинин алдына тынымсыз чыгып жаткандар кээде имараттын алдында түнөп да калышчу. Аларды полиция бир нече жолу кармап, кээ бирлерин 10-15 суткага камаган учурлар да болгон.

Кытайдын дипломатиялык миссиясынын өкүлдөрү аларга бир да жолу чыккан жок. Март айында Кытайдын Нур-Султандагы элчиси Чжан Сяо Шинжаңдагы камакта отургандар “Кытай жарандары” жана “Кытай мыйзамдарын бузушкан” деп билдирген. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Шинжаңдагы кырдаалды “Кытайдын ички иши” деп атаган.

Түрк кеңеши уйгурларга болушабы?

24-ноябрда президент Режеп Тайып Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынында мүчө өлкөлөрдү Шиңжаңдагы мусулман калкынын абалына кайдыгер карабоого үндөгөн.

"Биз Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном аймагындагы уйгурлардын жана башка мусулман азчылыктарынын абалына кылдат байкоо салып турабыз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, уюмубуздун уюштуруу максаттарына ылайык, бул жаатта сезимталдыкты көрсөтөт деген үмүтүбүздү дагы бир жолу баса белгилегим келет",- дейт Эрдоган.

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Бул иш-чараны утурлай Түркиянын "Улуттук кыймыл" партиясынын лидери Девлет Бахчели түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганга Орусиянын 20га жакын аймагы жана Кытайдын бир бөлүгү кошо түшүрүлгөн "Түрк дүйнөсүнүн" картасын белек кылган. Ал картада Борбор Азиядан Тажикстандан башка мамлекеттер менен Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң-Уйгур автоном округунун аймактары да түрк дүйнөсүнүн бир бөлүгү катары көрсөтүлгөн.

12-ноябрда Стамбул шаарында Түрк кеңешине мүчө өлкө лидерлеринин сегизинчи саммитинде бул бирикмени "Түрк мамлекеттер уюму" деп атоо чечими кабыл алынган.

Бүгүнкүгө чейин Түркия бир да уйгурду же башка мусулман качкындарын Кытайга депортациялаган эмес. Тескерисинче, Түркиядан башпаанек сураган миңдеген кытайлык уйгурларга жана башка мусулмандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, түрк жарандыгын алып, жашап жаткандар көп.

Түркияда азыр болжол менен 50 миңге жакын кытайлык уйгур качкын макамын алган деген божомол бар. Андан тышкары миңдеген шинжаңдык убактылуу же туруктуу жашоого уруксат же болбосо Түркиянын жарандыгын алган. 2014-2015-жылдары жүздөгөн уйгур жана башка азчылык өкүлдөрү Кытайдан Мьянма, Вьетнам, Тайланд, андан соң Малайзияга мыйзамсыз өтүп келишкен. Алар Түркиянын Куала-Лумпурдагы элчилигинде атайын документ алып, башка өлкөлөргө чыкканы да айтылып келет.

XS
SM
MD
LG