Сузакта 18-ноябрдан бери изделип жаткан тогуз жаштагы Сумаянын сөөгү дээрлик он күндөн кийин Көк-Арт дарыясынын жээгинен табылды. 4-класстын окуучусу мектепке кеткен бойдон үйүнө кайткан эмес. Милиция «киши өлтүрүү» беренеси менен иш козгоп, кылмышка шектүүлөрдү издеп жатат.