“Жазаардан мурда ойлон”... Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан укук коргоо уюму (Amnesty International) дал ушундай аталыштагы баяндамасы менен Казакстандагы интернет жана сөз эркиндигин сынга алды. Анда казак бийлиги интернеттеги сынчыл көз караштагы адамдарга каршы барган сайын агрессивдүү ыкмаларды колдонуп жатканы айтылат. Өзгөчө соңку мезгилде кабыл алынган мыйзамдар сайттарды жабууга же байланышты чектөөгө жол ачты дешет авторлор.
Эл аралык мунапыс уюмунун Орусия жана Борбор Азия боюнча Москвадагы өкүлү Александр Артемьев Казакстанда акыркы эки жылда интернеттеги эркиндик кескин чектелгенин, бул өзгөчө былтыр апрель, май айларындагы жер реформасына каршы нааразылык акцияларында байкалганын “Азаттыкка” айтты:
- Активисттердин нааразылык акцияларына катышабыз деп жазгандары аларды куугунтуктоого себеп болгону бизди өтө таң калтырды. Демонстрациялардын алдында, 16-20-май күндөрү 32 киши кармалган. Эки адам соңку эки жылда кабыл алынган мыйзамдардын негизинде беш жылга кесилди.
Өткөн жылдын ноябрында жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аян “араздашууну тутандырган” деген негизде абакка кесилген. Алар Фейсбукта өкмөттүн агрардык реформасын катуу талкууга алышкан эле.
Эл аралык мунапыс уюму «Антигептил» тобунун мүчөсү Сакен Байкеновдун окуясына да токтолгон. Ал Фейсбуктагы барагына Байкоңур космодромунан орус ракеталарын учурууга каршы пикирин жазганы үчүн эки жылга шарттуу кесилген.
Ермек Нарымбаев жана Серикжан Мамбеталин аттуу активисттер жарыяланбаган китебинин үзүндүлөрүн социалдык тармакка жайгаштырганы үчүн сот жообуна тартылган. Аларга казак элин мазактайт деген кине коюлган.
Мисал кылынган адамдардын көбүнө Кылмыш кодексинин “Жалган маалыматты таратуу”, “Социалдык, улуттук, уруулук жана диний кастыкты козутуу” беренелери боюнча айыптар тагылган.
Уюмдун өкүлү Александр Артемьев мындай жагдайдын кесепетин эскертти:
- Жабыркагандардын саны өтө көп деп айтпайбыз. Бирок бул бир гана конкреттүү адамдардын укугун бузбастан, социалдык тармактардагы өзүн-өзү чектөө көрүнүшүнө таасирин тийгизип жатат. Адамдар өзгөчө бийлик жөнүндө жазарда өздөрүн чектей башташат. Бул жагдай тынчсыздануу жаратат. Мындан улам биз казак бийлигине кайрылып, өз пикирин эркин билдиргендерди административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартпоого чакырабыз.
Эл аралык уюмдун соңку баяндамасы боюнча казак бийлиги үн ката элек. Өткөн жылы Казакстандын бир катар мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, бийлик бул кадамын террорчулукту алдын алуу аракети катары мүнөздөгөн.
Маселен “Байланыш жөнүндө” мыйзамга ылайык, атайын кызматтын өкүлдөрү соттун чечими жок эле телефон байланышын же социалдык түйүндөрдү чектеп коюуга мүмкүнчүлүк алган. Алматынын адвокаттар коллегиясынын мүчөсү Жохар Утебеков ал өзгөрүүнүн маңызын түшүндүрүп берген эле:
- Мыйзамда жазылгандай, эми Коопсуздук комитети байланышты түз эле өчүрүп коё алат. Башкы прокуратуранын билдирүүсүнөн башка эч бир тарап болгон окуяны элге түшүндүрбөйт.
Бирок Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети бүтүндөй интернет түйүнүн чектебей турганын, коопсуздукка шек келтирген адамдарды гана көзөмөлгө аларын билдирген.
Интернеттин жайылышы боюнча Казакстан Борбор Азияда биринчи орунда турат. Айрым булактар көрсөткөндөй, бул өлкөдө мобилдик интернетти кошкондо калктын кеминде жарымынан көбү дүйнөлүк желеге кошулган.
Президент Нурсултан Назарбаев чейрек кылымдан ашык убакыттан бери башкарып келе жаткан Казакстан “Фридом Хаус” уюмунун рейтигинде сөз эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн катарында турат. Бирок бийлик эл аралык уюмдардын сындарын четке кагып, өлкөдө демократиялык процесстер жүрүп жатканын кайталап келет.