Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:41

Украинада лейтенант Окуеваны өлтүргөндөр кармалды


Амина Окуева. Киев. 25-ноябрь, 2015-жыл.
Амина Окуева. Киев. 25-ноябрь, 2015-жыл.

Украинанын ички иштер министри теги чеченстандык Амина Окуеваны өлтүргөн адамдардын тобу кармалганын билдирди. Министр Арсен Аваков бул тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Окуева 2017-жылдын октябрь айында күйөөсү Адам Осмаев менен машинада баратканда белгисиз бирөөлөрдүн аткылоосуна кабылып, октон курман болгон.

Осмаев жаракат алып, тирүү калган. Ал Орусияда президент Владимир Путиндин "өмүрүнө кол салууга аракет кылган" деп айтыпталып жүрөт.

Аваковдун билдирүүсүнө караганда полиция окуя болгон жерге таштап кеткен курал-жарак аркылуу кылмышкерлердин сары изине түшкөн. Канча адам кармалганын министр тактаган жок.

Окуева Киевдеги Евромайдан окуяларында медик катары жабыркагандарга жардам көрсөткөн. Кийин күйөөсү менен бирге Донбасстагы орусиячыл козголоңчуларга каршы согушкан. Ал Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн лейтенанты болчу. Окуеванын өлүмүнөн кийин Украина прокуратурасы “буйрук менен адам өлтүрүү” деген берене боюнча кылмыш ишин козгогон. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Окуеванын өлүмүн украиналык атайын кызматтар “Орусияга шылташ үчүн” уюштурушканын айтып, бирок эч кандай далилдерди келтире алган эмес.

XS
SM
MD
LG