Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:07

Болсонару менен Макронду айтыштырган өрт


Амазон токойлорундагы өрт. 24-август, 2019-жыл
Амазон токойлорундагы өрт. 24-август, 2019-жыл

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару Амазон токойлорундагы өрттү өчүрүү үчүн “Чоң жети” сунуш кылган 22 миллион доллар жардамды алууну караштыра турганын билдирди. Бирок анын алдында Франциянын мамлекет башчысы Эммануэль Макрондон аны “калпычы” деп атаган сөзүн артка алууну талап кылды.

Президент Жаир Болсонарунун басма сөз катчысы Отавио Рего Барроза Бразилия "Чоң жетинин" сунушуна “ачык” экенин 27-августта бышыктады.

Анын алдында эле расмий Бразилиа чукул жардамды четке кагып, француз президентине “өз үйү жана колониялары” менен алектенүүгө кеңеш берген.

Үстүбүздөгү аптада Макронго каршы чабуулду күчөткөн Болсонару француз мамлекет башчысы анын дарегине айтылган “акаарат сөздөрүн” артка алса, жардам алуу маселесин талкуулоого даяр экенин айтты.

Франциянын Эл аралык Радиосунун (RFI) жазганына караганда, Бразилия прагматикалык позицияны ээлегендей. Бийлик 22 миллион доллар алууга макулбуз, бирок токойду коргоо үчүн чөлкөмгө “эл аралык макам берүү” аракети көрүлбөшү керек", - деген шарт койду.

Амазон токоюна эл аралык макам берүү сунушун Франциянын президенти Эммануэл Макрон киргизген.

Президент Болсонару. 21-август 2019-жыл. Бразилия.
Президент Болсонару. 21-август 2019-жыл. Бразилия.

"Кудай буюрса, бардыгыбыз биригип, калган дүйнө аракеттерибизге канааттангандай кылып кырдаалды жөнгө салуу жолун табабыз. Макрондой ой жүгүрткөн адамдар өздөрү туш болгон абалдан чыгууга аракет кылардын алдында эки же үч жолу ойлонушу керек. Өз өлкөсүндө рейтинги төмөндөп жаткан кезде ал бизге зыян келтирүүнү каалайт", - деди Болсонару, шейшемби күнү бразилиялык расмий адамдар менен жолуккан учурда.

Болсонару менен Макрон бир нече күндөн бери кер-мур айтышып жатат. Франциянын мамлекет башчысы тропикалык токойлордун күйүп жатышын “эл аралык кризис” деп сыпаттап, "Чоң жетинин" Биарриц шаарында өткөн саммитинде бул маселеге кайрылууга чакырган.

Президент Макрон "Чоң жетинин" саммити маалында. Биарриц, 25-август 2019-жыл
Президент Макрон "Чоң жетинин" саммити маалында. Биарриц, 25-август 2019-жыл

“Биздин үйүбүз өрттөнүп жатат. Амазон токойлору – дүйнө жүзүндөгү кычкылтектин 20% өндүргөн планетанын өпкөсү”, - деп жазган Макрон "Твиттерге".

Президент Бразилия бийлигинин өрттү ооздуктоо аракеттерин да сындаган.

Ал эми Болсонару сынга жооп берип, Макрон Амазондун “суверенитетине” шек келтирүүдө деп, Франциянын биринчи айымы Бриджит Макрондун сырткы келбетине чейин асылып, шылдыңдаганга жетишти.

Ошондон кийин Макрон Болсонаруну айлана-чөйрөнү коргоо милдеттенмелерин алып, бирок аткарбай койгон “алдамчы” катары сыпаттады. "Бразилиялык аялдар президентинен уялса керек", - деди.

Биаррицтеги саммиттен соң "Чоң жетинин" лидерлери өрткө каршы күрөшүүдө логистикалык жана финансылык жардам үчүн 22 миллион долларды “дароо” бөлүүгө макул болушкан.

Амазон токойлору бир нече айдан бери өрттөнүп жатат. Өрт кургакчылыкта көнүмүшкө айланганы менен, айлана-чөйрөнү коргоочулар жайыт аянттарын кеңейтүүнү көздөп атайын өрт койгон дыйкандар көбөйгөнүн да белгилешет.

27-августта Перу менен Колумбия Амазон аймагындагы өлкөлөрдүн президенттерин эмки айда чогулуп, Бразилия менен Боливияда токойлорду аймап жаткан тилсиз жоого каршы күрөшүү маселесин талкуулоого чакырышты.

Бирок Боливиянын солчул президенти Эво Моралес чукул жыйынды ушул жума күнү өткөрүүгө үндөп, ошол эле маалда айрым мамлекеттер идеологиялык себептерден улам кризиске кайдыгер карап жатканын билдирди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG