Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:57
Жо Байден ант берип жатат
Жо Байден ант берип жатат

Жо Байден - АКШнын 46-президенти

АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.

Салтанатты даярдоо үчүн жооп берген комитеттин төрагасы, республикачы мыйзам чыгаруучу Рой Блант коопсуздук үчүн жооп берген адамдарга ыраазычылыгын айтты.

Өз сөзүндө АКШнын пайдубалын түзгөн демократиялык принциптерге токтолуп, Ант берүү аземдери 1789-жылдан бери өткөрүлүп келатканын белгиледи.

Белгилүү ырчы Леди Гага деңиз аскерлеринин музыканттарынын коштоосунда АКШнын улуттук гимнин аткарды.

Камала Харрис колун Инжилге коюп, вице-президент катары ант берди.

Жо Байден Жогорку соттун төрагасы Жон Робертстин маңдайына туруп, оң колун жогору көтөрүп, сол колун аялы кармап турган Инжилге коюп, мамлекет алдында ак дилден кызмат кылууга, Конституцияны коргоого ант берди.

Жо Байден жана Биринчи айым Жилл Байден. 20-январь, 2021-жыл.
Жо Байден жана Биринчи айым Жилл Байден. 20-январь, 2021-жыл.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG