Тайвандын өкмөтү Кытай "аралга кол салууга даярдык көрүп, ири аскердик машыгуу өткөрүп жатканын билдирди. Бээжин машыгууларды "чагымчылдарга" жана "Тайвандагы жикчил күчтөргө эскертүү" деп атоодо.
Тайвандын тышкы иштер министри Жозеф Ву эл аралык коомчулукту өздөрүн колдоого чакырды.
"Алар ири аскердик машыгууларды өткөрүп, ракеталарды учуруп, киберчабуулдарды уюштуруп, жалган маалымат таратып, тайвандыктардын демин түшүрүү үчүн экономикалык басым жасап жатат",- деди Ву.
Буга чейин ал CNN каналына курган маегинде Кытайдын бул жолку коркутуп-үркүтүүсү олуттуу экенин, бирок арал өз эркиндигин жана демократиясын коргоо үчүн бекем турарын билдирген.
Кытай АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасын спикери Ненси Пелосинин Тайванга жасаган сапарына жооп чара катары аскердик машыгууларды баштаганын 4-августта жарыялаган. Анткен менен Жозеф Ву бул жөн гана шылтоо деп эсептейт.
"Пелоси келсе, келбесе деле Кытайдын коркутуп-үркүтүүлөрү ар дайым болуп келген. Бул факт",-дейт ал.
Кытайдын аскердик машыгуулары 7-августта аякташы керек болчу. Бирок Бээжин 8-августта анын мөөнөтүн узартып, жаңы машыгууларды баштаганын жарыялады.
9-августта Тайвандын Коргоо министрлиги Кытайдын 16 согуштук учагы аралдын абадан коргонуу аймагына кирип, Тайван булуңундагы атайын чийинден өтүп кетишкенин кабарлады.
Тайванды "өз алдынча бөлүнүп кеткен жана керек учурда күч менен аннексиялап алса болот" деген Кытай АКШнын жогорку даражалуу өкүлүнүн аралга келишин кескин айыптап, анын сапарына каршы уюштурулган жооп чараны мыйзамдуу деп эсептейт.
"Пелосинин Тайванга кара ниет сапарына жасалган жооп чаралар туура кабыл алынган, ойлонулган жана мыйзамдуу кадам. Бул чагымчылдарга эскертүү жана тайвандык жикчил күчтөргө эскертүү. Дүйнөдө бир эле Кытай бар, ал эми Тайван анын ажырагыс бөлүгү", - деди Кытайдын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Ван Вэнбин.
АКШ президенти Жо Байден 8-августта машыгуулардын активдүү өтүшүнө тынчсызданып жатканын, бирок олуттуу бир нерсе кылат деген ойдон алыс экенин айтты.
Нэнси Пелоси Тайванга 3-августта барган. Ал президент жана бир катар мыйзам чыгаруучулар менен жолугуп, Вашингтон Тайванды колдоодон баш тартпай турганын билдирген. Пелоси АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Ньют Гингричтин 1997-жылкы сапарынан кийин аралга келген экинчи спикер болуп калды.
1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган Гоминдан партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын өзүнүн борбору деп санайт.
Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Алардын арасында АКШ жок.
Тайвандын тышкы иштер министри Жозеф Ву оор күндөрдө алдыга оптизм менен карайт.
"Демократия жеңет. Эгер авторитаризмге карасаңар, ал туруктуу эмес экенин көрөсүңөр. Ал күчтүү жана жайылып бараткандай сезилиши ыктымал. Бирок, андай эмес. Кайсы бир убакта сынып калышы мүмкүн",-дейт Ву.
Айрым эксперттердин пикиринде, Кытай жакынкы келечекте Тайванга кол салбайт. Алар азыр Кытайдын лидери Си Цзинпинге кризистин кереги жок деген ойдо. Быйыл күздө өтө турган Коммунисттик партиянын XX курултайында төрага Си Цзинпиндин үчүнчү мөөнөтүндө калтыруу планы даярдалганы кабарланып келет. Ага ылайык, Си Цзинпин бийликтеги мөөнөтүн дагы узартып, үчүнчү ирет шайланары күтүлүп жатат. Буга Кытайдын Баш мыйзамы да жол берет.
2018-жылы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Кытайдын төрагасы болгон Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин баш катчысынын башкаруу мөөнөтү чектелбейт.
Си Цзинпин азырынча өзүнүн мураскерин атай элек. Ошондуктан ал бери дегенде 2027-жылга чейин бийликте болору күтүлүүдө.
Ал Кытайды 2012-жылдан бери башкарып келет. Андан бери Шинжаңда, Тибетте жана Гонконгдо саясий, диний жана этникалык мүнөздөгү куугунтуктоолор менен репрессия күчөгөнү белгилүү.