Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:44

АКШ: Куралчан кишинин кол салуусу кеминде 22 кишинин өмүрүн кыйды


АКШ, Мэн штаты. 25-октябрда тартылган сүрөт
АКШ, Мэн штаты. 25-октябрда тартылган сүрөт

АКШнын Мэн штатындагы Льюистон шаарында куралчан кишинин ок атуусунан кеминде 22 кишинин өмүрү кыйылып, 50дөн ашууну түрдүү жараат алды. Кылмышка шектүү азырынча кармала элек. Полиция элди этият болууга жана көчөгө чыкпоого чакырды.

Шектүүнүн тек-жайы такталган, ал 40 жаштагы Роберт Кард болуп чыкты. Полиция анын курал кармап турган сүрөтүн жарыялады жана өтө коркунучтуу кылмышкер катары сыпаттады.

АКШ полициясы тараткан сүрөт
АКШ полициясы тараткан сүрөт


Ок атылганы тууралуу полицияга Schemengees ресторанынан жана Sparetime Recreation боулинг-холлдон маалымат түшкөн. Эки жайдын ортосундагы аралык 6,5 чакырымды түзөт жана машина менен 10 мүнөттө жетсе болот.

Ак үй куралдуу кол салуу тууралуу порезидент Жо Байденге маалымат берилгенин, ал ыкчам маалыматтарды алып турганын билдирди.

Роберт Кард. Полиция тараткан сүрөт
Роберт Кард. Полиция тараткан сүрөт

X социалдык тармагы аркылуу тараткан маалыматта Мэн штатынын полициясы: "Льюистондо куралдуу адам ок атып жүрөт. Үйдө болуп, эшиктерди бекитип отуруңуздар. Коопсуз жайда жашынып турууңуздарды суранабыз", - деп жазган.

Макала дагы толукталат.

XS
SM
MD
LG