Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:33

АКШ Киевге заманбап куралдарды берет


Вашингтон Киевге дагы 325 миллион долларлык аскердик жардам берет. Ал Орусиянын агрессиясына каршы Украинанын муктаждыктарына ылайык жеткирилмекчи. Москвага буга пикир билдирген жок.

Ак үйдөгү сүйлөшүү

АКШнын расмий маалыматында, Вашингтон Украинага жакынкы айларда Hawk абадан коргонуу системасын жөнөтөт. Кийинки аптада Киевге Abrams танктарынын биринчи партиясы жиберилет.

21-сентябрда президент Жо Байден украин лидерин Ак үйдө кабыл алганда согуш шартындагы кызматташтык, Киевге эл аралык жардам көрсөтүү маселесине токтолду:

"Украинадагы биздин өнөктөштөр менен бирге миллиондогон кишиге тамак-аш, таза суу жана башка гуманитардык жардам жеткирдик. "Чоң жетиликтеги" жана башка союздаштар менен биргеликте Украинанын коопсуздугун камсыздоо үчүн узак мөөнөттүк милдеттенмелерди алуу жагынан иш баштадык. Андыктан биз тынчтыктын орношун жана Украинанын эгемендигин, аймактык биримдигин колдойбуз".

Abrams танкы
Abrams танкы

Кошмо Штаттардын бийлиги Украинага 325 млн долларлык жаңы аскердик жардам жөнөтөрүн, анын ичине Avenger абадан коргонуу системасы, HIMARS ракеталык комлексине ок-дарылар жана башка курал-жабдык кирерин АКШнын Коргоо министрлиги да жарыялады.

Жаңы аскердик жардамга Киев сурап жаткан алыска атылуучу ATACMS ракеталары кирген жок. Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливандын айтымында, АКШ президенти "азырынча ATACMS ракеталарын жөнөтпөй турууну чечти, бирок бул маселени күн тартибинен алган жок".

Америкалык NBC News Ак үйдөгү үч жана Конгресстеги бир ишенимдүү булагына таянып, Вашингтон Киевге алыска атылчу ATACMS ракеталарын бермей болгонун жума күнү кабарлады. Бирок аны украиндер качан алары айтылбайт. Байден менен Зеленский жолукканда ченелүү гана сандагы ракета берилери тууралуу кеп болгон.

Киев бир нече айдан бери орус армиясынын мизин кайтарууга мындай курал сураганы менен Пентагон ATACMS ракеталарынын саны чектелүү экенин жүйө кылып, аны жардам пакетине кошкон эмес. Ошондой эле америкалыктар Украинадагы уруштун ырбап кетишинен дагы чочулаган.

Украин жоокерлери ATACMS ракеталары украиндерге Орусиянын курал-жабдык сактаган камапаларына, камсыздоо борборлоруна, командалык пунктарына алыстан туруп, таамай сокку ура алат.

АКШнын арсеалында ATACMS ракеталарынын 160дан 300 чакырымга чейин уча турган бир нече модели бар.

Владимир Зеленский Киев менен Вашингтон "курал-жарак жана коргонуу системаларын чыгарууда чогуу кызматташарын" айтты.

“Курал-жарак тууралуу сүйлөшүүлөргө келсек, ал биздин өлкөлөр жана жалпы эле дүйнөнүн кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлөт. Биз айрыкча абадан коргонууга көңүл бурабыз”, - деди украин лидери.

Байден менен Зеленскийдин сүйлөшүүсү жана кезектеги аскердик жардам тууралуу Москва комментарий бере элек.

Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкандан бери Вашингтон Киевге жалпысынан 43,9 млрд долларлык аскердик жардам көрсөттү. НАТО өлкөлөрү миллиарддаган доллар аскердик, финансылык жана гуманитардык жардам берди. Германия 22 миллиарддан ашык, Улуу Британия 15 миллиардга жакын доллар бөлгөн. Башка өлкөлөрдөн келген жардам салыштырмалуу азыраак.

Зеленский жана Трюдо Канада парламентинде.
Зеленский жана Трюдо Канада парламентинде.

Зеленский АКШдан кийин 22-сентябрда Канадага барды. Ал премьер-министр Жастин Трюдо менен жолугуп, парламентте сөз сүйлөдү.

Трюдо Канада "Украинанын бейпилдигин камсыз кылуу үчүн 650 миллион канада доллар (482 миллион АКШ доллары) бөлөрүн белгиледи. Бул сумманын алкагында Канада Украинага Leopard танктарын жеткирип, союздаштары берген танктарды тейлөө жана оңдоону камсыздайт. Трюдо ошондой эле Канада Украинага F-16 машыктыруучу учактарын жөнөтө турганын жарыялады.

Сокку уруу токтогон жок

Ал арада орус армиясы Украинага сокку урууну улантууда. Херсон облусунун башчысы Александр Прокудин 22-сентябрда эртең мененки аткылоодо 25 жаштагы жергиликтүү тургун мүрт кетип, дагы бир киши жараат алганын билдирди.

Ушул күнү Донецк облусунун Курахово шаарына ракеталык сокку урулганда, 16 адам жарадар болду. Украинанын Башкы прокуратурасы орусиялык күчтөр эки кабаттуу турак жайды бутага алганын маалымдады.

Далилдүү көрсөтмөлөргө карабай, Москва Украинада карапайым калк аткыланганын танып, аскердик объектилерге гана чабуул коюп жатканын билдирүүдө.

Донецк облусунун тургуну согушта талкаланган үйүн көрсөтүп жатат. Иллюстрация.
Донецк облусунун тургуну согушта талкаланган үйүн көрсөтүп жатат. Иллюстрация.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Севастополдогу Кара деңиз флотунун штабына 22-сентябрда ракеталык сокку урулганын, бир аскер мүрт кеткенин кабарлады.

"Ракеталык чабуулдун мизин кайтарууда абадан коргонуу системасы беш ракетаны атып түшүрдү. Кол салуунун жыйынтыгында Кара деңиз флотунун тарыхый штабы жабыркады. Маалыматка караганда, бир аскер мүрт кетти", - деп билдирди министрлик.

Алгач окуя тууралуу кабарлаган Севастополдун Москва дайындаган мэри Михаил Развозжаев ракеталык соккуда Луначарский атындагы Севастопол драма театрынын жанына "ракетанын сыныгы" түшкөнүн Телеграм-каналга жазган.

Крым.Реалии сайтынын кабарчысы билдиргендей, үч катуу жардыруунун добушу угулган. Жарым аралды Орусия менен байланыштырган негизги Крым көпүрөсүндө кыймыл убактылуу токтотулду.

Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын Кара деңиз флотунун штабына сокку урулганын ырастады, бирок кошумча маалымат берген жок.
Аннексияланган Севастополдогу Кара деңиз флотунун штабына сокку урулган учур
Аннексияланган Севастополдогу Кара деңиз флотунун штабына сокку урулган учур

Орусия былтыр 24-февралда Украинага кол салган. Муну Москва "атайын операция" деп атайт. Дүйнө коомчулугу Кремлди агрессор катары айыптап, согушту токтотууга чакырып келет.

БУУнун быйыл сентябрдын башындагы эсеби боюнча согуш башталгандан бери украиналык 9600дөн ашуун карапайым тургун набыт кетип, 17 500дөн көбү жараат алды. Уюм курмандыктардын жана жарадарлардын саны мындан көп болушу мүмкүн экенин белгилейт.

XS
SM
MD
LG