Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:50

Өзбекстанга качкан оогандардын аягы тыйыла элек


Ооган качкындары Европага чейин жетти. Польшанын чек арасында кармалган качкындар.
Ооган качкындары Европага чейин жетти. Польшанын чек арасында кармалган качкындар.

Ооганстандык качкындар Амударыяны кечип, Өзбекстандын аймагына кирүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундарга таянып, "Азаттыктын" өзбек кызматы жазып чыкты.

Ооганстандан Өзбекстанга качып киргендердин саны эселеп көбөйүүдө. Мурзабад районунун тургуну жекшембиде качкындардын кезектеги тобу өтүп, жергиликтүү тургундардан тамак-аш сурашканын айтып берген.

"12-сентябрда болжол менен түнкү саат экилерде бир нече ооган чек арадан өтүп келгени кабарланды. Кечинде алар жергиликтүү үйлөрдүн эшиктерин каккылап, нан сурашкан. Чоочуп кеткен үй ээси кыйкырып, коңшуларын жардамга чакырган. Аймакта жүргөн аскерлер сегиз ооганды кармаганы айтылды. Азыр алар Музрабаддын көчөлөрүн күзөтүп жүрүшөт", – деди тургундардын бири.

Музрабдыктар ооган качкындары дээрлик күн сайын чек арадан мыйзамсыз өтүп келгенин жашырышпайт.

"Ооган качкындары дээрлик күн сайын чек арадан мыйзамсыз өтүп, аларды биздин аскерлер кармап жатканы айтылууда. Маалыматтарга караганда, алар түнкүсүн дарыядан сүзүп өтүп жатышат. Кармалгандар атайын лагерлерге жеткирилип, тамак берилгенден кийин кайра Ооганстанга кайтарылууда. Алар аскерлер же талибдер эмес, жөнөкөй оогандар экени айтылууда", – деди жергиликтүү тургун.

Ал эми Термез шаарынын тургуну "Озодлик" радиосуна билдиргендей, өзбек-ооган чек арасында аскер жана полиция кызматкерлеринин саны көбөйгөнү байкалууда.

"Термездеги "Тынчтык" чек ара аймагында чоң көрүстөн, пахта жана буудай өскөн талаа бар. Бир убакта жергиликтүү аткаминерлер ал жерге өздөрү күнөскана курушкан. Алардын айтымында, оогандар буга чейин деле бизге ушул жер аркылуу кирип жүрүшүптүр. Азыр ал жерге күзөтчүлөр коюлуп, мунара орнотулду. Ага карабастан, кээ бир оогандар биздин аймакка ушул жер аркылуу кирет экен. Өзбек бийлиги азыр чек аранын ооган качкындары кире турган бөлүктөрүнө бетон шыптарды орнотууда. Аскер жана полиция кызматкерлери жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө барып, дарбазаларын жабууну эскертип жатышат. Көчөдө аскерлер көп жүрөт", - деди термездик тургун.

Өзбек бийлиги азырынча Ооганстан менен чек арасындагы акыркы абал боюнча расмий комментарий бере элек.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, учурда ооган-өзбек чек арасы толук жабык, "Термез" көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу эч ким өткөрүлгөн жок. Мекеме буга чейин Өзбекстан талибдерден качкан ооган жарандары үчүн чек арасын ачууга даяр экендиги тууралуу маалыматтарды четке каккан эле.

"Азаттык" радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, бүгүнкү күндө Өзбекстан өз аймагына өзбек визасы бар ооган жарандарын гана киргизүүдө.

Буга чейин Өзбекстандын аймагына кире качкан оогандык учкучтар АКШнын Бириккен Араб Эмираттарындагы базасына жеткирилип жатканы кабарланган. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жекшембиде республикачыл сенатор Огюст Пфлюгердин кеңсесине таянып жазды. Басылма Вашингтон учкучтар боюнча Ташкент менен келишимге жетишкенин маалымдаган эле. Макалада айтылгандай, “Талибан” учкучтар менен учактарды өткөрүп алуу үчүн Өзбекстанга кысым көргөзүп келди. Өз кезегинде Ташкент учкучтар үчүн талибдер менен мамилесин бузгусу келбей, АКШдан бул маселени эртерээк чечүүнү суранган.

Мурдараак расмий Ташкент "Ооганстандын жаңы мамлекеттик органдары менен конструктивдүү диалогдо болгонун жана өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө" даяр экенин билдирген.

Ал эми талибдер өзбек бийлигинин бул билдирүүсүн жогору баалап, кыймылдын жетекчилеринин бири Анас Хаккани “Биз Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин Ооганстандын өткөөл өкмөтүнө карай таштаган оң кадамын сыйлайбыз”, - деп "Твиттерге" жазган.

15-августта "Талибан" кыймылы Кабулдагы өкмөттү кулатып, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аяктаганын жарыялаган эле. Президент Ашраф Гани ошол күнү Ооганстандан чыгып кеткен.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG